Пак Кын Хе өлүм жазасына кесилди

Түндүк Кореянын соту Түштүк Кореянын мурунку президенти Пак Кын Хени сырттан өлүм жазасына кести.

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе менен Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын жетекчиси Ли Бен Хо сырттан өлүм жазасына кесилди. Түштүк Кореянын соту ушундай өкүм чыгарып, соттун мындай оор жазасына Түндүк Кореянын мамлекеттик коопсуздук министрлиги, борбордук прокуратурасы жана коомдук коопсуздук министрлиги дагы макулдугун берген.

Пак Кын Хе 2017-жылы президенттик кызматтан бошотулуп, ага карата кылмыш иши козголгон. Экс-президент жемкорлук, кызматтык абалынан ашыра пайдалануу, мамлекеттик жашыруун маалыматтарды жарыялоо беренелери боюнча айыпталууда.