Темир Сариевдин шайлоо алдындагы штабын Эльмира Ибраимова жетектейт

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Эльмира Ибраимова Темир Сариевдин шайлоо алдындагы штабын жетектейт. Бул тууралуу “Акшумкар” партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Саясий партия Эльмира Ибраимованын мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол, ошондой эле, саясий элитанын жана кеңири коомчулуктун арасында кадыр-баркы жогору деп эсептейт.