Кыргызстан менен Ливан ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү

Кыргызстан менен Ливан мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлдү. Биргелешкен Коммюниккеге Нью-Йорк шаарында кол коюлду. Ага БУУнун алдындагы Кыргызстандын жана Ливандын туруктуу өкүлдөрү Миргүл Молдоисаева жана Наваф Салам кол коюшкан. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Биргелешкен дипломатиялык мамиле туралуу документте БУУнун жана эл аралык укуктун принциптеринин уставына ылайык дүйнөдөгү коопсуздук, өлкөлөр аралык теңчилик, улуттук эгемендүүлүктү сыйлоо, мамлекеттин аймактарында бүтүмдүктү сактоо, эл аралык келишимдерди аткаруу жана өлкөнүн ички маселесине аралашпоо жазылган.

Аталган документке кол коюлгандан кийин эки тараптуу жолугушуу болуп, тараптар БУУнун алкагында кызматташууну бекемдөө өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.