Таза шаарда жашагың келеби?
Кыргызстанда таштанды көйгөйү көп жылдан бери чечилбей жатканын айтып келебиз.
Ал эми Европа өлкөлөрүндө тагырагы Германияда жылына 412 миллион тонна таштанды чыгат. Таштандынын ар бир жаран атайын бөлүштүрүлгөн уруналарга салышат. Таштанды ташоочу уруналар ар кандай түстө болот. Бирине жалаң айнек идиштерин салышса, бирине кагаздарды, дагы бирине желим бөтөлкөлөрдү салышат. Мындай учурда таштандыны кайра иштетүүчү заводдорго алып баруу дагы оңойго турат. Ал эми биздин баш каалабыз Бишкек шаарынын борборуна да дал ушундай таштандыны бөлүп таштоочу уруналар орнотулган. Бирок аларга бардыгын аралаштырып эле сала беришет. Ошондой эле айрым жарандарыбыз отурган жеринен чемичке чагып, каалаган жерге таштандыны ыргытып басып кетишет. Андыктан шаарыбыздын таза болушу үчүн эмне кылышыбыз керек деген суроо менен шаар тургундарына кайрылдык.