1-июлга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 1-июлда өлкөдө күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  +28…+33;

Талас жергесинде +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында  +28…+33;

Ысык-Көлдө  +23…+28;

Нарын облусунда+23…+28;

Ал эми Бишкек шаарында 1-июлда күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска чейин ысыйт.