Ташкент — Ысык-Көл аба каттамы ишке ашты

4-июль күнү Ташкент — Ысык-Көл аба каттамы аркылуу 200гө жакын эс алуучу Ысык-Көлгө учуп келишти. Эми аталган каттам жумасына бир жолу аткарылып турат. Эске салсак, бул аба каттам акыркы он жылдан бери биринчи жолу ишке ашып жатканын «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

«Бул иш-чараны уюштуруу үчүн дипломаттарыбыз көп иштерди аткарды. Эсиңиздерде болсо керек, жаз айларында Ташкенттеги элчилигибиз бир катар туристик иш-чараларга катышып, Кыргызстандын туристтик потенциалын презентациялаган, анан кийин дагы бир катар жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен жакшы жыйынтыктар болууда. Ошентип, Ысык-Көлүбүзгө Өзбекстандан биринчи туристтер учуп келишти. Самолеттун бортунда Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Анвар Насыров жетектеген өзбек делегациясы келип, аларды кырыз тараптан Тышкы иштер министринин биринчи орун орун басары Динара Кемелова тосуп алды. Алардан тышкары, Бангладеш, Вьетнам жана Малайзиянын Элчилери катышып, Кыргызстандын туристтик потенциалына жогору баа беришкенин айтышты. Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулады, ошондой эле күн тартибиндеги бардык кыргыз-өзбек комплекстүү мамилелери боюнча мамилелерди такташышты.
Эки өлкөнүн ортосундагы достук ушинтип улана беришине бардыгыбыз тилектешпиз деп ойлойм»,-дейт ТИМдин басма сөз кыматынын жетекчиси А. Кулукеева. 

«Манас» аэропортунун маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, Алматы — Ысык-Көл каттамы аркылуу жумасына сегиз жолу чет элдик авиакомпаниялардын учактары каттайт. Ошондой эле 5-июлдан тарта Чолпон-Ата шаарына Новосибирск шаарынан түз учактар каттай баштайт. Аталган авиакаттамдар Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун башталышы менен өз ишин баштады.

.