Чагымчылдык кылгандар кимдер?

Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» комплексине бомба коюлду деген маалымат боюнча милиция кызматкерлери тарабынан иликтѳѳ иштери башталды.

Жарылуучу зат коюлду деген окуя боюнча Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» комплексинин айланасы саперлор тарабынан бир нече саат бою иликтенген.  Ысык-Кѳл районунун акими Данир Иманалиев мындай жагдайды туристтер түшүнүү менен кабыл алгандыгын айтып:

— Эми туристтер деле түшүнүп жатышса керек. Эмнеге дегенде бул телефон чалып алып, «бул жакта бомба бар» деген  тектентиктин эле жасаган иши да. Мындайлар дүйнѳ жүзүндѳ деле бар. Ошентсе да чалгандан кийин тийиштүү органдар реакция беришибиз керек. Ишти жеринен кѳргѳнгѳ мажбур болдук. Тегерете курчап, Бишкектен атайын адистер келип бомба жок деген Акт түзүп кетти. Бүгүн «Рух Ордо» толук кандуу иштеп жатат,-дейт.

Анонимдүү мындай билдирүү адамдардын кенебестик, жоопкерчиликсиз мамилеси катары бааланууда. Учурда  милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү жана ыкчам иликтѳѳ иштери жүргүзүлүп, жайкысын көлгө келе турган туристтердин эс алуусуна терс таасирин тийгизе тургандай окуяларды болтурбоого болгон аракеттер жумшалып жаткандыгын белгилеп Сталбек Усубакунов буларга токтолду:

— Туристтик мезгилде бул ѳзүнүн терс кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү тарабынан эл арасында ММКлар менен бирдикте мындан ары ээнбаштык кабарлар болбойт деп түшүндүрүү иштери жүргүзгѳнгѳ аракеттер кѳрүлүп жатат. Бул факты Ысык-Кѳл РИИБ  маалыматты каттоо китебине каттоого алынды. Бул боюнча тергѳѳ кызматтарына берилет, себеби, кылмыштын жоопкерчилиги бар. Азыркы тапта ыкчам кызмат тараптан ыкчам иликтѳѳ иштери жүргүзүлүп жатат.