Айлык акысы аз ак халатчандар ак иштей алабы?

Медицина тармагында алдыга жылуу деп медициналык жабдыктардын келишин гана айтып, бирок дарыгерлердин социалдык абалдарын эстебей калгандайбыз. Тактап айтканда үйгө муктаж болгон дарыгерлердин саны 30%дан ашууда. Баягы эле айлык акыларынын аздыгы көйгөй бойдон калууда. Мындан сырткары кийген ак халаттарынан тартып өз акчаларына сатып алышса, бир күндө онго чукул оор операцияларды жасап, тикесинен тик туруп, күзөттө уйкудан калган дарыгерлердин ден-соолуктары кандай, мамлекетибиз аларга кандай колдоолорду көрсөтүүдө? Мына ушул жана башка суроолорго КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Жазгүл КИЙИЗБАЕВА жооп берди.

– Жазгүл Ильичевна, өлкөдө канча дарыгер бар, алардын жаш курактары кандай?

– Биринчиден менин бул кызматка кирип иштеп баштаганыма алты ай болду. Алты айдын ичинде бир топ жакшы иштерди жасаганга жетиштик. Айрымдар мени медициналык билими жок иштеп жатат дешет, тактап айта кетсем, статс-катчылык кызматына кирүүдө мыйзам боюнча медициналык билим талап кылынбайт экен.

Учурда саламаттыкты сактоо тармагында 13 432 врач бар. Андан тышкары 33 миң орто медициналык кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен жогорку категориядагы – 3989, биринчи категориядагы – 1255, экинчи категориядагы – 543, ал эми категориясы жок 5787 врач бар. Пенсия курагындагы – 2708 дарыгер иштейт. Анын ичинен эң көбү Нарын облусунда – 51%, Ысык-Көл облусунда – 35%ды түзөт.

– Дарыгерлердин алган айлык акылары, социалдык маселелери тууралуу дагы айта кетсеңиз?

– Баарыбызга белгилүү болгондой, бюджеттик каражаттар төмөн каралгандыктан бир врачтын алган айлык акысы орточо 5500 сомду түзөт. Дарыгерлер категория системасы боюнча айлык алышат. Белгилей кетсек, алгачкы медициналык санитардык жардам боюнча кызматкерлердин эмгек акысы тар профилдеги адистердин эмгек акысына салыштырмалуу 20%га төмөн болууда. Негизинен республикабызда пенсиядагы жана пенсияга жашы жетип калган дарыгерлер эмгектенишет. Айлык акынын аздыгынан коңшу өлкөлөргө кетип жаткан адистердин агымы токтой элек, себеби ал жактарда 3-4 эсе жогору төлөнөт. Өзгөчө айыл жеринде иштөөдөн баш тартууларынын себеби дагы айылдын инфраструктурасынын начардыгы, иштөөгө шарттардын жоктугу адистин кесиптик жактан өсүшүнүн чектелүүсүнө алып келет. Буга жергиликтүү бийлик органдарын тартууга атайын иштердин жеткиликтүү жасалбай жаткандыгы дагы себеп болууда.

– Сиз айткан категориялардын жыйынтыгы кандай, ал система жакшы десек, коррупциялык элементтер эмнеге токтобой жатат?

– Менин жеке оюм боюнча категориянын кереги жок. Биринчиден, дарыгер өзүнүн билимин тастыктап турушу үчүн компьютердик тестирлөөдөн жана оозеки экзамендерден өтөт. Тесттен өткөрүүгө биз көзөмөлдүк кылбайбыз. Атайын тест өткөрүүчү ассоциациялар уюшулган, биз болгону протоколдордун негизинде кол коюп беребиз, колдоруна тесттен өттү деген сертификат алышат, андан кийин алардын айлык акыларына кошумча 2 миң сом төлөнөт. Врачтар категориясын өз учурунда ала алышпай калышса же мөөнөтү өтүп кетсе, анда акчасын дагы ала алышпай калат. Экзаменден өтсө деле сертификаты даяр болбой кечигип калса, даяр эмес деп акчасын төлөшпөйт. Бул жагынан караганда бул система такыр туура эмес деп ойлойм. Андыктан категориялык баскычтардан өтүүнүн жеңил жолун табалы, аны менен бирге коррупциялык жолдорго бөгөт коёлу деген сунушумду киргизип жатам.

Дагы бир мисал, облустарда тест борборлорунун филиалдары бар, борборго убагында жете алышпай, жолдун алыстыгынан кечигип келишет, эптеп тесттен өткөндөн төрт айдан кийин араң сертификат алышат. Орто медициналык кызматкерлерге дагы категориялар берилип келүүдө, алар деле өз убагында ала алышпайт. Ушундай жагдайлардан улам, терең изилденбеген системаны тартипке келтирүү үчүн жакынкы арада толук чечели деп турабыз.

– Депозиттик программа боюнча канча адистик орун бар жана жаш врачтардын иш менен камсыз болушу кандай?

– Быйыл Медициналык академиянын ординатурасын окуп бүткөндөрдү эки жылга клиникалык ординатурада иштесин деген чечим кабыл алдык. Алар кадимкидей кызматкер катары кабыл алынып, айлык акылары төлөнүп берилет. Жергиликтүү бийлик тарабынан колдоолор болот, социалдык маселелери дагы чечилет. Ал эми дарыгерлердин депозит программасы боюнча 150 орун толукталганы турат. Үч жылдык мөөнөттөгү келишим менен барып иштешет. Алар квартал сайын 30 миң сом алып турушат, бул акча алардын андан ары ишенимдүү иштеп кетишине колдоо болот.

– Дарыгерлердин үй-жай муктаждыктары боюнча кайрылып жатасыздарбы?

– Дарыгерлердин 30%ы үйгө муктаж. Көп жылдардан бери медиктерге үй салып берүү маселеси чечилбей келе жатат. Мугалимдер менен дарыгерлерди ипотекалык программа боюнча үй алгыла дешкен. Бирок, дарыгерлердин айлыктары аз болгондуктан үй-бүлө мүчөсүнүн тапкан кирешелери дагы ипотеканын талаптарына жооп бербегендиктен төлөй алышпайт экен. Ошондуктан өзүнчө үйлөр салынып берилсе деген сунуш өтүнүчүбүздү айтып, каттар аркылуу кайрылып келебиз. Акыркы учурда көп министрликтер үй маселесин чечип келе жатышат. Бизге дагы буюрса, үйлөр салынат деген үмүттө турабыз.

– Жалпы канча дарыгер жетишпейт?

– Бүгүнкү күндө республика боюнча 20% дарыгерлер жетишпейт. Депозиттик орундар дагы бар. Райондун борборлорунда 80% жаш курагы өткөн адистер иштеп келет. Жогоруда белгилеген 2 жылдык клиникалык ординатурага жибергенде деле маселе толук чечилбейт, себеби үй-жай маселеси толук чечилбесе ал адис кайра кетип калышы мүмкүн. Эң аз болгондо 20 миңдин тегерегинде айлык алып калышса жакшы болмок, бул райондун шартында жакшы эле акча болор эле. Мындан сырткары жер бөлүп берилсе, айлык акылары көтөрүлсө деп тынбай айтып келебиз. 5 миң сомго бала-чакасын кантип багат? Коррупциянын көбөйгөнү дагы айлыктын аздыгына барып такалат.

Бактыгүл МУНДУЗОВА,

“Кыргыз Туусу”