Теңир Тоонун теңдеши жок таланты (Адеп, ыйман жана маданият жылына карата)

Колдон учкан армандуу тагдыр…

 

1981-жылдын декабрь айы. Ызгаар суук бетти аймалайт. Аязга кошо ошол күнү ачуу, армандуу кабар желдей тарап, ар бир үйдү, ар бир адам жүрөгүн кайгыга батырды. Эх! Бири кем дүйнө, кайра кайтып келбес баалуу сапарлар! Адамзатты терең ойго батырып, бийликти да, байлыкты да, ал эмес улуу атак-даңкты да жеңип өтүп, желдей сызган шум ажал!

“Өнөр ханышасы Таттыбүбү Турсунбаева көз жумуптур!” Эң эле жагымсыз, кайгылуу бул кабар улуу-кичүүнү катуу түйшөлттү. Азаптуу көз жаш, муңга толгон үшкүрүк, жоготуулар! Адамдарга кошулуп, жаратылыш, жандуу жан-жаныбар да аза күткөндөй томсоруп турду. Жер өз огунан чыгып, бир силкинип алгандай болду. Адамгерчилиги менен таланты айкалышкан анык асылзаада кызынан айрылган кыргыз эли кадимкидей мөгдүрөп, сыздады. Канчалаган акындардын назик жүрөктөрүн армандуу, жоктоо ырлары каптап, аппак барактар аянычтуу саптарга толду.

“Сыйлык, сыйды убагында алганда,

Балким талант ташып чыкмак андан да.

Чексиздикке эрте учаарын ким билди,

Салып коюп сансыз журтту арманга…”

Же болбосо:

“Жаш талантка биз кайдыгер караппыз,

Сулуулукту туш-тушунан талаппыз.

Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче,

Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз!..”

Жалындуу акын Жолон Мамытовдун мына бул саптары өнөр ханышасынын өлбөстүгүн, өрнөктүү жолун даңаза кылган.

Таттыбүбү Турсунбаева отуз жети жаш курагында дүйнө салган. Баралына толуп, бажырайып ачылып турган гүлдүн мезгилсиз соолуп калышы баарын убайымга батырган эле…

 

Нарктуу үй-бүлөнүн бактылуу кызы

 

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында 1944-жылы 12-июлда болочоктогу актриса Таттүбүбү Турсунбаева жарык дүйнөгө келген. Өнөр дегенибиз муундан-муунга, атадан-балага өтчү асылдык турбайбы көрсө. Актрисанын атасы Мырзаалы айтылуу Токтогул Сатылгановдун шакирттеринин бири болсо, апасы чырайы төп келишкен өтө сымбаттуу, ажарлуу айым болгондугун айтышат. Ал эми чоң атасы Турсунбай да өнөр баккан чоң комузчу болгон. Балалыгы дал ушундай нарктуу үй-бүлөнүн кучагында чексиз бактылуулук менен өткөн Таттыбүбү мөлтүрөгөн он алты жашынан баштап эле эл көзүнө көрүнүп, дарамет-жөндөмү менен кошо табигаттан ыроолонгон сулуу ажары жуурулушуп, ай нуру сымал жүзүнөн шоола чачырап, ал сахнага жарык, жылуулук чачып тургандай таасир калтырган.

Театр жана кино тармагына жаш актирса кандайдыр бир өз алдынча өзгөчөлүк менен кадам таштаган. Ал салтка айланып калган окшоштуктан, кайдыгерликтен качып, чоң изденүү менен актрисалык ишмердүүлүгүн баштайт. Өңүндө, кыймыл-аракет, үнүндө эч бир жасалмалуулук жок, болгон дити менен образ жаратууга белсене киришкен Турсунбаеваны туш-тараптан акмалаган көздөр өтө көп болчу. Анын башкаларга эч бир окшобогон назиктиги, сымбаттуулугу жана ишке болгон аяр, сезимтал мамилеси айланасындагыларды чоочутпай койгон жок. Кесиптештери анын өтө күчтүү атаандаш экендигин аргасыз моюнга алган…

 

Чалкыган чеберчилик…

 

Чыңгыз Айтматов 1960-1970-жылдары кыргыз киносу үчүн керемет доорду орноткон мыкты чыгармаларды жаратса, дал ошол эмгектердин негизинде коюлган тасмаларда башкы каармандардын ролун Таттыбүбү Турсунбаева аткарып, өзүнүн укмуштай чеберчилигин, көз тойбогон сулуулугун көрсөттү.

Айтылуу “Ак мөөр”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Отко таазим”, “Саманчынын жолу”, “Кызыл алма” жана башка бир катар фильмдерди көргөн сайын Турсунбаеванын назик, илбериңки жүзү, түпкүлүгүндө эч бир жанга айтылбай кеткен кандайдыр бир муңайым көз карашы учурайт. Бир эле мисал, “Отко таазим” көркөм фильминде Уркуя Салиеваны биз чырайлуу, жылдыздуу, жароокер, мээримдүү, ошол эле учурда эч нерседен тайманбаган өткүр, калыс, жоомарт, иштерман, коомдук иштерге активдүү катышкан асылзаада катары көрөбүз. А бул образды биз сөз кылып жаткан Теңир Тоонун теңдешсиз таланты түзбөдүбү. Кандай гана ишенимдүүлүк, элестүүлүк менен жаралган ролдор. Мындай керемет чеберчиликке таңданбай да, тамшанбай да коё албайсың.

Театр өнөрүндө да актриса башкы кейипкерлердин жан дүйнөсүн ишенимдүүлүк менен ачып берип, көрүүчүлөрдүн арзуусуна, сыйына арзыган. Алсак, драмаларда — “Саманчынын жолу” – жаш Толгонай, “Ак боз ат” – Лайлум, “Ар бир үйдө майрам” – Мадина, “Кар ханышасы” – Кар ханыша, “Азоого чалма” – Бьянка, “Бернардо Альберттин үйүндө” – Амелия, “Малика” – Малика, “Өлбөстүн үрөөнү” пьесасында Төрөкан жана башка эң мыкты делген драмалык чыгармаларда жараткан ролдору тарых барактарында сакталуу. Ошол маалда “Театрга элдер Таттыбүбү үчүн келишет” же “Кыргыз театр өнөрүндө Турсунбаева өчпөс жылдыз болуп жана алды” деген бийик баалар да жөн жеринен айтылган эмес.

 

Тоодой бийик элестер…

 

“Маңдайга жазылган тагдыр тура. Андан кыйгач өтүүгө мүмкүн эместир” деп коёбуз. А тереңден талдай келгенде, маңдайга буюрган бийик тагдырды адаштырып, ала салдырган эки жүздүү, мерез, кара мүртөз чөйрө дегенибиз куюн сымал удургуп, жакшы адамдын, мыкты таланттын ажалы болуп берет окшобойбу. Канчалаган таланттар өттү арабыздан. Алардын кай бирлери өз тагдырынын эмес, өзгөлөрдүн азгырыгынын курмандыгы болуп кетти…

Актриса туурасында көп сөздөр желдей тарап жүрдү. Аттиң деп айтпаска арга жок! Ошол имиш кептер, жагымсыз сөздөр жан дүйнөсү назик, сезимтал талантка бычак болуп тийип турганы талашсыз. Турсунбаеванын мүнөзү өтө ак көңүл, илбериңки, таза болчу. Ал эки жүздүүлүккө, көрө албасттыкка башкалардай амалкөйлүк, кара мүртөздүк менен жооп бере алган эмес! Кең пейил, жумшак адам барып-келип көрө албастардын “жемине” айланып калганы жүрөк сыздатат…

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”