53 180 долларга дары киргизилип жаткан жеринен Тажикстандын жараны кармалды

«Манас» бажы кызматы  Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилип жаткан дары-дармектерди кармады. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз катчылары билдирди.

Маалыматка ылайык, бажы мыйзамын бузууларды  текшерүү иштеринин алкагында  «Манас» бажы кызматы тарабынан мыйзамсыз дары-дармектерин киргизүү аракети четтетилди. Бажы текшерүүсүнөн тышкары 53 180  долларга дары киргизилип жаткан жеринен Тажикстан мамлекетинин жараны кармалган. Анын айтымында Стамбул шаарынан келе жаткан.

Бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 3- бөлүгү, 5-пунктунун 204- беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.