118 кызматын күчөтүү максатында жана күнүнө 3000-ге чеин телефон чалууну тейлөө үчүн, дагы кошумча 45 оператор иштеп жатат

Өлкөдөгү COVID-19 эпидемиясынын үчүнчү толкунунун жана коронавирустук инфекция менен ооругандардын санынын кескин көбөйүшүнүн натыйжасында, Сорос-Кыргызстан Фонду, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте, БУУнун Өнүктүрүү Программасысынын каржылык колдоосу менен «118 ыкчам байланыш» долбоорунун ишин күчөтүүдө. Тиешелүү келишимге өнөктөш уюмдардын жетекчилери 2021-жылдын 9-июлунда кол коюшкан.

118 ыкчам байланыш кызматынын операторлору бир нөөмөттө орто эсеп менен 50 кайрылууну кабыл алып, 7 сааттык үч нөөмөттө иштешет. «Бизге күнүнө 2000ден ашуун чалуулар келип түшөт. эң көп чалган күндөр дагы бар. Мисалы, 7-июлда болжол менен 2700 кайрылууну иштетип чыктык ”, — дейт тейлөө кызматынын координатору Мээрим Саламатбекова. «Өткөн жылга салыштырмалуу биз тажрыйбалуу болуп, иштин сапатын көтөрдүк. Мисалы, азыр онлайн кеңештен тышкары, кыргызстандыктар 118 кызматы аркылуу эмдөөгө катталып, же эмдөөгө байланыштуу маселелер боюнча маалыматтарды тактай алышат».

2020-жылы, 118 ыкчам байланыш долбоору Кыргыз Республикасында COVID-19 эпидемиясына каршы күрөшүүгө олуттуу таасирин тийгизип, бир топ оор кесепеттерден алыс болууга жардам берди. Дал ушул жылдын июль айында өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумуна эң чоң жүк жана эң көп жоготуулар катталып, 118 колл-центрине чалуулардын рекорддук саны катталган — 108 054. Бул долбоор медициналык жардамдын баштапкы деңгээлинде маалымат берип олуттуу таасирин тийгизди, ошону менен эпидемиянын жайылуу коркунучун кыйла төмөндөдү .

Быйыл биринчи кезекте 118 ыкчам байланышынын операторлорунун саны көбөйтүлүп, алардын ишине Үй бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу дарыгерлери, КММАнын ординаторлору жана жогорку курстун студенттери тартылды. Алар үчүн COVID-19 темасы боюнча консультация берүү көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн атайын даярдык тренингдери уюштурулду, ошондой эле диагностика, дарылоо, вирус боюнча келип түшкөн суроо-талаптарды иштеп чыгууга жардам берүү үчүн иш-аракеттердин алгоритмдери жана атайын санариптик чечимдер менен иштөө боюнча көрсөтмөлөр иштелип чыкты. Ошондой эле, калк үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында байланыш каналдарын көбөйтүү боюнча чаралар көрүлдү. Андан тышкары, оорунун белгилери бар бейтаптарды багыттоо, мобилдик топторго маалыматты ыкчам өткөрүп берүү механизмдери иштелип чыккан.

118 кызматынын жумушун күчөтүүнүн максатында төмөнкү блоктор киргизилген:

  1. баштапкы кеңеш берүү;
  2. СМС билдирүү албасаңыз, ПЧР тестинин натыйжаларын берүү. Сертификаттар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна берилет;
  3. Ооруканалардагы бош орун керебеттер жөнүндө маалымат берүү;
  4. эмдөө пункттары жөнүндө маалымат берүү;
  5. мобилдик топту пациенттин дарегине жөнөтүү, белгилери байкалганда гана — жалган чалуу үчүн административдик жоопкерчилик каралган;
  6. пациенттерге жолдомо берүү;
  7. квалификациялуу дарылоону дайындай турган үй-бүлөлүк дарыгердин байланышы;
  8. оор кырдаалда — тез жардам кызматын чакыруу керек.