Утурумдук акчаны эмес, урпактарды ойлойлу

“Кыргыз Туусуна” жарыяланган кийин

Окурмандардын эсинде болсо, гезитибиздин №51 санына “Тонналаган дары чөптөр кайда агып жатат?..” деген көлөмдүү макала жарыяланган. Биздин макаланын таасиринен уламбы же жарандык активисттердин чыркыраганынанбы, айтор макала жарыялангандан көп өтпөй Министрлер кабинетинин атайын буйругу менен тогуз адамдан турган комиссия түзүлүп, 23-июлда ал Нарын облусунун Ак-Талаа районуна барып текшерүү иштерин жүргүзгөнүн “Акипресс” маалымат агенттиги чагылдырды. Аталган агенттиктин видеотасмасынан комиссия мүчөлөрү Баетов айылдык жайыт комитетинин төрагасы Медер Асанаалы уулу, Баетов айылдык кеңешинин депутаттары Руслан Абышбаев, Акылбек Абдылдаев жана жергиликтүү активист Азамат Барктабасовдор менен биргеликте райондогу Кара-Суу өрөөнүндөгү Кызыл-Жылга аймагына барышканын көрүүгө болот.

Ал жерде тамыр казгандар далай жерди оюп, чанап салышкан. Кармалгандардан комиссия мүчөлөрү 5 килограмм эндик тамырын алып жатышат. Баарынан кызыгы, эндик казуучулардын атайын жасалган шаймандарынан алардын бул ишке эбак адистешип калгандыгын оңой эле байкоого болот. Бул текшерүүгө катышкан жергиликтүү кеңеш депутаттарынын айтымдарында, дары чөптөрдү казуу мурда эле болуп келген. Бирок, акыркы эки жылда дары чөптөрдүн тамырын массалык түрдө мыйзамсыз казуу күч алган. Аталган комиссиянын билдиришинче, азырынча дары чөптөрдү казгандарга эскертүү гана берилип жатыптыр. Эскертүү эмес мыйзамды тоготпогон кызылкулактарга бул азырынча кандай таасир этип, дары чөптөрдү келемиштей кемирүү качан токтоору али белгисиз. Социалдык тармактарда болсо жергиликтүү тургундар дары чөптөрдү казгандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери, экологдор өздөрү калкалап, ортомчулук кылып жатышканын ачык айтып келишет. “Казгандарды кармаган экологдор, мамлекеттик органдар дары чөптөрдү кайра эле өздөрү сатып жатат. Жада калса мынча тыйын бергиле биз карап беребиз деп сунушташат экен!”,- деп жазган Ютубда өзүнүн аты-жөнүн Самарбек Исмакеримов деп көрсөткөн жаран. Мындай өңүттөгү комментарийлер, видеолор социалдык тармакта жайнап жүргөнү менен мамлекеттик тиешелүү кызматтар тарабынан азырынча эч кандай иликтөө, териштирүүлөр, текшерүүлөр боло электиги өкүндүрөт. Ал ортодо дары чөп казып шугулдангандар интернет булактарына жарандык активисттерди боктогон, каралаган маалыматтарды таратышууда. Алардын пикиринче, Кыргызстандагы “Кудай берген” дары чөптөр эч качан түгөнбөйт имиш.

Кытай эмне үчүн дары чөптөрүбүзгө кызыгат?

Эске салсак, өткөн жылы 18-ноябрда Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери Ат-Башы, Ак-Талаа районунан мыйзамдуу уруксаты жок арнебия чөбүнүн тамырларын  казып жүргөндөрдү кармашкан. Ал учурда арнебия тамырынын 1 килограммы 500 сомдон 1000 сомго чейин сатылары да айтылган. Мындан сырткары, ар жылы Кыргызстандан дары чөптөр тонналап  Индия, Кытай, Германия сыяктуу өлкөлөргө мыйзамсыз эле чыгарылып кетип жатканын жарандык активисттер кан какшап эле айтып келе жатышат. Быйыл минтип, республика боюнча эндик чөбүнүн тамырын казуу күчөдү. 2017-жылы болсо Кытай фармацевттери Кыргызстандан дары чөптөрдү сатып алууга кызыкдар экенин билдиришкен. Кытайдын  «Kangmei» фармацевтикалык холдингинин директорлор кеңешинин төрагасы  Ма Синтян Кыргызстандын Кытайдагы Башкы консулу Максат Тентимишов менен жолугушуусунда экологиялык булгануудан улам Кытайда дары чөптөрдүн аянты кыскарып бара жатканын билдирген. Ошол себептен алардын кыргыз жеринде дары чөптөрдү  көбөйтүү, өстүрүү максаты бар экенин ортого салган. Демек, чет өлкөлүктөргө дары чөптөрүбүздөн мурун экологиялык таза жерде өскөн өсүмдүктөр маанилүү. Экологиясы таза жердеги өсүмдүктөр ден-соолукка пайдалуу экени турмуштук тажрыйбабызда көрүп, билип жатабыз. Албетте, ата-бабаларыбыз дагы илгертен ар кандай дары чөптөрдү колдонуп келишкен. Бирок, алар кийинки урпактардын жашоосун ойлоп дары чөптөрдү тамыры менен массалык түрдө казышкан эмес. Кайсы бир жапайы өсүмдүктүн жок болуп кетиши айлана-чөйрөгө, экологияга, жан-жаныбарлар дүйнөсүнө олуттуу таасир этерин да аңдап-билишкен. Муну түшүнүп-түшүнбөй эле ушундай экономикалык каатчылыкта дары чөптөрдү сатууну ири бизнеске айландырсак болот дегендер да арбын. Эгер дары чөптөрдү массалык түрдө казып сатууну бизнеске айландырсак кыргыз тоолору саналуу жылдарда эле боз топуракка айланат. Анткени, Кыргызстанда өскөн чөптөрдүн дээрлик 70-80 пайызынын дарылык касиети бар. Аларды гүлдөй электе, уругун түшүрбөй туруп тамырын казып сата берсек жайлоолорубуз, тоолорубуз бат эле жайдак калат. Анын натыйжасында алыскы тоолорду мекендеген жапайы жаныбарларыбызды, канатууларыбызды да жок кылып алышыбыз толук мүмкүн.

Дары чөптөрүбүздүн эктракты 130 пайызга жогору

Көп жылдардан бери дары чөптөрдү үй шартында өстүрүп, сыртка экспорттоп келе жаткан Сонунгүл Жылтырованын айтымында, Кыргызстанда дары чөптөрдүн 4 миңден ашык түрү өсөт. “Дары чөптөр кайсыл убакта дарылык касиетине жетерин, кайсыл убакта кандай шартта аларды жыйноону билгендер арбын. Алар ар жылы дары чөптөрдү чогултуп жакшы акча табышат. Тилекке каршы, көп учурда дары чөптөр жырткычтык ыкма менен чогултулгандыктан дары чөптөр менен кошо эле башка өсүмдүктөр да жабыркап жатат. Учурда бир жагынан мал тебелеп, экинчиден айрым ишкерлер жергиликтүү элден дары чөптөрдү тонналап сатып алып сыртка чыгарып жаткандыктан дары чөптөрдүн көп түрү жоголуу коркунучунда турат. А мамлекет тарабынан буга эч кандай көзөмөл жүргүзүлбөй жатат”,-дейт “Спутникке” берген маегинде С.Жылтырова. Сонунгүл айымдын айтымында, Кыргызстан өсүмдүктөрүнүн экстракты(дары катары сыгылып алынган суюктугу) Европа өлкөлөрүндө өскөн дары чөптөрдөн 130 пайызга жогору турат. “Ошол себептен Европадан он тонна дары чөп алгандан көрө, Кыргызстандын бир тонна дары чөбүн сатып алган пайдалуу. Азыр европалыктар бизден жылыга 200 тонна валериана сатып алууга даяр. Бирок биз болгону 30 тонна гана өндүрүп жатабыз”,-дейт ал. Демек, жапайы дары чөптөрдү жайлоодон каза коюп оңой-олтоң акчага мааруунун ордуна Сонунгүл айымдай үй шартында дары чөптөрдү өстүрсөк деле болот.

Өзүбүздүкүн өзүбүз сатып алып…

Чын-чынына келгенде азыр фармакология тармагында билим алып жаткан жаштарыбыз көп. Бирок, алар изденип, өзүбүздүн дары чөптөрдү изилдеп, ата-мекендик дары жасоого анчейин маани беришпейт. Тескерисинче, алардын көбү чет өлкөлүк дарыларды мактап-жактап сатып, ортодон оңой акча табуу менен алек. Мунун натыйжасында азыр Кыргызстанга дары-дармектердин 98 пайызы сырттан импорттолуп келет. Алсак, 2019-жылы Кыргызстанга 139,7 млн. долларга 6 миң тонна фармакологиялык продукция киргизилсе, 2020-жылы 148,2 млн. долларга 6,8 миң тонна фармокологиялык продукция сатылып алынган. 2019-жылы 324, 1 миң долларга 7,4 тонна антибиотик сатылып алынса анын көбү Индия менен Кытайга тиешелүү болгон. А Кыргызстандан жылыга Индия менен Кытайга дары чөптөрүбүз тонналап ит бекер сатылып жатат. Ошондо өзүбүз сыртка чыгарган дары чөптөрдөн жасалган дарыларды кайра өзүбүз асмандаган баалар менен сатып алып жатабыз. А дары чөптөрдү казгандар эскертүү менен гана коё берилип, тооналаган дары чөптөрдү мыйзамсыз сыртка чыгаргандар болгону 5500 сомдук айып пул менен кутулуп кетип жатат. Бул жерде “экологиябызды коргойлу, дары чөптөрүбүздү сакйтайлы” дешкен жарандык активисттер маңкуртпу же мыйзамсыз дары чөп бизнеси менен шугулдангандар, аларды калкалагандар маңкуртпу деген суроо жаралат. Кыскасы, бул маселе Саламаттыкты сактоо министрлиги, УКМК, жергиликтүү бийлик органдары ойлоно турган олутту маселе.

0 Поделились