Тогуз-Торо райондук ооруканасы капиталдык ремонтко муктаж

Тогуз-Торо районундагы жалпы дарыгерлик практикалык борбор капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Аталган медициналык мекеменин башкы дарыгери Алмаз Иманкулов маалымдагандай, борбор 1980-жылдары курулган. Учурда оорукана 70 орунга ылайыкталып, беш бөлүмдөн турат.

Имаратка көп жылдан бери капталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн айрым жерлеринен суу тамчылап эскилиги жеткен. Мындан сырткары желдетүүчү системалары да иштен чыгып, айрым бөлүмдөрүндө суу жок. Болжол менен оорукананы жалпы капталдык оңдоодон өткөрүүгө 9 млн сом керектелет.

Абалды жеринен көрүп чыккан премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган оорукана боюнча Өкмөткө деталдык сунуш киргизүүнү тапшырды.