«Республика-Ата-Журт» президенттикке талапкер көрсөтөт

Аталган партиянын элдик курултайы бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага бардык облустардан делегаттар келишет. Ошондой эле парламент депутаттары, саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери чакырылган.