Агро тармакКоом

Карайлаган калкты томсорткон тоют

Баягы, баягынын аягы

Эске салсак, 11-июнда өткөн “Суунун аздыгы Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташы жана түшүмдүн азайы-шы жагынан кооптуу” аттуу брифингде мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев азыртадан сугат маселеси чечилбесе күз, кыш айларында азык-түлүк баасы көтөрүлөрүн айтып безилдеген.

Ага удаа эле Жүгөрү өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс Кыргызстандагы кайрак жерлердин эгиндери күйүп кеткенин, эми калган сугат жерлердин дан, эгиндерин сактап калуубуз керектигин ортого салган. Андан бери минтип жыйырма күн өтсө деле сугат суу маселеси туура чечилбей, сууга жетпеген дыйкандар Айыл чарба министрлигине нааразычылыктарын айтып жатышат. Тилек Токтогазиев айткандай, мындайда мамлекеттик кызматтарды реформалоо, кызматкерлердин ордун алмаштыруу менен көйгөй чечилбейт. Өкүнүчтүүсү, эл эртең эмне болот менен жашап жатса айрым тиешелүү ведомстволордо дагы деле баягы кызмат талашуу, бири бирине жалаа жабуу, кимдир бирөөнү күнөөлүү кылуу аракеттери жүрүп келет.

Бакырган баалар

Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттиги болсо бааларды тизмектеп коюп отурат.

Агенттиктин билдиришинче, жаан-чачындын аздыгынан улам 2020-жылы 1 гектар жерден 300-350 түк беде алынса, быйыл ошончо аянттан болгону 150-200 түк жыйналган. Ошондой эле былтыр 1200 сом турган түк байлай турган жиптин (шпагат) бир түрмөгү (бобина) быйыл 3200 сомго чыккан. Мындан сырткары, чөптү түктөгөн тракторлордун кызмат акысы да жогорулап, былтыр бир түккө 7-10 сом алынса, быйыл ал 15-17 сом болуптур. Талаадан бир түктү жүктөө акысы дагы быйыл 10 сомго көтөрүлгөн. Чүй облусундагы мал баккандардын айтымында, учурда бир түк беденин орточо баасы 250 сом болгону менен ал чөптү табуу кыйын. Ысык-Көл облусунун талааларында чөп 200 сом болсо, базарларында 240 сомдон сатылып жатат. Таласта 215 сомдон сатылып баштаган беденин көбү коңшу Казакстанга сатылып учурда чөп 250 сомго чыккан. Ош облусунун талааларында 240-250 сомдон сатылган бир түк чөп июндун ортосунда 275 сомго чыкса, бүгүнкү күндө 350-380 сомго чейин чыгып кеткен. Баткен облусунда азыр бир түк чөп 275 сомдун тегерегинде болсо, Жалал-Абадда 250 сомдон жогору сатылууда. Чөп алып кайра саткандардын билдиришинче Чүй, Талас облусунун чөбү Казакстанга чыгып кетип жаткандыктан башка облустарга салыштырмалуу бул аймактагы чөп 50-60 пайызга чейин кымбаттап кеткен. Ушул тапта бир беде түктүн Бишкек шаарынын базарларында 280 сомдон сатылып жатканы бул сөздү тастыктап тургандай.

Алып сатарлар эмне дейт?

Шаардагы “Эски толчок” базарындагы чөп сатуучулард тымдарында, быйыл кургакчылыктан улам базарга түшкөн чөп аз. Жем да тартыш болгондуктан былтыркыга салыштырмалуу эки эсе кымбат сатылып жатыптыр. “Чынын айтканда Чүйдүн арпа, буудай, улпактары түштүккө көп кетип жатат. Былтыр Суусамыр, Кара-Балтанын жем-чөбүнүн көбү түштүккө, Тажикстанга кетип Чүйдө быйылкы орум-жыйымга чейин арпа жетпей калды. Азыр өзүңүз көргөндөй сатканга арпа жок отурабыз. Алармандар арпа, улпак издеп келип жатышат. Ушу тапта арпа 26 сомго, буудай, жүгөрү 23 сомго чыкты. Казакстандан арпа келип ка лабы деп турабыз. Негизи арпа жок дегенде 15-18 сом болсо карапайым элге деле жеңилирээк болмок. Азыр 23 сомдон да бизге арпа келбей жатат. Үй канаттууларынын жеми болсо Туңгучтан чыгат. Биз реализатор катары ошол заводдун баасы менен эле килограммын 35-40 сомдон сатып жатабыз. Кургакчылыктан улам быйыл кымбатчылык болот окшойт. Бирок, жүгөрүнүн түшүмү жакшы деп жатышат. Азыр сырттан эч кандай арпа, буудай кирбей эле турат. Жакында Көлдөн, Суусамырдан келип калабы деп үмүт кылып жатабыз”, – дейт “Атан” минирыногунун сатуучусу Элмира Аширалиева

Кампабыздан кабар алсак

Учурда илгерки совет доорундагыдай ар бир айыл канча гектарга арпа, буудай айдаганын так айтып бере ала турган мамлекеттик кызмат жок.

Бирок, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги облустук, райондук мекемелердин болжолдуу маалыматтары боюнча жалпы статистикалык маалымат берип келе жатат. Көп учурда мындай “болжолдуу” маалыматтар так болбой калгандыктан тоют, дан эгиндери жагынан карапайым эл кыйналып калууда. Ошол себептен бул жылы канча гектар жерге дан эгиндери айдалганын тактап коюну да туура көрүп аталган ведомствонун Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөр жана өсүмдүктөр карантини бөлүмүнүн башчысы Жигиталы Жумалиевге кайрылдык. “Министрлер кабинетинин аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматтарынын негизинде айтсам, быйыл күздүк менен кошо эсептегенде 251 миң гектар жерге буудай эгилди. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4 миң гектарга көп. Арпа 219 миң гектар жерге айдалып, былтыркыга салыштырмалуу 2 миң гектарга көбүрөөк бол[1]ду. Ошондой эле жүгөрү 800 гектарга көп айдалды. Быйыл апрель айындагы салкын аба-ырайы менен, май, июнь айларындагы ысык дан эгиндеринин өсүшүнө тескери таасир берип, дан эгиндери начар болуп калды. Айрыкча, ысыктан Ысык-Көл облусунун Аксуу, Түп, Жети-Өгүз райондорунун жана Ош облсунун Араван районунун, Чүй облусунун кылкандуу дан эгиндери айдалган кайрак жерлери катуу зыянга учурады. Тоолордогу түнкү температура да плюс 22 градустан төмөн болгондуктан сугат суулар дагы бүгүнкү күнгө чейин тартыш болуп жатат. Ошондой эле кылкандуу дан-эгиндердин 70 пайызы кайрак жерлерге айдалган Лейлек районунда да түшүмдүүлүктүн төмөн болушу күтүлүп жатат. Быйыл сугат жерлердеги түшүм гектарына 30-35 центнерден, кайрак жерлердин түшүмү 20 центнерден болот деп жатабыз. Өлкө боюнча болжолдуу айтсак, быйыл арпанын түшүмү былтыркыга салыштырмалуу 10 центнерге төмөн болушу күтүлүп жатат. Эң негизгиси азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында күздүк арпа, буудайга басым жасап жатабыз. Себеби, күздүк эгин эрте жетилип, түшүмдүүлүгү дагы 20- 30 пайызга жогору болорун быйыл көрдүк. Былтыр 133 миң гектарга күздүк буудай эккен болсок, быйыл аны 180 гектарга жеткирип, бара-бара буудай аянттарынын 70 пайызын күздүк буудайга өткөрүү боюнча иштеп жатабыз. Анан дыйкандарды колдоо иретинде мамлекеттик материалдык резервге 20 миң тоннага чейин буудай сатып алууну максат кылып жатабыз. Чөп боюнча айтсак, жер-жерлердеги органдарга тоютту сыртка чыгарбоо боюнча көрсөтмөлөр берилген. Мындан сырткары арпа, буудай жыйналып алынган сугат жерлерге жүгөрү айдап, жүгөрү силосун даярдоо үчүн дыйкандарга тиешелүү көлөмдө үрөн берүүнү сунуштап жатабыз”, – дейт Жигитаалы Жумалиев. Тоют баасынын минтип кескин көтөрүлүшүнөн улам эт өндүрүүчүлөр учурда эмне кыларын билбей турушса, мал менен жан сактаган дыйкан, фермерлер, элеттиктер да айласы куруп турат. Себеби, малын сатайын десе азыр мал арзан, тоют алайын десе тоют кымбат. Эт сатуу менен алектенгендер да эттин кымбаттыгынан улам алармандар азайганын айтышат. Кыскасы, учурда агрардык өлкө атыккан Кыргызстаныбыздын мал чарбачылыгы “өйдө тартсам өгүзүм өлөт, ылдый тартсам арабам сынат” жагдайында турат. Айыл чарба адистеринин айтымдарында, мындай акыбал кургакчылыктан мурун, тоодон түшкөн сууларды рационалдуу жана толук кандуу пайдалана албагандыгыбыздан улам жаралып отурат.

«Кыргыз Туусу»Мелис Совет уулу

0 Поделились