Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

 Буга чейинкисин бул жерден окуңуздар 

“Э, балам, жаш кезде көп нерсени аңдабай жүрө берет экен адам. Улам жаш өйдөлөгөн сайын убакытка көп нерсени уттуруп ийгениң баамдайт экенсиң. Өкүнөт экенсиң, өксүйт экенсиң. Баарынан азабы, ошондо деле колуңдан эч нерсе келбегенин айт…” – деп күрсүнгөн атасы: “Бечара Алымкан. Маалында маралдай болгон кыз эле, чиркин! Каректери тим эле капкара болуп, бадырайып турчу. Жүрөгү да шок эле. Менин жактырып жүргөнүмдү, бирок батынып, сырымды айта албас мококтугумду да билчү. Өзүнүн да мага кайдыгер эмес экенин көздөрү айтып турчу. Мен куруюн… Деги, эсиңде болсун уулум, эркек кишинин чагылгандай өктөмдүгү, курчтугу эле жакшы экен… Ошентип жүрүп алдырып жибердим.

Ошо кезде атам байкуш: “Ушу баламдан бирдеме чыгат, байбиче, байкап жүрөм. Ата-тегибиздин касиети ушуга оогон бейм. Саяпкер болуп койсоңуз”, – деп мени Бүбү энеге шакирт кылып берген. Ыраматылык эненин менден улуураак баласы бар… “Кудай каары, мээсин ачып куйса да мындан эчтеке чыкпайт!” – деп ошо уулуна кээде нааразы болуп калар эле. Бир күнү эле анан менин атамды, дагы бир-эки кишини кошуп, ата-энесине жуучу түшүп барып, ошол уулуна Алымканды алып келишти. Андай касиеттүү кишиге ким каршы чыга алат. Назарына калбайлы деп беришкендир да.

Мен ошондон тартып ал үйгө барбай койдум. Устатыма да, атама да катуу таарынып, бул өнөрдү да уланткым келбей калды… Алымкан болсо, тилинен да, колунан да келген тири карак келин болду. Ургаачы болсо да, мага караганда курчтугуна таң берчүмүн. Анткени, айылдын жакшылык- жамандыгында, карпа-курпа кездеше калган кездерде менин карек оту бар дүйнөмдү көзөп кетчү. Анткени, ошол караштан, ошол көздөрдөн мен таарыныч байкачумун. Ансайын жепирейип, кичирейе түшкөнүмдү сураба! Элдин ушагынан, анан да сенин апаңдын жемесинен, баарынан да кыраакы устатымдын каарынан коркуп, канчалык карегимди толтуруп карагым келсе да мен аны карай албай, кайпактап кетер элем.

Алымкандын азыркы тагдырын болсо өзүң көрүп турасың, тил-ооздон калып, оорукчан болуп калды. Атаганат десеңчи, баягыда Бүбү эненин касиетин акыр аягына чейин алып калганымда, жок дегенде оору азабынан арачалап калат белем деп өкүнөм!.” – деп бир катуу өксүгөн атасы. “Ата, – деди эми Алымкандын тамырын кармап, ушуларды көз алдынан чубатып отурган Асан оюнда. – Ошол аял эми сиздин көз алдыңызда жыгылып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда, кантип таштап кеттиңиз? Сиздин биринчи, таза сезимиңизден да, адамдык парсыңыздан да – элдин ушагы менен куру намысыңыз, пендечилигиңиз күчтүүлүк кылдыбы?! Кантип, ата?!”

Атасынын көз алдына келе калган элеси адатынча уулунан көзүн ала качып, уялганынан жанын коерго жер таппай турду. Ансыз да сары чийкил жүзү кызарып, турган ордуна батпай, чебеленип-тегеренип кетти: “Мен ит болдум, балам! Ит болдум! Кечир? Анын үстүнө, Бектемирди таштап кете албай… Өзүң деле көрбөдүңбү… Бирок мен сага ишенем, балам. Мен билгенди сен да билесиң, сага ишенем…” – дегендей болду атасы.

Өз оюнан өзү чыйралгандай, Асан көкүрөк кере дем алып, баш көтөрдү.

– Бектемир байкемдин акыбалы кандай? — деди анан агаларына карап.

– Бара көрөбүз го, – деди Мукан. – Биз орто жолдон эле сени издеп… кайра келбедикпи.

– Мениби..? – таң калгандай карады Асан. – Көпкө издедиңерби?

Экөө бири-бирин карашты.

– Сен бу жерге эмне болуп келгениңди билесиңби?

“Эмне болуп келдим эле?” – эстегенге аракет кылды Асан. Бирок Бектемирди жардан алып чыккандарын, Абылай атып өлтүргөн кара чаардын жерде сороңдоп секирген башын, Жер-Куйдун түбүнөн жайнап чыккан жыландарды, Кызмончоктун Актуякты кара терге түшүрө чаап келгенин, Алымкандын жыгылганын, Кызмончоктун:

“Жеңеме жардам бергиле?” – деп ыйлаганын, аны угуп да койбой, аларды айланып өтүп, жоон топ эркектин узап баратканын гана эстеди. Андан кийин эле алай-дүлөй түшкөн бороон-чапкын болуп, уюлгуган чаңдан эч нерсе көрүнбөй калганын, бир убакта эсине келсе эле ушул жерде жатканын, Кызмончок менен Жанга жолукканын эстеди. Бирок ага бул жерге кантип келип калганы табышмак болуп туруп алды.

– Мен бу жерге кантип келдим? – оюн сыртка угуза айтып алды Асан.

(Уландысы бар)