“Улуу жеңиш: тарых жана бүгүнкү күн” аталышындагы конференция өтөт

Улуттук илимдер академиясында 4-майда улуу Жеңишке арналган “Улуу жеңиш: тарых жана бүгүнкү күн” аталышындагы конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык иш-чарага окумуштуулар, Конференцияны УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту уюштурууда. Ага ЖОЖдун окутуучулары, коомдук ишмерлер жана аспиранттар чакырылат. Тегерек столдун катышуучуларынын макалалары Россиялык илимди цитирлөө индекси (РИЦИ) индексине ээ  “История. Археология. Этнология” илимий журналына жарыяланат.

Конференциянын алкагында жарыялана турган илимий макалалар тууралуу маалыматты tem75@mail.ru электрондук дареги аркылуу алууга болот.