Президент Атамбаев РФ Федерация кеңешинин төрайымы В.Матвиенко менен жолукту

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту.

“Биздин өлкөгө келгениңизге рахмат. Президент катары мага Кыргызстанга келген сиздин ар бир сапарыңыз — чыныгы достуктун белгиси катары сыпатталат. Федерация кеңешинин бизге кандай гана маселе болбосун жардам берип келээрин биз жакшы билебиз. Биз ММКларда жана телелерде айтылган маалыматтарды гана эмес, мен сиздин Кыргызстандын кызыкчылыгына күйүп, жардам берип жатканыңызды билем. Мен иштеп эле тим болбостон, Ысык-Көлдү көрүп кетүүңүздү каалайм”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Федералдык Кеңештин Төрайымы Валентина Матвиенко жолугушууга мүмкүнчүлүк үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдирди. “Акыркы жолу мен мында 2014-жылы келдим эле, андан бери 3 жыл өттү, мен ошол жылуу, жагымдуу жолугушууларды ушул кезге чейин эстеймин. Бул жолку келишим Жогорку Кеңештин Төрагасынын чакыруусу боюнча КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы менен байланыштуу болду. Мен Ассамблеянын төрайымы катары жана Жогорку Кеңеш менен бирге КМШ өлкөлөрүнүн “Шериктештик балдары” деген эл аралык, билим, маданий форумду уюштуруп жатабыз. Бул форум бешинчи жолу өтүп жатат. Форумду өткөрүүгө колдоо көрсөткүнүңүз үчүн Сизге ыраазычылык билдиргим келет. КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын, мугалимдеринин башын кошкон бул форум абдан маанилүү иш-чара. Биз ушунун менен бирдиктүү гуманитардык мейкиндикти түзүп жатабыз. Биздин муун сыяктуу КМШ өлкөлөрүнүн жаштары да бири-бири менен достошкону өтө маанилүү»,  — деди Валентина Матвиенко.

Жолугушууда Кыргызстан жана Россия ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу маселелери, Россиядагы кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле кыргыз-орус мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Эскерте кетсек, “Шериктештиктин балдары” форуму 3-6-июлга чейин Ысык-Көлдө өтөт.