Дарбыз – диетанын төрөсү

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштерден өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Аларда организмге керектүү витаминдер өтө көп. Бүгүн биз Кыргызстанда эң көп өстүрүлгөн жемиштердин бири дарбыз боюнча сөз кылмакчыбыз.

Азыр Кыргызстанда дарбыздын сезону кызып турган чак. Дарбыз сатып алуу, тандоо чоң тажрыйбаны талап кылат. Андыктан дарбыздан ууланып калбаш үчүн тандоодо бир нече эрежелерди сактоо керек: – жер-жемиш сатылуучу жерлер күндөн жана жамгырдан корголгон болуу керек; – жол жээктен сатып албай эле койгонуңуз оң, анткени автомашиналардан чыккан газдан оор металлдар чогулат жана санитардык нормага жооп бербейт; – дарбызды сатып алуу учурунда анын жарака кетпегенине, эч бир жерге урунбаганына көңүл буруу керек. Себеби, урунган жери бузулуп кетүүсү мүмкүн; Кесилген дарбыз жана коондорду муздаткычта гана сактоо сунушталат.

Дарбыз тууралуу кызыктуу фактылар

– Байыркы Египетте эле дарбыз бар экендигине фараондордун мүрзөлөрүндөгү сүрөттөрдөн көрсө болот; – дүйнө жү- зүндө дарбыздын 1200 ашуун түрү белгилүү; – курамында суунун пайызы бадыраңга караганда 5% азыраак; – дүйнөдө «карлик” деп аталган эң кичине дарбыздардын диаметри 3-5 см; – дүйнөлүк дарбыз күнү 3-августта белгиленет; – селекционерлер дарбыз жа[1]на ашкабактын уруктарын кыйыштыруудан кавбуз аттуу түрүн чыгарган. Анын сырты кадимки дарбыздай болсо, ичи ачык күрөң түстө ; – Японияда квадрат дарбыздарды ойлоп табышкан; – эң чоң дарбыз 120 килограммга чейин жеткен; – дарбыздын сабагы 4 метрге чейин жетет; – дарбыз эң көп өстүрүлгөн өлкөлөр Кытай, Турция жана Иран; – окумуштуулар дарбыздын мекени Түштүк Африка деп айтып келишет;

Дарбыз жасалгалары

Дарбыздан жасалган кооз декоративдик жасалгаларды карвинг деп аташат. Бул искусствонун түрүн кытайлар 2000 жыл мурда эле падыша майрамдарында гана колдонушкан. Азыр да бул жасалгалуударбыздарды ар бир майрамдык дасторкондордон көрүү мүмкүнДарбыз диетасы Дарбыз диетасы башка диеталарга салыштырмалуу натыйжалуу диетанын түрү. Эгер сиз 60 кг салмакта болсоңуз, анда күнүнө 6 кг дарбыз жешиңиз керек. Мындай диета учурунда дарбыздан башка эч нерсе жебегениңиз оң. Ал тургай, аз өлчөмдө жесеңиз каалаган салмакты таштай албай каласыз. Бул диета – күчтүү диета болгондуктан арыкташ үчүн беш күндөн ашык кармоого болбойт. Жакшысы диетаны кармоо оңой жана тез жыйынтык берет. Мындан тышкары, дарбыз дээрлик баарына жагат, эч кандай зыян келтирбейт.

Кызгалдак КАМЧЫБЕК кызы