Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

 (Буга чейинкисин бул жерден окуңуздар)

 

Кызмончок экөө тиктешип калышты.

Ансыз да өзүнүн көп нерсеге акылы жетпей отурган Кызмончок: “Билбейм”, – дегендей башын чайкады.

Ушу учурда Алымкан ойгонду.

– Жеңе? –Кызмончок анын бириндеп учкан аппак саамайларынан, маңдайынан сылады. – Кантип калдыңыз?

Алымкан отургандарды даана көрүп,

тааныды эми.

– Кызмончок?.. – санааркай, боору ооругандай тиктеди, кандайдыр айыптуудай. – Кызыке?

– Жеңе?! – Алымкандын башын кучактап, бооруна кысты келин. – Баары жакшы. Экинчи минтпей жүрүңүзчү?!

Мукан менен Калыс бири-бирин карашты. Бул карашта: “Бул экөөнү эмне кылабыз? Алып кетебизби же таштайбызбы?..” “Билбейм… Алып кетсек, айылдыктарга эмне деп барабыз? Асан менен кеңешеличи…” – деген маани бар эле.

Мукан башын ийкеп, Асанды ары жакка чакырды:

– Асан, жүрчү, кеңешели.

Четтеп баргандан кийин:

– Айылдагылар күтүп калышты го, – деди. – Дагы бир балакет башталып кете электе кетели. Кеч да кирип келатат.

– Буларды эмне кылабыз? – Калыс Алымкан менен Кызмончокту жаңсады.

– Алып кетебиз, – Асан шыр, чечкиндүү айтты.

– Ал эмне дегениң? Кайда алып кетебиз?! – Калыс кысаңдап кетти.

– Анан таштап кетели деп турасыңарбы?!

– Элге эмне деп барабыз?!

– Анда кете бергиле өзүңөр.

– Элден чыгасыңбы?!

– “Элден” деп коёт! – Асан “тарс” жарылып кетти. – Адамсыңарбы деги?! Силер эмес тетиги айбан деле таштап кетпей жүрөт го!

– Эй, көк мээ, биз адам болуп, адам экен деп сени издеп келгендей, жылан – жыланга келип атат! Сага эмес!

– Анда Алымкан апа да жылан экен да,ээ?! Эртең мен да жылан болуп чыгамбы ошондо?!

Асандын бакылдагынан улам Кызмончок менен Алымкан, Жан имериле карап, буларга кулак түрүп калышты.

– Акырын! – чаап ийчүдөй тап берди Калыс. – Ансыз да…

Эмнегедир Жан баш көтөрүп, сереңдеп тура калды. Ошону байкай койгон эркектер тынчып, акырындап калышты.

– Болуптур, Асан. Эмне кылалы дейсиң? Айтчы?

– Мукан байке, айтпадымбы!

– Анда кайра эле баягы ызы-чуу башталат. Абылай ата менен Сайра апа Кызмончокту күтүп атат дейсиңби?! Бектемир болсо, эчак эле талак берип салыптыр, албайт.

Бектемирдин талак берип салганын укканга Асан жандана түшкөндөй болду.

– Анда мен алам!

Экөө бири-бирин карашты:

– Мобул келесоо эмне деп атат өзү?!

Көз ачып жумгуча Калыс Асанды алка жакадан алып, экөө тирешип калышты.

– Акмак! Сени чындап эле жин даарыдыбы?!

– Коё бер деп жатам! Менин сендей агам жок! Коё бер дейм, болбосо…

– Болбосо эмне?!

Экөө бири-бирин басып жыгылышты.

Кызмончок ордунан тура калып, экөөнө чуркады. Ал жакындап келгенде жерде оонап жаткан жигиттер бири-бирин кое берип, үрпөндөп тура калышты. Алардын түрүн көргөн Кызмончок да жетип-жетпей токтоп, артына кылчайды. Зыпылдап келаткан Жандын түрү жаман болчу.

Кызмончоктун бир карашы аны токтотуп койгондой болду.

– Мукан, Калыс, – деди Кызмончок жигиттерге жакын келип. – Асан, мен үчүн жаман-жакшы айтышып кереги жок. Менин айылга барайын деген оюм да жок. Мындан аркы тагдырым, жашоом Кудайдын колунда. Бирок силерден суранычым, жеңемди алып кеткиле.

Бир нерсе айтучудай Асан обдула түштү эле, Кызмончок аны да токтотуп койду:

– Ыраазымын, Асан. Бирок сенден суранарым, сен да кет! Алымкан жеңемди сага, сени Кудайга аманат. Көрүп турбайсыңбы, ал мында кала албайт!

– Кызмончок? – деди жыгылып кетчүдөй тамтаңдай түшүп, бутун сүйрөп араң келаткан Алымкан. – Кетсек да, калсак да чогуу… Мен ансыз да башка жардымын. Жанымда бол. Талаада кандай күн көрөсүң? Куруп каласың. Анын үстүнө… – ал андан аркысын айтпай, дагы баягысындайң көздөрүн ала качып, кайпактап кетти. Анын көздөрүндө: “Эгерде сен адам мээриминен алыстап кетсең эмне болорун билесиңби?! Анда мени Кудай, арбак да, өзүм да эч качан кечире албайм! Сенин жыланга айланышыңды каалабайм!” – деген маани жаткан.

– Кызмончок, макул десең… биздин үйгө барабыз. Тигини… – жыланды жаңсады Асан.

– Кааласаң аны да алып ал.

Ортону жымжырттык уялай түштү.

Жалгыз гана Жан ызасы, ачуусу жанына батып кеткендей, Асанды жек көрүп, адатынча бир катуу онтоп алды. Ойдолоктоп, куйругунун учу менен чыпылдата жер сабап жиберди. Бирок сабыр тутту.

Баягы күздөн бери ак эткенден так этип, сагынып келген Жан Кызмончок менен ушинтип жолугам деп эч ойлогон эмес. Адатынча бири-бирине ороло кучакташып, кубанычтан жер айланкөчөк болгуча айланып-тегеренип ойношуп, анан ата-энесинен да оолактап барып алышып сөздөрү такыр түгөнбөй сүйлөшүп, сагынычтарын айтышып, сырдашууну самап келген. Көрсө, баары эле өзүң күткөндөй, өзүң каалагандай боло бербейт экен. Айтор, буга чейинки бүт өмүрү бир тең да, ушул эки-үч күнү бир тең болуп кетти.

Кусалык, ыза, арманга толгон мына ушундай ойлор өпкө-жүрөгүн эңшерип, бар дүйнөсүн аңтар-теңтер кылып, кекиртеги өйдө сыгылып чыгып келе жаткандай эми көңүлү айнып, көздөрү караңгылай түштү. Асман-жер көчүп, айлан-көчөк болуп баратты… Эки колу менен оозун баса калып, отура калып окшуп жиберди.

Тээ бир топтон кийин Кызмончоктун тамырын кармап отурган Асандан калгандары жооп күтүп, атүгүл анын манжаларынын астында күрөө тамыры аста бүлкүлдөгөн Кызмончок да чыдамы түгөнгөнүп бараткандай, тиктеп отурду.

Эмнегедир, бир убакта Асандын өңү өзгөрүлүп кетти! Кызмончокту бир жалт тиктеп алып, кайра эле бат карегин тартып алды. Колундагы билекти таштап жиберип, кайдадыр тура чуркачудай комдоно түшүп токтоду. Көздөрүн жумуп, бирок ушу саам өзүн-өзү тынчытып жаткан окшоду. Ошондон кийин да келиндин тамырынан “уккан кабарды” буларга айтсамбы же айтпасамбы дегендей кайпактап кетти. Качан гана экөөнүн карек учкундары урунуша түшкөндө, Кызмончок анын көздөрүнөн баарын окуп, билип алды. Мени карачы? Чынбы?! – деди Кызмончоктун көздөрү анын ички дүйнөсүн көздөрүнөн аңтарып-теңтерип жаткандай такый тиктеп. – Чынбы?!.”

Асан башын ийкеп, эмнегедир ийнин солкулдата терең дем алып, улутунуп алды. “Боюнда бар экенин билсе, Бектемир байкем муну кое бербейт да эми!” – деген өксүк өзөгүн өрттөп, көкүрөк-көөдөнүн көсөп баратты.

– Эмне болду? – деди алардын түрүн байкаган Алымкан чыйпылыктап. – Жакшы элеби деги?! Кызмончок?!. – ыйлап жиберчүдөй үнү каргылданып, эриндери титиреп кетти.

Асан да, Кызмончок да унчукан жок.

Алымкандын ою башкага кетти: “Эмне балакет болуп кетти? Кара көзүм кашайчу кез жакындап калганбы?! Эми эмне кылам каран күн?! Ошол түндү каргыш алсын! Кайдан да уга койдум эле?! Кайдан да оозумдан чыгара койдум эле?! Кагылайын Кудай, арбагыңдан айланайын апакебай! Бир аргасын таап, каргышыңарды кайтарсаңар боло?! Тилимдин азабын жакшы эле тартпадымбы?! Эми эмне кылсам экен?! Ошондон көрө мени алсаңар эмне?! Мени жазалап, мени жылан кылып алсаңар эмне?!”

– Жеңе? – Кызмончок ага күлүмсүрөй карады. – Сиз ойлогондой жаман эмес… Баары жакшы! Коркпоңуз, баары жакшы…

Кызмончоктун бактылуу күлүмсүрөгөн ыраңын көпкө бүшүркөй тиктеген Алымкандын кубарып, кумсарып кеткен өңү өзгөрүп, көңүлү бир аз жайлангандай болду.

– Оозуңа май, кызыке… – деди шыбырап. Сыягы, ал да кептин чоо-жайын баамдады.

Кызмончоктун кош бойлуу экенин Жан да билди эми. “Жан, мен эне болот экемин!..” – деди ага Кызмончоктун күлмүндөй калган каректери.

Бирок жылан буга кубанган жок. Кудум Асанга окшоп, көңүлү тумандап кетти. Эми элеки айнектей болуп чекчейген тунук көздөрүн жука чел кабык каптап калды да, кудум айнектин сыныгына окшоп, жылт эт- кен эки тамчы жерге кулап түштү…

Ошого удаа эле карап тургандар жыландын үшкүрүгүн да угушту. Тээ куйругунун учунан башталып келип, көмөкөйүн титиретип келип, оозунан күч менен атылып чыккан кандайдыр кайгылуу, муңдуу, узакка созулган ышкырык ким-кимисинин көкүрөк-көңүлүн көзөп кирип, кайдадыр чыгып кеткендей болду.

Эми эле жүзү тамылжып, өзүн бактылуу сезе калган Кызмончок томсоро түштү. Эчактан күткөн ушул кубанычына Жанды кошо кубанат деп ойлогон. Баягы кездегидей мойну-башын койколоктотуп, бийлеп жиберчүдөй күткөн.

Ушунун баарын сездирип койгонуна бир чети өкүнүп кеткен Жан көп өтпөй эле адамдардан бөлүнүп, эми ушул бойдон эч качан кайрылбачудай, зыпылдаган боюнча кетип баратты…

Асан менен Кызмончок да, эмне болуп кеткенин түшүнбөй аңкайган беркилер да аны артынан карап турушту.

Кыйла жерге чейин тыным албай келген жыландын андан ары жүрүүгө алы келбей калды. Дөбөнүн боору өйдө кетип бараткан бойдон чубалып жатып калды.

“Жан?” – серпиле түштү Кызмончок. Чөк түшүп отура калып, адатынча ээгин көтөрө, мойнун койкойто созуп, көздөрүн жумду:

– Жан? Сага эмне болду?!” – туюму аркылуу үн салып, санааркай да, таарыныңкы да суроо узатты Кызмончок.

Жан муну укту. Бирок мелтиреп, атайылап эле жооп бербей жатты. Кызганып да, таарынып да ошенткен сыяктанды.

– Кантип? – Кызмончоктун карегине каканактап, жаш толуп кетти. –Чындап эле кубанган жоксуңбу?!”

Жанында тургандар бирде Кызмончокту, бирде тээ боордо чубалып жаткан жыланды карап, алардын ой аркылуу, сезим аркылуу сүйлөшүп жатышканын билгени менен, кеп эмне тууралуу экенине акылдары жетпей, дагы эмне болуп кетер экен деп чочулап, демдерин ичтерине катып, унчукпай турушту.

– Сени да, эне болуу бактысын да… Кандай күткөнүмдү билбейсиңби?

Жан түтпөй кетти:

– Билем. Анткени мен да сага жолугар күндү күткөм. Бирок баары мен ойлогондой эмес, такыр башкача болуп кетерин, ар дайым сагынып, антаңдап шашып келген, биздин балалыгыбыз, бактылуу күндөрүбүз өткөн үйүбүздүн ээн калып, менин да ата-энемдей сезиле берчү жакын адамдарымдын боз топуракка айланып, сенин күйөөгө тийип кеткениңди, артыңдан издеп жүрүп, канча азап менен тапканымда минтип, башка чапкандай абалда каларымды каяктан билипмин?!.

– Кечир?..Менин адамча жашагым келген…– Мен да жылан бойдон калсам дегем… Бирок сенин көкүрөк-көөдөнүңдө буккан муң, ый, жүрөгүңдүн ызалуу дүкүлдөгү угулуп, сезилип туруп албадыбы… Адамдардан көргөн ушунча азап-тозоктон кийин, сени биротоло мендик болобу дегем! Адамдар “акылга сыйбагандык” деп ойлогон бул окуяларга биз жооп табабыз деп ойлогом.

– Ал жооп табыларын аз калгансыйт… Жооп жакын эле жерде, менин айланамда эле жүргөнсүйт…

– Кызмончок? – ортодо эмне кеп-сөз болуп жатканын тымызын туйган Алымкан жылан тарапты жаңсады. – Эмне деп жатат тиги?!

Кызмончок унчуккан жок.

– Кетели?! – баятан берки өз алдынча ичинде көп нерсени ойлонуп ийген Асан да шашкалактап калды. Берки экөө да бул сунушту жактыргандай, жандана калышты.

Кызмончок гана ордунан козголгон жок.

– Сиздер бара бериңиздер, – деди аздан кийин гана акырын унчугуп. – Буюрса, барып калам…

Анын: “Буюрса, барып калам…” – дегени, кандайдыр ооз учунан, арсар айтылгандай туюлду. Ошол убакта Алымкандын кулагына бечара уулунун колдурап ыйлап турганы угула түшүп, жүрөгү “тыз” этип, кош мамагы зыркырап кетти.

– Балам?!.. Эмне болду, балам? – деп безеленип жиберди. – Кетели, кызыке?

– Кызмончок артыбыздан келем деп жатпайбы, — Алымкандын кебин жактырбагандай күңк этти Калыс. – Туурабы, Асан?

Асан Калысты жактырбагандай күңк этти:

– Силер кете бергиле, мен Кызмончок жеңем менен барам…

Кызмончок ордунан козголбой отурган калыбында Жан тарапты карады. Ал да булардан көз албай тирмийип жатып, качан гана адамдар кетүүчү баштанып ордуларынан козголгондо гана бир серпиле денесин жыйнап алып, кайра жазып жиберди.

Ошону сезип отурган Кызмончок:

– Асан, сен да кете бер! – деди өктөм.

Ошондон көп өтпөй эле Алымкан, Асан, Калыс, Мукан төртөө айылды беттенип, жөнөп калышты.

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.