Кыргызстанда абанын температурасы 42 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө

7-9-июль күндөрү өтө ысык аба ырайы болору болжолдонууда.
АКИpress агенттигине Кыргызгидрометтен билдиришкендей, бул күндөрү абанын температурасы түнкүсүн 25 градуска чейин, күндүз 37-42 градуска чейин жетиши мүмкүн. Тоо этектериндеги айылдарда абанын температурасы 38 градуска, Нарын облусунда 37 градуска, Ысык-Көл облусунда 35 градуска чейин жетет.
Бирок, 10-июлдан тарта аба ырайы бир аз салкындашы мүмкүн. 11-12-июль күндөрү кыска мөөнөткө созулган жамгыр жаашы ыктымал.
«Июль — Кыргызстанда ысык, кургакчылык болгон ай болуп эсептелет. Абанын ысышы көпчүлүк учурда 40 градуска чейин жетет. 2015-жылы Бишкекте бир жума бою абанын температурасы 39-40 градус болгон», — деп айтылат маалыматта.