Турсунбеков президенттикке талапкер болушу ыктымал

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катышуусу ыктымал. Бул тууралуу спикер парламентте өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бирок, ал өзүн өзү көрсөтөбү же башка жолун табабы анысын ачык айтпай, туюктатып жооп берди. Парламент 2016-жылдын сентябрь айынан 2017-жылдын 1 –июнуна чейин 186 мыйзам кабыл алган. Мыйзам долбоорунун 50 пайызын Өкмөт, ал эми 49 пайызын парламент депутаттары демилгелеген. Баса, парламенттин пленардык жыйынына депутаттардын катышуусу тууралуу көйгөйлүү маселе көптөн бери көтөрүлүп келет. Сессияга келбеген депутаттын ордуна жанында отурганы кнопканы басып добуш берип койгон учурлар абдан арбын. “Сессияга себепсиз катышпаган депутаттарга 19-20 миң сомго чейин айып пул төлөтө баштадык. Ушул чараны колдонгондон кийин катышуу кыйла жакшырды. Бир да жолу сессияга катышпаган депутаттар бар болчу. Эми ушундай эле айып пул төлөтүү чарасын комитеттердин жыйындарына катышпаган эл өкүлдөрүнө да колдонсокпу деп жатабыз”, – деди Ч.Турсунбеков.

Шайлоолордо саясий партиялар аялдарды гендердик тең салмактуулук принцибинде тизмеге киргизгени менен, парламентке келгенде айымдардын саны кыскара баштаган өнөкөт бар. Азыркы күндө аткаруу бийлигине кызматка которулган айымдардын ордуна кайра аялдар депутат болуп келүүсүнө шарт түзгөн мыйзам кабыл алынган. Мындай мыйзам долбоордун сунушун парламенттеги аял депутаттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү биригип берген болчу. Спикер ушул мыйзамдын ишке ашырылып жатканын айтты. Бирок ошого карабай учурда парламенте 120 депутаттын 20сы гана айымдар.

Журналисттерди РФнын мамлекеттик Думасынын Федералдык жыйынын төрагасы В.Володиндин Кыргызстанда президенттик шайлоонун алдында келиши жана алардын ири саясатчыларынын тез-тез каттап жатканы алдыдагы саясий өнөктүккө таасирин тийгизбейби? деген собол кызыктырды. Ч.Турсунбековдун билдиргенине караганда В.Володин менен бир катар олуттуу маселелер каралган. Анда РФнын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен» биздин мигранттарды чыгаруу, товарларды ташып өткөрүүнү жөнгө салуу жана ХАССП сертификатын алуу меселелери талкууланыптыр.

Андан тышкары, парламенттердин тармактык комитеттеринин өз ара кызматташуусу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн айтып берди.

Парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Камчыбек Ташиев Бишкектеги арак заводун Ч.Турсунбеков пара берип сатып алган деген кине таккан болчу. Бул иш боюнча депуттатык комиссия түзүлгөн эле. Мына ушул чуулгандуу иштин айланасындагы маселе сотко чейин жетип, анда Ташиевдин айткандары далилденген эмес. Анын натыйжасында сот К.Ташиев кечирим сурап, айып пул төлөөсү боюнча чечим чыгаргандыгын спикер айтып берди.