Түрк элдеринин курултайын болтурбай койгон «бомба»

2-июлда Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” мемориалдык комплексинде Түрк элдеринин бүткүл дүйнөлүк курултайы өтмөк. Бирок, “Рух-Ордого” коюлган бомба тууралуу телефон чалууга байланыштуу болбой калган.

Ысык-Көл облустук ИИБге бомба тууралуу жергиликтүү убакыт боюнча 06:00дө чалуу түшкөн. “Жерине аймакты курчоого алган кызматкерлер келишти. Саперлор иштешти. Маалымат жалган болуп чыкты”, — дешти ИИБден.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, бул окуяга байланыштуу конференция Алматага которулду.  Куурултайга 20дан ашык өлкөдөн жана элдерден 130дай адам келген.

Маданий бөлүк боюнча координатор Уланбек Абдрахманов билдиргендей, курултайга башкыр, татар, хакас жана башка элдер катышат.

“Эми Казакстанга ар бир делегациядан бирден өкүл барат”, — деди ал.