«Келгиле, революция кылалык!»

 

Аваз ЖУСУПБЕКОВ, Талас шаары


Жакын таанышымдыкына барып калдым. Кирсем, бүт үй-бүлөсү менен бир жашар баласын тегеректеп алышыптыр. Анысы ыйлап ыйынып «горошокто» олтурат. “Эки күндөн бери ичи катып жатат”, – деди чоң атасы кейип. Бир оокумда чыкты окшойт, баары ураалап кыйкырып, кол чаап жиберишти. Алардын кубангандарын түшүнсө болот… Демек, тамактануу процессине кандай карасак, калдыкты чыгаруу процессине да так ошондой жоопкерчилик менен карашыбыз керек! Отуруп тамактанган жерибиздин тазалыгы кандай болсо, калдык чыгарган жайыбыздын тазалыгы да так ошондой болушу абзел!

“Ай, ни коросо!”

Мындан он жети жыл мурда жергиликтүү гезитке “Ай, ни коросо!” деген фельетонум чыккан. Аны мазмунун кыскартып айтсак: Жапон өлкөсүнөн бир ишкер киши биздин облуска келет. Мезгил кыш болгон соң, үстүндө кычыраган тон, башында ондатр тумак. Эки күн жүрөт, ишин бүтүрөт, үчүнчү күнү котормочусу шашып борборго кетет. Жапон болсо жалгыз калат, дагы эки күн жүрүп кетсем дейт, биздин шаарчабыз жагып калган окшойт. Конокту коштоп жүр деп мени кошуп беришет. Ал азыраак орусча сүйлөгөндүктөн оюн эптеп айтканга жарайт. Жапон мырза эртең кетем деген күнү бейкапар парк аралап жүргөнбүз. Бир убакта коногум заматта кумсарып, күтүүсүз жерден ичин мыкчып онтолой баштады. Жана таң атпай биздин кафелердин биринен сонун көрүп эски лагманын жеп алган окшойт. “Ги-де ту-а-лет?” – деп сурады менден. Аргасыздан парктын бурчундагы эски, кебетеси келишкен “коомдук жайды” көрсөтсөм: “Эт-то ту-а-лет?” – деп мага карады. Мен башымды ийкедим. Ал дааратканага баш багып эле кайра атып чыкты, мурдун басып башын толгоду. Баары бир мейманкана алыс, жүгүрүп жетишпейт. Аргасыздан баарына кайыл болуп, окшуса да оозун басып кирип кетти. Мен да жытына чыдабай ары бастым. Көпкө күттүм, кайра даараткана жакка бастым. Карасам, коногум аркы чоң көчө тараптан келе жатат, жылаң баш, шымын чала-була топчулаган, демейде таптаза жалтырак кара ботинкеси булганган… “Акиро сан, сизге эмне болду?” десем: “Ай, ни коросо!.. Ай, ни коросо!..” деп кайра-кайра башын сыйпалайт. Көрсө, ал байкуш ыйыныпычкынып, кыйналып отурса бир шылуун кирип келип, “а-бу” дегиче башындагы ондатр тумакты жула качыптыр. Жапан конок эсине келип, чала-була шымданып, чыла кечип тамтаңдап жүгүрүп чыккыча тигиден дайын жок, кайда житкени белгисиз… Эми андан аркысын айтпай эле коёюн. Ошол жапон мырза мекенине кеткен бойдон кайтып келген жок.

Мына, Акиро санга мактаган кооз жерибизди, таза табиятыбызды, меймандостугубузду, кең пейилибизди бир эле шылуун менен бир эле дааратканабыз жууп кетти…

Эмесе, сөз даараткана же ажаткана жөнүндө. Алгач ар ким өзүнөн баштоо зарыл. Өзүн барктаган ар бир жаран өзүнүн жашоо шартын, үй-жайын оңдошу керек. Ал үчүн 2-3 кабат там салуунун кажети жок. Бир кабаттуу үч бөлмөлүү үй курсаң да чакан, жарашыктуу, кооз болсун. Ичинде жашоого ылайыктуу шарттары: ысык-муздак суу, душ, автомат-кир жуугуч, ж.б. эң башкысы – даараткана үй ичинде, “кыргызча” эмес, “евро туалет” болсун. Биз – көпчүлүк кыргыздар үй ичине “отургандан” уялабыз, ошондуктан чарбактын бурчуна чакан, жарашыктуу дагы бир “запас” даараткана салып койсок ашык болбойт.

“Туалет” – “даараткана” эмес!

Бала кезде мугалим эжейибиз орус адабиятынан окуп бергени эсимде: Евгений Онегин эртең менен шашпай турат… эки-үч саат даараткана бөлмөсүндө отурат экен… деп. Ошондо биз Александр Сергеевич Пушкин бир аз аша чаап жиберсе керек деп аябай күлгөн элек. Эжейибиз болсо бизге түшүндүрө албай көпкө убара болгон.

Кыргыздар кары-жашы дебей “туалет” дейбиз, “ажаткана” же “даараткана” деп чочугансып кээде айтабыз. Алгач талдап алалык: “туалет” деген эмне? Бул – деген франция тилинен алынган көп маанини билдирген сөз. Мисалга: негизинен аялдардын кийимдери (утренний туалет, вечерний туалет), атырлардын түрлөрү (туалетная вода), күзгүзү бар чакан стол (туалетний столик), ал эми негизгиси: жоон ичегини жана табарсыкты бошотууга ылайыкташкан бөлмө же бир нече бөлмөлөр. Өнүккөн өлкөлөрдөгу туалетке кирсең: ичиңди бошотуп, даарат ушатып эле тим болбостон, жуунуп-таранып, сакалмурутту алып, душка түшүп, сырт келбетти оңдоп аласың. Коомдук туалеттердин кошумча кызматтары андан да көп: каалагандар отуруп чылым чегет, “ушакташат”, кааласаң массаж аласың, ден соолугуңду текшертесиң, сыналгы көрүп, интернетке киресиң… Айта берсек толтура. Ал эми сортир, уборная, клозет сыяктуулардын бирөөсү да туалет дегенге жакындабайт. Биз – кыргыздар Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китебинде жазылган, отурсаң башың көчөдөн көрүнүп, ары-бери өткөндөр менен саламдашып учурашкан, жаңылыктарды сурашкан даараткананы деле “туалет” деп жүрөбүз. Андан бир аз бийигирек “туалеттер” айылшаарларда толтура, жайкысын жытынан көчө аралап баса албайсың. Ал түгүл Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын, Бишкек – Талас, Бишкек-Каракол ж.б. кан жолдордун боюнан түрлөрүн көрөсүң. Жолдон автоунааны токтоткуң да келбейт. Менин апам раматылык жолго чыгаарда тамак, суюктук иччү эмес, бизге да берчү эмес. Анткени жол боюндагы дааратканалардын “сырларын” жакшы билчү. Эми андан бери 40-50 жыл өттү, баягы эле көрүнүш. Жолдо чогуу баратканда чет элдик коноктор көрбөсө экен деп кысынасың, уяласың.

Ошондуктан Кыргызстандагы дааратканаларды жалпылап “туалет” деп эч качан атабаш керек. Алар ага кирбейт да, жакындабайт да, татыктуу да эмес. Атка минерлер отурган “ак үй, көк үй” ичиндеги саналуу “санузелдер” гана туалет аттууларга кирбесе. Бирок аларды “коомдук” деп атоого да болбойт. Бизде коомдук дааратканалардын бардыгы “сортир” же “уборная” дегендерге кирет. Биз бала кезде “туалет” эмес, “уборная” деп атачубуз. Ошол туура окшойт. Ал эми кыргызча кантип бөлүп айтабыз? Көндүм болгондой баарын “даараткана” деп атай беребизби? Же мамтилкомиссия ылайыктуу термин табабы?..

Айтмакчы, Бельгияда 250 окуучусу бар мектептин 22 туалети бар экен! Ар бир класстык кабинетте, 10–12 окуучуга бирден туалет! Имараттын ичинде! А биздин айыл-шаардын мектептеринде дааратканага жетиш үчүн жүз метрдей жүгүрүш керек. Чыдабай дубалдын аркасына коё бергендери да бар. Дааратканага жетпей жолдон шымын булгап алгандары канча. Жытын айтпай эле коёлук. Ичи булганыч жана чыла, киргенден коркосуң. Тешигинен түшүп кеткен балдар да болгон.

Даараткана кооптуу жайга айланды

Азыр коомдук “туалеттер” өтө кооптуу жайга айланды. Уюлдук телефондорун түшүргөндөр канча? “Кереги жок” ымыркайларын ыргыткан кызкелиндер да көбөйдү. Кокусунан кулап кеткендерди да угуп жүрөбүз. Кара-Суу районунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири базарга күнүгө миллионго жакын киши келсе керек. Үч-төрт жыл мурда ошол базардагы даараткананын полу урап 22 киши түшүп кетиптир. Он сегизи ар кандай жаракат алып, 4 киши өлүмгө учураганын маалымат булактары айтып, жазып чыккан. Анан аягы эмне менен бүттү? Кандай тыянак чыгардык? Кимдер кандай жаза алды? Жаңы салган дааратканасы кандай? Санэпидстанция, архитектура сыяктуу кызматтары барбы? Алар кантип кабыл алды эле?

Дүңгүрөтүп Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун бир эмес эки ирет өткөрүп салдык. Баары жакшы, баары жогорку деңгээлде өттү. А бирок, биз козгогон даараткана маселеси болгон жок деп айталбайбыз. Дагы жакшы, башталышында Кырчын жайлоосунун тегерек-четиндеги токойлор абийирибизди жапты дешти баргандар. Эки күн кечиксе да биотуалеттер жеткирилиптир. “Той да болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, тойдон кийин да кеткен кемчиликтерди унутпайлык, кийинкисинде эске алып өз убагында ишке ашыралык.

Менде бир көптөн бери көңүлдө жүргөн кызык суроо бар: Манас бабабыздын убагында айтылуу Көкөтайдын ашында даараткана маселеси кантип чечилди экен? Анда катышкандардын, коноктордун, келгендердин саны миллиондон ашкан деп айтылат. Кыргыз эли андан башка да толгон-токой той-аштарды, курултайларды өткөрүп жүргөнү баарыбызга белгилүү. Мүмкүн, ошондо эле кыргыздар бул көйгөйдүн башка бир жолдорун тапкандыр. Бул тууралуу “Манас” эпосун изилдеген илимпоздор, тарыхты казган окумуштуулар эмне дейт?

Дагы бир ВТОго качан киребиз?

Айтмакчы, биздин өлкө көп жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп жүрөт. Ал жөнүндө бассак да турсак да мактанып жүрөбүз. Андан кандай пайда көрдүк, кандай пайда таптык? Аны билермандар айтсын. Эл аралык дагы бир абройлуу уюм бар. Ал да ВТО – Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар уюму (Всемирная Туалетная Организация)! Мына ошого мүчө болсок чын эле чоң пайда тапмакбыз, көп нерсени үйрөнмөкпүз. Бул уюмга көптөгөн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр кирген. Россиянын дааратканалар ассоциациясы 2001-жылы мүчө болгон. Жалпысынан бул уюмда жыйырмадан ашык ассоциациялар бар. 2001-жылы дааратканалардын проблемалары боюнча Сингапурда өткөн эл аралык конференцияда 19-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк даараткана күнү деп жарыяланган (биздикилер билеби?). 2009-жылы да ушул эле шаарда дагы бир ирет эл аралык жолугушуу-саммит болгон. Эмне үчүн улам эле Сингапурда өтүүдө? Анткени, бул гигант шаардын коомдук дааратканалары, баса көрсөтөйүн, көпчүлүк үчүн салынган дааратканалары дүйнөдөгү эң ыңгайлуу, санитардык жактан эң таза, бүгүнкү күндүн талабына бардык жактан жооп берген үлгүлүү деп эсептелинет. Ошондой эле эл аралык саммиттер 2001-жылдан бери Сеул (Түштүк Корея), Тайбэй (Тайвань), Пекин (КНР), Белфаст (Түндүк Ирландия), Москва (Россия), Нью-Дели (Индия), Макао (КНР), Филадельфия (АКШ), Хайнань (КНР) ж.б.шаарларда өткөрүлүп келген. Сингапур мамлекети дүйнөдө биринчи болуп даараткана колледжин ачкан. Мында студенттер коммуникация, сантехника жабдыктарын, дизайн, архитектура боюнча адис болуп чыгышат. Ал эми Кыргызстанда даараткана боюнча адистер кантип даярдалат? Же бизге кереги жокпу? Же биздин жаштар Россиядан ж.б. жактарда жалданып иштеп үйрөнүп келишеби?

Бул революцияга качан колубуз жетет?!

Айтмакчы, биз – кыргыздар революция дегенди жакшы билебиз. Айтылуу Малай республикасында да он жыл мурда революция болгон. Бирок алардыкы башкача – “туалетная революция” деп аталган. Демилгени ошол кезде вице-премьер болуп турган Наджиб Тун Разак көтөрүп, эл бир добуштан колдоп чыккан. Азыр Малай өлкөсүндө дүйнөдөгү илимдин, техниканын, дизайндын жетишкендиктери колдонулган дааратканалар шаарлардын жана айылдардын көчөлөрүндө жана сейил бактарында орнотулган жана орнотулууда. Алардан жаш балдар да, майыптар да колдоно алышат.

Кытай мамлекетинде болсо “туристическая туалетная революция” кызуу жүрүүдө. 2017-жылы 33 500 жаңы типтеги даараткана курулат, 25 000 эски типтеги даараткана туристтерге уят болбогондой жаңыланат. Учурда, ал түгүл, “беш жылдыздуу” дааратканалар да салынууда. Көпчүлүгү акысыз!

Демек даараткана маселеси эбак эле бышып жетилген экен да! А биз болсок саясат, партия, интрига, парламентте мушташуу, ушакташуу, шайлоонун шайтан оюндары сыяктуу “олуттуу” маселелер менен алекпиз. Бир гана даараткана “көйгөйү” жок бизде. Башын “туалетке”… ой, кечиресиз, кумга тыккан төө куштун принцибин карманабыз. Көзүм көрбөсө болду, “куйругумду” бөрү жесин. Бирок ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат эмеспи. Кыргызстандын келечеги – бул туризм! Демек, келген туристтер үчүн ыңгайлуу бүгүнкү күнгө ылайык шарт түзүп берүү баарыбыздын милдетибиз. Чыныгы меймандос жана маданияттуу эл экенибизди далилдейли.

Кыскасы, даараткана маселеси – мамлекеттик маанидеги масштабдуу маселе. Ошондуктан, коомдук дааратканаларды курган, аларды караган, көзөмөлгө алган өзүнчө бир комитет же агенттик, иши кылып бир өтө жооптуу мекеме-уюм керек.