КР Эл артисти Талгар ЖАКШЫЛЫКОВ: «Аралда төрөлүп атамды кубанткам»

Талгардын атасы Керим Жакшылыковдун “Жолугабыз аз күндө” деген обону эң көп ырдалган чыгармаларга кирет. Керим ага аз, бирок, саз обондорду жазган. Мергенчилик өнөрдү аркалап, тоо-ташта конуп-түнөп, жаратылышка киндиктеш жашоо образын тандап алган адам эле. Ошондуктан КР эл артисти, өтө сейрек бас үндүү атактуу уулу Талгардын жарык дүйнөгө келиши дагы романтикалуу болуптур. 

Жер кепедеги жыландар, Балкаштагы балалык

“Атам эле эмес, апам да мылтык атканды жакшы көрчү. Союз учурунда мергенчилердин атайын коому бар эле. Мылтык, ок-дары, капкандар менен куралданган мергенчилер узак мезгил ууга чыгышчу. Атамдар бизди алыскы тоолорго ала кеткени эсимде, – деп эскерет балалыгын ырчы Талгар Жакшылыков. – Төрт-беш жаштагы балалык күндөрүм али да эсимде. Тоодо мергенчилер жасап алган жер кепеде ойноп отурчумун. Балкаш көлүндөгү ошол “үйүбүздүн” боорунан кум эшилип түшүп тургандыктан, камышты кыркып келишип, “дубал” кылып тосуп коюшкан. Жер кепенин үстүнөн жыландар чубалып кулап турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жыландын улам бири камыштын арасына сойлоп кирип баратканы биз үчүн көнүмүш болчу.

1964-жылдын күз айлары экен. Атам балдарын, ай-күнүнө жетип турган апамды Балкашка кошо ала кетет. Көлдүн ортосундагы аралда мергенчилердин түнөгүнө айланган камыш үй болуптур. Ал жерде бир орус кемпир мергенчилерге тамак бышырып иштечү экен. Совет учурунда мергенчилер өкмөткө тери өткөрүп, салык төлөп турушуптур. Андай жерде төрөткана кайдан болсун. Толгоосу чукул кармап калган апамды кайыкка салып алып, атам жээктен аралды көздөй ошол орус кемпирге алып барбаска аргасы жок эле. Кепе ичинде мергенчилер ичкиликтен “сеп этип” алышып, алагүү болушуп, ар кимиси аткан олжосуна эрдемсинип сүйлөп эс алып отурушуптур. Орус кемпир апамдын толгоосу бышып калганын көрүп, дароо эле эркектерди кепеден “айдап” чыгат. Мен жарык дүйнөгө келип, алгачкы жолу “аа-а” деп, “ырдап” түшкөнүмдө, тиги кемпир сырттагыларга: “Эй, жигиттер, бул жарык дүйнөгө дагы бир адам келди. Уул төрөлдү!”, – деп сүйүнчүлөптүр. Ошондо дуулдаган топ мергенчилер асманга ок атып, ураалап кыйкырышат. Көзгө атар мергенчилер учуп бара жаткан жапайы өрдөктөрдү атып түшүрүп, менин төрөлүшүмдү майрамга айлантып жиберишиптир. Кийин эр жеткенде апамды аман-эсен төрөтүп, мага киндик эне болгон ошол орус кемпирди издөөгө аракеттендим. Бирок, союз ыдырап кетип таппай калдым. Кичинемде раматылык чоң энем атамдын капканын алып, андан менин бутума чактап “коньки” жа- сап, жип менен таңып берчү. Чоң энем мени жетелеп алып “коньки” тептиргени эсимден кетпейт.

Италиядан тапкан Аньеза апам

1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы өткөрүлгөн чоң майрамда ырдадым. Ал кездеги президент А.Акаев тойго байланышкан расмий жыйындын биринде: “Талгардай таланттуу жаштарыбызды Италиянын дүйнөгө белгилүү мыкты академияларына жиберишибиз керек”, – деп айтып калды. Мен ошол жерден ага: “Сиздин сөзүңүздү жерде калтырышпаса эле болду”, – деп айта салдым. Ошол окуя КР эмгек сиңирген артисти Э. Асанкулова экөөбүздүн Италияга барып окуп калышыбызга түрткү болду.

Ал эми башында менин вокалдык искусствого багыт алышыма ата-энемдин түрткүсү чоң. Үй-бүлөбүздө бир тууган эжем Шайыргүл Супатаева КР эмгек сиңирген артисти, Ысык-Көл облустук драма театрында ишейт, дагы бир эжем Гүлбарчын Жакшылыкова кесипкөй дирижер. Ар дайым чет мамлекеттерге барганда ал жактын элинин маданиятын, жашоо образын өзүбүзгө салыштырам. Мен Италиянын Кальи шаарында жашадым, дүйнөгө белгилүү опералык баритон, вокалдык искусство боюнча улуу педагог Марио Меланиден сабак алып, Марево Дель Монако академиясында окудум. Ал жакта окуган эки жылдын ичинде ушул элдин маданиятынын бийиктигине таң калып бүтө албадым. Кальиде 60 жаштагы Аньеза кожойкенин үйүндө ижарада турдум. Анын бир уулу жана кызы бар эле. Бул үй-бүлө италиялыктардын орто деңгээлде жашагандарына кирчү. Аньеза айым короосунда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерден банкелерге толтуруп, кышкыга салат даярдаганды жакшы көрчү. Аньеза айым өз колу менен жасаган тамактардын ырыскысы, берекеси көп болот деп эсептечү. Камыр жууруп жатканда жакшы ойлорду ойлоп, балдарына бакыт, ийгиликтерди тилеп жасарын айтчу. Аньеза айым мага тез эле өз апамдай жакын болуп кетти. Аларда адамга карата гумандуулук, чын дилден мамиле жасоо маданияты өтө бийик. Бир эле мисалды айтайын. Жергиликтүү калк кийимдерди көп убакыт кийип жүрө беришпейт. Жаңыраак кезинде таптаза жууп, үлпүлдөтүп үтүктөп, баштыктарга салып, өз баласына берчүдөй бапестеп, көчөгө чыгарып коюшат. Кийимдерди жума сайын кыдырып, чогултуп кетүүчү атайын кызмат иштейт. Айрым учурда ал кийимдерди эмигранттар же башка муктаж болгон адамдар алып, өзүнө туура келген керектүүсүн кийип алышат. Калганын кайра баштыкка кылдат бүктөп салып кете беришет. Италияда четки шаардын калкынын маданияты ушуга жеткен. А биздин Бишкекте таштандыны челекке ыргытканды эч кимге үйрөтө албай келебиз…

Аньеза мени квартирантындай эмес, өз уулундай жакшы көрүп мамиле жасачу. Ал байпагыма чейин жууп, үтүктөп, таптап ордуна салып койчу. Мен ага: “Кийүүгө үлгүрө элек таза көйнөгүмдү деле жууй бересизби?”, – дечүмүн. Ал болсо: “Сен керебетиңе ыргытып кеткендигиңден улам жууш керек экен деп ойлодум”, – деп жооп берчү. Бир жолу Аньеза апа өзүндөй эки кемпир менен мопед минип алып, тоого козу карын жыйноого кетишти. Эртеси эртең менен ал бөлмөмдү тыкылдатып: “Кечирип кой уулум, мен кечээги козу карындан пицца жасап, сага бир кесимин калтырып койдум эле. Кечинде берейин десем уктап калыптырсың”, – деп, мээримдүү жылмайып турду. Италиялыктардын адамга жасалма мамиле кылгандарын көргөн жокмун. Эгерде италиялык адамды калп эле мактап жатканың сезилип калса, ал “сен эмне мага чын дилден мамиле кылбайсың”, – деп, таарынышы ыктымал.

Тоону кордобо, жерге түкүрбө

Мындан бир нече жыл мурда шайлоо кампанияларынын алдында тоолордун бооруна агитациялык лозунгдарды жазуу адаты катуу орун алып кеткен. Мен ошондо “Вечерний Бишкек” гезитине маек берип, мындай көрүнүштөрдү вандализм деп айыптап чыккам. Ошол жылдары эле коомдук жайлардагы адеп-ахлак маселесин көтөргөм. Бекеринен элибизде: “Суу ичкен кудугуңа түкүрбө”, дейт. Мен “Коомдук жайда түкүрүнбө, эл биригип сага түкүрсө, ал көлгө айланып чөгүп кетесиң”, – деп салыштырып айткам.

Маданияттуу мамлекеттердин жарандары рюкзакты аркасына асынган бойдон коомдук унааларга кирбейт. Эреже боюнча рюкзакты чечип, курсагы тушуна көтөрүп алууга тийиш. Коомдук унааларда далыдан өйдө жүк көтөрүп турууга уруксат жок. Сыртка чыкканда гана кайра далысына асынып алууга болот. Ал эми Бишкектин маршруткаларында элдин көптүгүнөн “кулак тийишип” турганына карабай, рюкзакты аркасына көтөргөндөр башкаларга ыңгайсыздык келтиргени менен иши жок. Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата, “Түкүрбө!”, – деген акциялар жүрүп жатканына кубанып жатам. Ушул акцияларга атактуу спортчулардын катарында менин уулум Атай да активдүү катышууда.

Чолпонбек Базарбаевди спортсменге айландыргандар…

Өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан бери маданиятка көңүл бурулбай келе жатат. Биздин А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрындагы бир эле көйгөйгө токтолуп көрөйүн. “Айчүрөк” операсы 1939-жылы алгачкы ирет В.Власов, А.Малдыбаев жана В. Фере тарабынан коюлган. Мына ошол жылдардагы “Айчүрөк” операсына тигилген костюмдар биздин күндөргө чейин сакталбай калды. Бул улуттук театр искусствосунун көөнөргүс тарыхы, баштапкы мөлтүр булагы эмес беле. Ошондогу кийимдер таза баркыттан тигилип, кездемелери сапаттуу болчу. Аялдардын көйнөгүнө кол менен кынаптап тигилген шурулар, акак таш менен берметтерден дайын жок. Ала-Тоодой заңкайган элечектер, кундуз жакалуу кийимдер көз жоосун алчу. Бакайдын таза кайыштан, күмүш чегерилип жасалган кемер куру азыр кайда экенин эч ким билбейт. Аларды келечек муундарга керездеп калтыруунун ордуна улуттук искусствону баалоого даремети жетпеген жетекчилердин тушунда баарын чогултуп өрттөп салышыптыр. Кыргыздын европа үлгүсүндөгү алгачкы театр искусствосунун көөнө тарыхын түптөгөн улуу инсандар кийген кийимдеринин, спектаклдердин декорацияларынын орду түбү калбады.

Эми биздин ушул жоругубузга Москванын Чоң театрындагы жагдайды салыштыралы. Мисалы, 1938-жылы дүйнөдөн кеткен орустун улуу ырчысы, СССРдин эл артисти Фёдор Шаляпиндин кийимдери көздүн карегиндей баспестелип сакталып коюлган. Биздин театрда Абдылас Малдыбаев, Болот Миңжылкиев, Бүбүсара Бейшеналиева, Сайра Кийизбаева, Мариям Макмутова, Чолпонбек Базарбаев ж.б. улуу инсандарыбыз ким болгондугу, алар катышкан этаптуу спектаклдер тууралуу ар жылдары гезитке чыккан макалалардан башка жарытылуу эч нерсе чогултулган эмес. Жылына театрдын музейине деп бир аз каражат бөлүнгөнү менен натыйжалуу иш жок. Ал турсун театрдын музейин жетектеген адам искусство таануучу адис, музыка таануучу же бери дегенде адабиятчы болушу керек. Анын ордуна кесипкөй эмес адамдар иштеп келүүдө. Эми жок дегенде азыркы күндө иштеп жаткан көзү тирүү залкарлар тууралуу материалдар жыйнала башташ керек. Бүгүнкү күндө К.Сартбаева, Э.Молдокулова, С.Чоткараева ж.б. ар бири кайталангыс таланттардын өз-өзүнчө атайын стелаждары болушуна кам көрүлүшү керек. Анткени, табият тартуулаган нукура талант ар жыл сайын жарала берчү нерсе эмес. Театр өнөрүн кадырлаган өлкө сейрек таланттарынын топчусун жерге түшүрбөйт. Маданиятка “артынды”, “калдык” позициядан мамиле жасабайт. Кыргыздын улуттук искусствосу чет элде бааланганы менен өзүбүздө баркы жок. Ушундай мамиленин кесепетинен жаштарды мындай коёлу, сом, долларды уучтап жүргөн бизнесмендерибиз Тоголок Молдону, Курманжан датканы, Токтогул Сатылгановду, Саякбай Каралаевди, Сүймөнкул Чокморовду ж.б. билишпейт. Ал түгүл Жогорку Кеңештин айрым депутаттары улуттук акчадагы инсандарыбыз ким экенин бир сайттын журналистине айтып бере албай уят болушпадыбы. Мына азыр сиз экөөбүз көчөдө өтүп бара жаткан жаштардын бир-экөөсүн токтотуп, Чолпонбек Базарбаев ким экенин сурап көрөлүчү. (Талгар ага менен бирге айрым жаштарды токтотуп, ушул тууралуу суроо бердик. Алар Базарбаевди боксер, журналист, депутат ж.б. деп жооп берип жатышты) Бир гана аксакал адам ал СССРдин Эл артисти, даңктуу бийчи, маданият министри, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун төрагасы болуп иштеген деп айтып берди.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,

“Кыргыз Туусу”