Профессор Алмазбек Исманкуловдун госпиталы – Кыргызстан медицинасынын сыймыгы

“Сулуунун көркүн бөз ачат, адамдын көркүн сөз ачат, ал эми ааламдын көркүн көз ачат”,-деп бекеринен айтылбаса керек. Табияты кооз айлананы, нурун чачкан күндүн, миң сан жылдыздардын, чети көрүнбөгөн он сегиз миң ааламдын кооздугун, кереметин көз болбосо, кантип көрүп, кантип сезмек элек. Андыктан, көздө кандайдыр бир көйгөй жаралса сөзсүз мыкты адиске кайрылганыбыз оң. Кыргызстан медицинасында Исманкуловдун госпиталы №1 брендине айланып, көптөгөн адамдардын ден соолугун чыңап келет. Андыктан көздүн оорулары тууралуу Россиянын медициналык-техникалык илимдер академиясынын (РАМТН) академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Алмазбек Исманкуловдун клиникасына баш багып, академик менен баарлашкан элек.

– Алмазбек Осмоналиевич, сизди кесиптик майрамыңыз менен куттуктайм. Кыргыз медицинасына опол тоодой салым кошуп, өнүктүрүп келе жатасыз. Дайыма ден соолукта болуп, элдин керегине жарап жүрө бериңиз.

– Рахмат. Мен дагы ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кесиптештеримди дарыгерлер күнү менен куттуктайм. Дарыгерлик кесип өтө оор жана жоопкерчиликтүү жумуш. Адамга эң кымбат болгон өмүрүн бизге ишенип жаткан соң ошол ишенимге кыянаттык кылбай, абийир менен иштесек кыргыз медицинасынын келечеги өтө чоң. Баарыңыздарга ийгилик каалайм.

– Эми суроого өтсөк. Учурда уюлдук телефондорду бешиктеги баладан, бүкчүйгөн чалга чейин көтөрүп жүрөт. Техниканын өнүгүшү көзгө кандай таасир берүүдө?

– Илгери 45 жаштагы киши өзүн абышка сезчү. Ал эми азыр кырк жаштагы адамды жаш жигиттей эле кабыл алып калбадыкпы. Башкача айтканда адам баласынын жаш курагы узарды. Анын үстүнө мурда телефон, компьютер деген жок эле, телевизор аз болчу. Азыр техниканын өнүгүшү көзгө өтө чоң күч келтирүүдө. Андыктан көздө кандайдыр бир көйгөйдү байкасаңыздар, айталы тунарып, алысты бүдөмүк көрүп, же болбосо көзүңүз ачышып жатса убагында да рыгерге кайрылып, дарылануу керек.

– Көздүн көрүүсү начарлаганда дароо эле көз айнек жазып беришет. Бирок, айрым адамдарга ал ыңгайсыздыкты жаратат. Көз айнексиз эле көздүн көрүүсүн жакшыртса болобу?

– Көздүн түзүлүшүн сыртынан караганда баарына бирдей көрүнөт, бирок аны аппарат менен карай турган болсок ар кандай. Ошондуктан көздүн түзүлүшү дагы адамдын көрүүсүнө аябай таасир берет. Андыктан көз айнекти жазып берерде аябай дыкаттык менен текшериш керек. Шаардагы поликлиника, оптикалык дүкөндөрдөгү аппараттар алысты же жакынды кандай көрөрүн гана аныктап туруп, көз айнекти жазып беришет. Бирок, алар көздүн негизги көйгөйлөрүн толук аныктай албайт. Экинчиден, көпчүлүк дүкөндөрдөгү көз айнектердин сапаты өтө начар. Ошондуктан ал адамга ыңгайсыздыкты жаратат. Ал эми биздин өзүбүздүн клиникабызда көз айнек жасоочу адистерибиз бар. Биздин көз айнектер сапаттуу, дүйнөлүк стандарттагы технология менен жасалат. Ошондой эле бизде көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн лазер менен дарылоо жүргүзүлөт. Андан кийин адам көз айнеги жок эле жүз пайыз көрө алат.

– Операция кандай жол менен жасалат? Көз коркок дегендей, көзгө операция жасатуудан көптөр корксо керек…

– Көзгө операция жасалып жатканда оорубайт, анткени атайын ооруну басаңдатуучу дарыларды саябыз. Көбүнчө лазер менен иштейбиз, андыктан айрым операцияларды бир нече секунддун ичинде эле жасап коёбуз. Андыктан көзгө операция кылуудан коркуунун кажети жок.

– Бизде медициналык билимдин сапаты кандай? Сиз клиникаңызга кызматкерлерди кантип тандайсыз?

– Учурда медицина тармагында билим берүү өтө начар. Буга эмне себеп болуп жатканын түшүнө албайм. Же окуткан мугалимдерде жакшы талап болбой жатабы, же жаштарыбыз билимге умтулбай калганбы… Анын үстүнө азыр окутуу онлайн түрүндө жүрүүдө. Бул дагы билимге кедергисин тийгизип жатат. Ал эми клиникама медициналык билими бар улан-кыздарды алсам да гы сөзсүз аларды өзүм окутуп, үйрөтөм. Алардын билим алуусуна шарт түзүп берем. Андыктан, менде 25 жылдан бери иштеген кызматкерлерим бар.

– Көз оорулары” туурасында атайын окуу китебин жазып чыктыңыз эле. Китеп жазуунун өзүнүн түйшүгү болсо керек…

– Бир тармак боюнча окуу куралын жазуу өтө оор, анткени сындагандар көп болот. Китепти жазып жаткан адамдын сөзсүз жакшы билими болушу керек. 2000-жылдары Россиянын белгилүү дарыгерлери С.Н.Фёдоров, Н.С.Ярцева ме[1]нен биргеликте көздүн бардык оорулары, анатомиясы, физиологиясы тууралуу окуу ките бин жазганбыз. Учурда Рос

сиянын бардык медициналык институттарында ошол окуу китеби менен сабактар өтүлөт. Мен чет жакка тажрыйба алуу үчүн көп чыгам. Ошондой конференциялардын биринде башка өлкөнүн дарыгерлери менин бейжигимден фамилиямды окуп алып: “Көз оорулар” деген китепти сиздин чоң атаңыз жазганбы?” – деп сурап калышат. “Ооба, чоң атам жазган”, – деп коем. Анткени Фёдоровдун көзү өтүп кетти, Ярцева токсон алтыда, демек Исманкулов дагы бир жашы улгайган адам деп ойлошот экен. Анан эртеси “сиз бизди алдап коюпсуз, чоң атаңыз эмес эле, өзүңүз жазган турбайсызбы”, – деп келишет. Биз жазган китеп ушундай чоң өлкөдө окуу курал катары колдонулуп жатышы, башка дарыгерлердин авторлорго кызыгып жаткандары, мен үчүн чоң сыймык. Демек, китептин жогорку деңгээлде жазылгандыгын айгинелейт.

– Бул китебиңизди кыргыз тилине дагы котордуңуз окшойт.

– Негизи медициналык терминдерди кыргыз тилине которуу оор. Атам менен котормо боюнча сүйлөшүп калганымда, Улуу Ата Мекендик согуштан келгенден кийин СССРдин Илимдер академиясынын Кыргыз филиалында терминология бөлүмүндө иштеп кеткендиктен: “Албетте, кыйыныраак болот. Бирок которо аласың”, – деди. Ошентип китепти үч жыл тыным албай котордук. Бул өтө чоң эмгекти талап кылды. Биз бул дүйнөдө бардыгыбыз конокпуз, бүгүн бар, эртең жок дегендей. Адамдын артында элине жасаган эмгеги калыш керек да. Биз жок болсок да, бул китептер калат. Китептин кыргызча котормосун чыгарган соң, медициналык институтка, китепканалардын бардыгына таратып бердик. Эгер англис, орус тилин билбеген улан-кыздар болсо ушул китеп менен окуп, билим алып, элге пайдасын тийгизе алат.

– Сиздин клиникаңызда чет элдик жарандар дагы дарыланышат дешет?

– Өткөндө бир көзү көрбөй калган адамга операция жасадык. Азыр эми 100 пайыз көрүп калды. Ошол киши менен сүйлөшүп калып, “кайдан келдиңиз?” – десем, “Алматыдан, атайын сизге келдик”- дейт. Өзү хирург травматолог врач экен. Алматыда деле жакшы клиникалар көп. Бирок, бизге ишенип келгени сыймыктандырат. Кыргызстандын аброюн медицина тармагы менен өстүрсөк, бул биз үчүн чоң жетишкендик. Япониядан келген бир инженердин көзүнө бир нерсе кирип кетип, бизге келиптир. Алгач келгенде кыжырлангансып турду. Биринчиден көзү ооруп, экинчиден жактырбагандай туюлду. Бизден жардам алган соң, мен силерге сөзүм бар эле: “Силердин клиникаңар Кыргызстандын деңгээлине өтө жогору экен. Кыргызстанда жол жок, Ысык-Көлгө бара жатсак жакшы салынган даараткана жок, баары начар. Ал эми силердин аппараттарыңардын баары сапаттуу компаниялардыкы экен. Дарыгерлер дагы тажрыйбалуу”, – деп ыраазычылыгын билдирген эле. Өзү инженер болгон соң дароо биздеги Япониядан алынып келинген аппараттарды байкаган окшойт.

– Бизге убакыт бөлүп, маек бергениңизге чоң рахмат.

0 Поделились