ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу 10-июлда башталат

Өлкөнүн жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу 10-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Кабыл алуунун биринчи туру 10-15-июль күндөрү болот. Экинчи тур 17-22-июлда өтсө, үчүнчү тур эгер, бош орундар калса, Билим берүү министрлигинин чечими менен 24-29-июль аралыгына белгиленет.

Жогорку окуу жайларына абитуриенттер бир гана жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Босого балл 110 болсо, предметтер боюнча 60 баллды түзөт.