Россияда мигранттарды текшерүү токтоду
Дүйнө жүзүндө былтыр башталган пандемия көпчүлүк өлкөлөрдү экономикалык каатчылыкка кептеп, тышкы миграциянын күчөшүн шарттады.
Өлкөлөр аралык каттамдар ачылары менен жумушсуз отурган кыргыз жарандары кайрадан чет өлкөлөргө жумуш издеп агылууга аргасыз болду. Мындай абалдан пайдаланып бир катар авиакомпаниялар билеттин баасын кескин көтөрүшүп, каржалган элди ого бетер түйшүккө салышты. Айрымдар акыркы малын сатып же мүлкүн күрөөгө коюп билет алууга аргасыз болушту. Статистикалык маалыматтарга таянсак, тышкы мигранттарыбыздын басымдуу бөлүгү Россияда. Жаз айларынан тартып Россиядаы жүз миңден ашуун кыргызстандык мигрант эрежелерди сактабай жүргөндүктөн депортация коркунучуна туш болгон. Россиядагы мигранттардын жашоосуна кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал да кайсы бир деңгээлде өз таасирин тийгизбей койгон жок. Санкт-Петербург жана Москва шаарларында бир нече жылдан бери жашап, иштеп жүргөн травматолог хирург Анвар Алымкуловдун айтымында, кыргыз-тажик жаңжалы чыккан учурда кыргыз мигранттары жашаган үйлөр да текшерүүгө алынган. Ошондой эле мурда кыргыз жарандары кечки убактарда ээн эркин көчөлөрдө жүрө алышса, Баткендеги куралдуу кол салуудан кийин кечкурун көчөлөрдөн, метродон да укук коргоо органдары текшерип, документтерин талап кылып баштаган. Мындан сырткары А. Алымкулов кыргыз мигранттарынын арасында кимдирбирөөлөр тарабынан алданып жумушсуз калгандары да, иштеп айлык акысын ала албай жүргөндөрү да, ошол эле учурда сыркоолоп же кокустукка кабылып, дарыланууга каражаты жок, Кыргызстанга кайтып келе албай жүргөн мекендештерибиз да жок эмес экендигин айтып, Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынан соң кыргыз мигранттарын мурдагыдай катуу текшерүүлөр токтогонун кошумчалады. Буга чейин депутат Бурун Аманова Бишкек менен Москванын ортосунда сүйлөшүү жүргүзүү зарылдыгы келип чыкканын айтып, Россия тарап мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө мөөнөт койгонун жана парламентке мигранттар кайрылып, мунапыс киргизип берүүнү суранганын билдирген. Эске салсак, Россиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында мигранттарга байланыштуу бул уюмга мүчө айрым өлкөлөргө эскертүү берген. Ал өз сөзүндө “Силердин көптөгөн жарандарыңар бүгүн менин өлкөмдүн аймагында мыйзамсыз жүрөт. Эгерде биз силер менен алардын санын кыскартпасак, президенттин буйругунда көрсөтүлгөндөй, бул адамдар жазага тартылып, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат”, – деген. Андан көп узабай Душанбе шаарында миграциялык көйгөйлөр боюнча Тажикстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин жана миграция кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өткөн. “Кара тизмеге” кирген мигранттардын депортацияланышы жана быйылкы жылдагы миграциянын агымы ж.б. суроолор боюнча маалымат алуу максатында Миграциялык кызматтын директорунун орун басарына кайрылганыбызда, ал учурдагы талапка ылайык Тышкы иштер министрлиги маалымат бере ала тургандыгын айтты. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Москвадагы Кыргызстандын атташеси жооп берет деген жообун берди. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын Москвадагы элчилиги административдик мыйзам бузганы үчүн бул өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген кыргызстандыктар талапты аткарууга тийиш экенин белгилеген. Россиянын мыйзамдарына ылайык, миграциялык эрежелерди сактабаган чет өлкөлүктөр административдик жоопко тартылат. Анда 1-2 мыйзам бузууга айып пул же эскертүү каралган, эгер андан ашса ал адам өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» илинет. Россияда Азербайжандын 120 миңден ашуун жараны, Армениянын 61 миңдей, Казакстандын 49 миң, Тажикстандын 247 миң, Өзбекстандын 332 миң, Украинанын 152 миң, ал эми Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүргөнү белгилүү болгон. Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында “кара тизмеге” кирген 64-65 миңдей кыргызстандык жаран Россиядан чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынган. Ал эми Горовой айткан 115 миң кыргызстандык миграциялык документтерин мыйзамдаштырбаса, «кара тизмеге» алынып, алар да өлкөдөн чыгарылат. Москвадагы Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча Россияда 600 миңден ашуун жаран миграциялык каттоого турса, анын жарымы эмгек келишими менен иштеп жатканы тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигине кабар берген. Мындан тышкары студенттер, дарыланууга келгендер жана жеке сапарлар менен келгендер бар