Сурагыла, жооп беребиз

Билгениңиздердей эле “Кыргыз Туусу” гезити Кыргызстандагы 7 облуска тең таркалат. Аймактарда көп окулгандыктан окурмандардан байма-бай суроолор келип турат. Андыктан окурмандардан келген суроолорго тиешелүү мекемелерден жооп алып беребиз. Мындан ары суроолоруңуздарга тез жооп алгыңыздар келсе 0703708672 номеринин вотсабына жазып койсоңуздар болот. Анда кулак сизде окурман

– Мен учурда кош бойлуумун, дарыгер фолий кислотасын ич деп сунуштады анын канчалык деңгээлде пайдасы бар?

Мээрим ТАЙЫР кызы, Жумгал району

– Фолий кычкылдыгын эки ай ичип, андан кийин төрөтт   пландаш керек. Кош бойлуу учурда ар күн сайын фолий кычкылдыгын ичип туруу зарыл. Ар бир кош бойлуу айым жоопкерчилик менен мамиле жасаса, дене кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны азаят. Аялда фолий кычкылдыгы жетишпесе төрөлгөн балада айыкпай турчу оорулар болуп калышы мүмкүн. Төө буурчак, жаңгак, капуста, анар жана авокадонун курамында фолий кычкылдыгы көп. «Баланын ден соолугу чың болуп жарык дүйнөгө келүүсүнө эненин саламаттыгы чоң ролду ойнойт. Анткени 9 ай курсакта көтөрүп жүргөн эненин ден соолугу чың болушу зарыл. Бала пландоого чейин ата-эне дарыгерге көрүнүп, керектүү анализдерди тапшырышы зарыл жана дарыгер жазып берген дарыларды ичиши керек. Аялдардын организми алсыз болгондуктан, түйүлдүктө маселе болуп калышы ыктымал. Кош бойлууларга баланы жарык дүйнөгө алып келгенче витамин, фолий кычкылдыгын ичүүнү сунуштап келебиз, – дейт адис.

– Жаш балдар эмдөөдөн өтпөй калса эмне болот?

Айнагүл МЫРЗАЕВА, Тоң району

– Жаш балдарга эмдөөнү өз убагында жүргүзүү зарыл. Адистердин айтымында, эмдөөдөн баш тартуу туура эмес. Көпчүлүк жугуштуу ооруларды эмдөө аркылуу алдын алууга болот. Ал тургай жугузбай коюуга дагы болот. Ички жана тышкы миграция күчөп турган убакта ар түрдүү жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу, ооруп калуу коркунучу бар. Калк арасында жугуштуу ооруларды, алардын айынан болуучу өлүм көрсөткүчтөрүнүн санын азайтуу максатында мамлекеттин казынасынан вакцина сатып алынып, бардык жарандарыбыздын тиешелүү эмдөө алуусуна толук шарт түзүлүп жатат. Ошого карабастан диний көз караштагы жарандарыбыз кичинекей балдарына дагы эмдөө жасатуудан баш тартууда. Алар эмдөөгө каршы терс маалыматтарды үйрөнүп, баш тартып жатышат. Буга чейин эмдөөнүн жардамы менен кара чечек, балдардын шал оорусу, кептөөр жана башка оорулар аз катталчу. Азыр төрөт үйүндө жасалуучу эмдөөдөн баш тартып жатышат. Азыркы күндө биздин республиканын эмдөө календарындагы вакциналар БДССУнун сертификатынан өткөн. Ошондой эле Дары-дармектер жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментинин уруксаты менен колдонулуп жатат.

Онкологиялык оорусу бар адамдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтсө болобу?

 Айдар БЕЙШЕНБЕКОВ, Жалал-Абад облусу

– Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иш боюнча орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбековдун айтымында, онкологиялык оорулары бар адамдарда коронавирустук инфекциянын оор өтүшү жана өлүмгө учуроо коркунучу башкаларга караганда 2 эсе жогору. “Онкологиялык бейтаптардын COVID-19дан эмделүүсү тууралуу сунуштамаларды бере ала турган изилдөөлөрдүн азырынча жогу өкүнүчтүү. Бирок, онкология менен жабыркаган бейтаптардын арасында коронавирустук инфекциясынын оор өтүшү жана өлүмгө дуушар болгон учурлардын жогору болушунун негизинде эмдөө зарыл”, – деди Дөөлөтбеков.

– Кош бойлуу аялдар коронавирустан эмделсе болобу

 Сезим НАДЫРБЕКОВА, Нарын облусу

– Эксперттер тобокел тобуна кирген кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Бул тууралуу Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскеровдун айтканына караганда тобокел тобуна төмөнкүлөр кирет: – ашыкча салмак менен жабыркаган кош бойлуу аялдар; – диабет; – гипертония; – жүрөк оорусуна чалдыккандар; – 35 жаштан жогору адамдар. Кош бойлуу аялдар кайсы учурда коронавируска каршы эмделбеши керек: – дары-дармекке жана вакцинага аллергиясы болсо; – COVID – 19 менен ооруп жатса – коронавирустан айыккан адамдын канынын плазмасы менен дарыланса; – коронавируска каршы антитела бар болсо; – тромбоз пайда болуу коркунучу болсо. «Ошондой эле эксперттер кош бойлуулуктун алдында жана өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга (кош бойлуулуктун 20-22-жумасынан кийин) вакцина алууну сунушташат», – деди Аскеров.

– Дыйкандардын көпчүлүгү химикаттарды колдонуп жемиштерди өстүрүүдө. Алардын адамга зыяны канчалык деңгээлде?

Канат ЭГЕМБЕРДИЕВ, Ош облусу

– Пестицид (өсүмдүктөрдөгү курт-кумурскаларды жок кылуучу химикат) менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштер адамдын ден соолугунун начарлашына алып келет. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин органикалык айыл чарба жана биотехнологияны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Елена Кострубова билдирди. Анын айтымында, продукцияны өстүрүүдө химиялык пестициддердин колдонулушу жалпы экосистеманын бузулушуна алып келет. “Химиялык заттар топуракта жана адамдын организминде көпкө чейин сакталып калат. Окумуштуулар пестициддердин ден соолукка зыяндуу экендигин мурун эле далилдешкен. Кыргызстан 10 жыл ичинде 100% органикалык продукцияга өтүү максатын койгон, бирок бул кыйынга турат. Бизде химикаттарды даярдаган заводдор жок болгону жакшы. Органикалык заттарды өстүрүү аянтын көбөйтүүгө аракет кылабыз”, – деди ал.

– Менин ЖРТдагы негизи баллым жетпей калгандыгына байланыштуу орто кесиптик лицейлерге тапшырсамбы дегем. Аларда кабыл алуу кандай жүрөт?

 Адилет ЖАНЫГУЛОВ, Чүй облусу

– 12-июлдан тарта Кыргызстанда орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу башталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыркы учурда 153 колледж иш алып барат, алардын ичинен 48 — мамлекеттик. Кадрларды даярдоо 130 адистик боюнча жүргүзүлөт. 2021-2022-окуу жылына 4131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Бул окуу жылында күндүзгү/сырттан окуу бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерин тариздөө интернет тармагы аркылуу https/2020.edu.gov.kg/spuz/ Автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен жүргүзүлөт. Бул үчүн абитуриенттер мектепке же колледжге барып катталып https/2020.edu.gov.kg/ spuz сайтына кирүү үчүн логин жана паролду алышы зарыл. Андан кийин логин жана пароль менен колледжди, адистикти тандашат.