Алия Шагиева: Кыялдар орундалат! Башкысы – аларды туура калыпка салуу кажет

Кээде көгүш, а кез-кезде күңүрт көк мейкиндиктин чексиздигинде калган кайыкмын мен. Мени токой дарактарынан жасаган устанын табити да кызык эле. Аны белгилүү майрамдарга да сейрек чакырышчу. Кайсы бир сырдуу кездемеден ал мага айрым сүйүктүү калемдеримди жан дили менен сактаган чөнтөкчө тигип берген.

Ал куралдарды мен ырахаттануу менен пайдаланам. Бирок балалык чакта калыптанып калган шарттуулуктарды кээде баштан чыгарып салуу оорго турат. Бактыга жараша, азыр асман ылдыйда, а жер өйдөдө болорун, сегиз манжа, а кулактан отуз экөө чыгарын билем. Акылга сыйбас аракеттердин ачыкка чыгышына жол бергениңде баардыгы мүмкүн, эч нерсе жаман эмес да, эч нерсе жакшы эмес. Балким эң татаалы – өзүңө өзүң ишенүү ушундадыр. Ойлонуудан баш тартып, өзүңдү баалабай калуу, анык жүзүңдү сырттан гана байкап туруу оңой эмес. Буга аракеттенип гана үйрөнүү керек жана бул ага арзыйт.

Чана тээп жаткан балдардын сүрөтүн керебетимдин жанына тартып койгонумда, мен беш жаш чамасында элем. Ой анда апамдан тил укканымчы. Дал ошол күнү эле: “Чоңоем да, эмне болсо баарын тартып салам!” деп өзүмчө катуу чечим кабыл алдым. Мына эми, акыркы бир канча күндөн бери ошол балалык кыялымды ишке ашыруунун үстүндөмүн. Кандай гана ырахатты сезип жатканымды сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Бул сүрөт үчүн эч кандай эскиздерди даярдаган эмесмин жана эч нерсени пландаган жокмун. Мен болгону бир колума кыл калемди, экинчи колума боекторду алдым да, өзүнөн-өзү болуп жаткан нерсени гана ээрчип отурдум. Кайсы бир элементтин кооз же кооз эместигин ойлонууга өзүмө жол берген жокмун. Мен болгону байкап жана кабыл алып жаттым. Бул сүрөт – ошол мен айтып жаткан так ишеничтин үлгүсү.

— Чын эле менин дубалдарга чиймелеп тартып салуумду каалап турасыңбы? Мен ички туюмум менен тартууну көздөп жатам. Андыктан эмне болсо да чыгып кетүүсү мүмкүн! – деп жайында ачылышы боло турган бир борбордун ээси Ксюшага эскерткеним бар. Бул борбордо йога боюнча сабактар болот, төрөткө даярдануу, психологдун кеңеши сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт. Баса, ушул эле борбордо мен сүрөттөр боюнча мастер-класс өтүп тура алам. Ошондой эле вегетарианчылык жөнүндө да жолугушууларды уюштуруп, өзүмдүн байкоолорум жана тажрыйбаларым менен бөлүшө алам.

Кыялдар орундалат! Башкысы – аларды туура калыпка салуу кажет.

Булак: https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1944202359198739&set=a.1379170675701913.1073741828.100008269804656&type=3&theater