Ардагерден ак тилек

(Сүрөттө: Б.Абдылдаев, биринчи катарда солдон оңго үчүнчү)

Абдылдаев Бексултан 1932- жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. 1948-жылы Нарындагы медициналык окуу жайын аяктаган. 1958-1961-жылдары Фрунзедеги базалык медициналык окуу жайынын фельдшердик бөлүмүн бүтүргөн. 1950-1957-жылдары Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Кош-Дөбө, Арал фельдшердик-акушердик пункттарында жетекчи болуп иштеген. 1957-1966-жылдары мурдагы Тянь-Шань районуна караштуу Дөбөлү айылындагы ФАПты жетектеген. Ак-Муз айылдык участоктук ооруканасында 28 жыл эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ат-Башы районунун ардактуу атуулу.

Бексултан ата медицина тармагында иштеген 50 жыл аралыгында Ат- Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүн, Арпа жайлоолорун ат менен кыдырып, малчылардын, жаш балдардын ден соолугун текшерип, дарысын жеткирип берип, ийнесин сайып, катуу ооругандарын ат менен райондук ооруканага жеткирип, түйшүктүү иштерди аркалаган.

“Бүгүнкү күндө бир канча реформа жүргүзүлүп келсе дагы саламаттыкты сактоо тармагында медициналык тейлөө сапаты оңоло элек. 28 жыл өзүм иштеп кеткен Ак-Муз айылындагы үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер тобуна жаш врачтар келбегени көйгөй бойдон калууда. Ал эми мен иштеген учурда медицинада заманбап унаалар жок эле, өзгөчө фельдшерлер үчүн оор болчу. Бирок машине бербесең барбаймын деп жатып алышчу эмес. Биринчи элдин саламаттыгын ойлоп, милдеттүү түрдө ишибизди аткарганга тырышчубуз. Азырчы, фельшерлер жок баягы, болсо да кычыраган кабинеттерде отурушат, ишинин жыйынтыгы жок, оору көп, аларды таап келейин дешпейт. Ооруган адам өзүнө-өзү дарыгер болуп алган учурлар көбөйүүдө” – дейт Бексултан ата.

Учурда ардактуу чоң ата болуп небере-чөбөрөлөрүн эркелетип кутмандуу карылыкта жашап жатат. Бексултан ата 10 баланын атасы, жубайы Шакин апа экөө балдарына татыктуу тарбия берип, билимдүү кылып өстүрүштү. Алты баласы ата жолун жолдоп, медицина тармагында эмгектенишет. Балдарынын ийгиликтерине кубанып, неберелерин эрмектеп, бактылуу карылыктын төрүндө жашап жаткан учуру. Азыр деле эл аралап коомдук иштерге аралашып, кеп кеңешин берип келет.

““Кыргыз Туусу” гезитин калтырбай окуйм, жаш кезимден окуп келе жаткан гезит катары, жакшы маалыматтарды ушул гезиттен табам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кесиптештеримди кесиптик майрамдары менен куттуктайм. Түмөн түйшүктүү иштеринде ийгиликтери артып, эмгектери бааланып, элдин саламаттыгы менен талыкпай күрөшө беришсин. Өздөрүнүн дагы ден соолуктары бекем болсун, оорушпасын”, – дейт Бексултан Абдылдаев.

Бактыгүл МУНДУЗОВА, “Кыргыз Туусу”