Депутаттын үйүндө экстремистик маанайдагы адабият табылды

Жергиликтүү кеңештин депутатынын жанынан экстремистик маанайдагы адабият табылды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлады.

Онунчу башкармалыктын кызматкерлери  «Хизб ут-Тахир» уюмуна тийиштиги бар деп  Жалал-Абад облусунун Базаран-Коргон районунун жашоочусун кармады. Ал жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.

Эл өкүлүн  тинтүү маалында экстремистик маанайдагы китептер чыккан.

Учурда 299-2 беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, депутат убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.