Ош-Ысык-Көл-Ош авиакаттамы ачылды

Бүгүн, 30-июнда бул жылдын эсебинен биринчи жолу Ош-Ысык-Көл-Ош авиакаттамы ишке ашты. Анда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Кыргызстандын түштүгүнөн келген 94 жүргүнчүнү кабыл алды. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматынан билдирди.

Ош-Ысык-Көл-Ош авиакаттамы жумасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү жүрөт. Аны Кыргызстандын  «Tez Jet» авиакомпаниясы ишке ашырат.

Жума күнү саат 10:25те конуп, 11.30да учат. Ал эми, жекшемби күнү 18.10до конуп, 19.00дө учат.