«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин директору Лира БАТЫРБЕКОВА: «Эс алып гана койбой, бизге келип, ден соолугуңузду чыңдап кайтыңыз!»

Cанаторий жүрөк, нерв, кан басымы, өпкө, муун-сөөк, тери, ичеги-аш казан, ги-

некологиялык, урологиялык ж.б. ооруларды дары-дармексиз айыктырат. Медициналык кызмат көрсөтүүнүн бардыгы илимий негиздеме – Кыргыз курортология институтунун сунуштамасы боюнча жүргүзүлөт. Жердин астынан оргуп чыккан жылуулугу 49-53 градустук азоттук-хлориддик —натрийлик элементтерге бай минералдашкан суу жана сульфиддүү балчык сөөк-муун ооруларына бирден-бир шыпаа.

Санаторийдин поликлиникасында заманбап технологиялардын жетишкендиктери менен жабдылган медициналык аппараттар, минералдуу суу, баткак жана электрофорездер процедураларынын кабинеттери, ошондой эле туз шахтасы, жабык суу бассейни, дарылык чөптөрдүн буусу менен тердетүүчү фитобочкалар ж.б. бар.

– Лира Касымалиевна, учурда Ысык-Көл чөлкөмүндө эс алуу сезону кызуу башталып, эмгек өргүүсүнө чыккандар жана бош убактысы бар жарандар өздөрү барчу жерлерди тандап жатышат? Көл жээгинде эс алуу жайлары арбын. Атаандаштык күчтүү. Сиз жетектеген санаторийдин башкалардан айырмачылыгы, артыкчылыгы кандай, эс алууну каалагандарды кандай сюрпризиңиздер менен өзүңүздөргө тарта аласыздар, аларга эмне айтат элеңиз?

– Биздин санаторий жарым кылымдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Союз учурунда эс алып – дарылануучу, атактуу жайлардын бири болгон. Биз ошол иштерди улантып илгерилеттик, заман, рынок жана атаандаштык талаптарына ылайык ишмердикти өнүктүрүүгө жетиштик. Ага жыл сайын эс алуу жана дарылоо жайларынын ишмердиги, ошондой эле туризм тармагы боюнча жарыяланган ар кандай эл аралык жана республикалык конкурстардан жогорку сыйлыктарды алып жатканыбыз күбө. Элибизге эс алып гана койбой, ден соолугуңуздарды чыңдап кеткиле дегим келет. Жарандардын эс алуусун ден соолуктарын чыңдоо менен айкалыштыруу – эң башкы артыкчылыгыбыз. Мындай мүмкүнчүлүк башка эс алуу жайларында боло бербейт. Ден соолукту дары – дармек ичпей, жаратылыштын өзү тартуулаган минералдык суулардын, табигый дарылык каражаттардын жардамы менен чыңдоонун пайдалуу экендиги кимге болсо да түшүнүктүү. Муну ишке ашырууга, демек, профилактикадан өткөрүүгө бизде сонун шарттар түзүлгөн. Улам-улам профилактикалык кароодон өткөрүп турбаса, техника да иштебей калат. Адам да тынымсыз иштеген техника сыяктуу 6 ай сайын профилактикадан өтүп турбаса, сыркоолоп калышы мүмкүн. Жалпы элибизге айтар элем, эң биринчи – ден соолук, ден соолугу мыкты адам чоң ийгиликтерге жетише алат, ошондуктан 6 ай сайын профилактикадан өтүп туруу керек. Санаторийибизде медицинанын дээрлик бардык адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу дарыгерлер иштейт.

Көп адамдар жумушка берилип, ден соолугуна кам көрүшпөйт, жүрө беришет, катуу ооруп калганда гана дарыгерге барышат. Оорунун алдын алып, профилактикадан өтүп турган оң. Көп учурларда жарандардын өздөрү жашаган жерлердеги поликиникадан эмес, бизге келип, кандай оорусу бар экендиктерин билгендер көп учурайт. Айрым адамдар «мен канча жылдан бери ушундай оорум бар экенин билбепмин» деп өздөрү таңданып калышат. Аларды табигый ыкма менен дарылайбыз, мындан ары эмне кылуу керектигине кеп-кеңеш беребиз. Биздин курстан өткөн соң сакайып, ыраазычылыктарын айтып кетчүлөр арбын. Асыресе, бронхиалдык астма, жүрөк, бут-тизе оорусу барлардан «эми ооруканага жатпайм, сиздерге келем» деп кеткендери көп. Андайлар алты ай сайын бизге келип турушат. Кээ бир адамдар абдан кыйналып келишип, кетерде «карагылачы, кандай жакшы болуп калдым» деп сүйүнүчүн билдиришет. Көптөгөн адамдар «мен ушул жерге келгенден бери ооруканага жатпай калдым, бул мага демейдеги, салттуу көрүнүш болуп калды, оорунун алдын алып, алты ай сайын келип турам» дешет. Алардын катарында 30, 20,10, 5 жылдан бери санаторийибизге алты ай сайын үзгүлтүксүз келип жаткандар бар.

– Контингенттериңиз тууралуу айтсаңыз?

– Негизинен, эс алуучулар республикабыздын бардык аймактарынан, Россиядан жана Казакстандан келип, ден соолуктарын чыңдап кетишет. Жакында эле эки бирдей кубанычтуу окуяны башыбыздан өткөрдүк. 4-июлда боордош Өзбекстандан эс алуучулардын чоң тобу бизге Тамчы эл аралык аэропорту аркылуу учуп келишти. Ошондой эле, Новосибирскиден атайын учак менен бизге эс алууга келгендерди Тамчыдан тосуп алдык. Алар Көл өрөөнүндөгү аэропорттун иштеп жатканына сүйүнгөндүктөрүн билдиришти. Биздин сүйүнүчүбүз да алардыкынан кем болгон жок. Новосибирск шаарында өкүлчүлүгүбүз бар. Рейсти ошолор уюштурду. Россиянын Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгүбүздөн эс алуучулар Бишкектеги кеңсебиз аркылуу транспорттун ар кандай түрлөрү – учак, темир жол, автобус каттамдары менен келип жатышат. Алар алдын ала кабарлашып, катталып, орундарын брондоп коюшууда. Өлкөбүздүн спортчулары бизде машыктырууларын өткөрүүнү жактырат. Учурда Бишкектеги “Бешик-Таш” футбол клубунун 45 жаш өспүрүм оюнчулары жети күндүк машыгуудан өтүүдө.

Эс алуучулардын бардыгын эмгек жамаатыбыз жакшынакай маанай менен тосуп алышат, сылык кызмат көрсөтөт, процедураларын жасашат. Ар бир эс алуучуну өз үйүбүзгө келчү коногубуз катары кабыл алабыз. Алардын үйлөрүнө көңүлдүү кайтканы – биз үчүн чоң бакыт, эмгегибиздин өтөлгөсү.

– Учурдагы жаңылыктарга токтолсоңуз.

– Каражат табууга кыйынчылык болгондуктан, санаториянын тейлөө шарттарын жакшыртуу үчүн, өз күчүбүз менен ар кандай иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. 30-июнь – медицина кызматкерлеринин кесиптик майрам күнүнө карата «Тиешелүү территорияны мыкты жана оригиналдуу декоративдик көркөмдөө» аттуу сынагыбыздын жыйынтыгын чыгардык. Ага мекемебиздин бардык 15 бөлүмү катышты. Байге фондусу 250 миң сом болчу, ушуну даражасына карай алдыңкы 4 орунду ээлеген бөлүмдөр алышты. Көрктөндүрүү бөлүмүндө 9 киши эмгектенет. Алар гүлдөрдү отургузушат, сугарышат, тротуарларды шыпырышат, таштандыларды терип, чыгарышат, дегинкиси, колдору бошобойт. Ошондуктан аталган сынакты уюштурдук. Кызматкерлерибиздин бардыгы жумушунан сырткары декоративдик көркөмдөө иштери менен шугулданды. Ар кандай экзотикалык айбанаттарды корзиналарга отургузуп, гүлдөр менен кооздоду жана азыркы учурда аларды өздөрү сугарып, күтүшүүдө.

Кызматкерлерибиз бул ишке шыктануу менен киришти, чоң чыгармачылыктарын, таланттарын көрсөтүштү. Эң аз адам иштеген бөлүмдөгү кызматкерлерибиз, үйлөрүндөгү велосипедди «курмандыкка чалып» ага карапа вазаларды отургузуп, гүл өстүрүштү. «Махабат аралын» курушту. Кызматкерлеh тоодон, өз үйлөрүнөн ар түркүн гүлдөрдүн көчөттөрүн алып келишти. Алар эми келерки жылы да сынакты улантып, карапа менен гүлдөрдүн айкалышынан тургузулган «Айбанаттар дүйнөсүнүн ачык асман астындагы музейин” куруу үчүн территориябыздын ичинен орун сурап жатышат. Жогоруда сиз сураган быйылкы жылдын сюрпризи – ушу.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу», сүрөттөр: автордуку

 

P.S. Санаторийдин жатак корпустарынын, ашканаларынын алдындагы, деги эле территориясындагы гүлдөрдөн токулган экзотикалык жан-жаныбарларды көрүп, буларды мыкты кесипкөй чеберлерди жалдап жасаттырган го, керемет дүйнөлөр экен деп, суктанып, таң калганбыз. Көрсө, бул санаторийдин кызматкерлери менен жумушчуларынын колдорунан жаралган көркөм өнөр дүйнөлөрү экен. Чыгармачыл жамаат, чыныгы энтузиасттар деп «Көгүлтүр Ысык-Көлдүн» кара- пайым кызматкерлерин айт!

Санаторийдин дареги –

Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 3б. Тел.: брондоо бөлүмү:+ 996 (3943) 6-27-80, каттоо бөлүмү: + 996 (3943) 6-27-85, веб-сайты: www. sungik.kg Электрондук почта: san-gik@mail.ru Бишкектеги кеңсеси – Чүй проспекти -128, 20-бөлмө, тел.: + 996 (312) 90-21-50, + 996 (555) 91-40-20.