Кайнарда каражаттар кайсалганбы?..

Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктабай жатып чуусу республикалык деңгээлге чейин жетти. 2016-жылдын апрель айында мамлекеттик экотехинспекция тарабынан мектептин курулуш иштери талаптарга жооп бербегендиктен токтотулган. Мектеп саздак жерге курулгандыктан жер алдында суунун деңгээлин ылдый түшүрүү максатында дренаж куруу каралган. Долбоор боюнча дренаж мектептен 10 метр алыс аралыкта жайгашып, узундугу 270 метр, тереңдиги 4,69 метр болмок. Бирок кайдыгерликпи же байкабастыктык жасалганбы, башкы подрядчик А.Домахин дренажды долбоор боюнча курбагандыгын адистер аныкташкан. Капиталдык курулуш башкармасынын адистеринин маалыматы боюнча дренаждын тереңдиги 4,69 м етр эмес, болгону 2,8 метр болуп калган. Ал эми дренаж мектептен 10 метр алыстыкта эмес, 1,5 метр аралыкта курулган. Курулуш талабы боюнча дренаж лотоктон курулуп, лотоктун каптал жактары таштар менен көмүлүшү керек болсо, А.Домахин 40 пайызы топурак болгон кум-шагыл менен лотокту көмүп салган. Жогорудагы фактылардын негизинде комиссия дренаж иштебейт деген чечимин чыгарган.

Эске сала кетүүчү жагдай, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигине дайындалган М.Мураталиев 2016-жылдын июль айында мамлекеттик экотехинспекция өткөргөн техникалык кеңештин жыйынына катышкан. Ошондой эле ал жыйында Кайнар мектебинин курулуш иштерин текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн болчу. Ошентип курулуш иштеринин талаптары толук аткарылбагандыктан мектептин фундаментинен жарака кеткен. Какаганга муштаган дегендей, адистердин маалыматы боюнча фундаменттин түбү 1,9 метр жерге кирип туруусу керек болсо ал эреже сакталбаган. Азыркы учурда облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы жетекчилиги эмне үчүн мектеп долбоордун негизинде сапаттуу курулбай, тескерисинче одоно бузуулар менен курулса, УКСтин көзөмөлчү техниги К.Чогулдуруков, башкармалыктын начальниги С.Салыбаев курулуш иштерин өз учурунда токтоткон эмес деген маселени коюп келет.

Бүгүнкү күндө эки кабаттуу мектептин имараты жабылып 30 161 018 сомдук курулуш иштери аткарылгандыгы тууралуу Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгына отчет өткөрүлгөн экен. УКСтин жетекчилигинин маалыматы боюнча көзөмөлчү техник К.Чогулдуруков А.Домахиндин отчетторун дыкат иликтебей эле кабыл ала берген. Башкармалыктын азыркы жетекчисинин айтымында ошол кездеги начальник С.Салыбаев дагы А.Домахиндин отчетторуна кол коюп берген.

Өткөн жылы мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин директору Т.Мамбетовдун буйругу менен С.Салыбаев Талас облустук курулуш башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулуп, анын ордуна М.Мураталиев дайындалган. Көзөмөлчү техник К.Чогулдуруков да иштен бошотулган. Ошентип жаңы начальник М.Мураталиев кызматка келген соң А.Домахиндин отчеттору кайра текшерилип каралган. Текшерүүнүн натыйжасында аткарылбаган 4 458 040 сомдук жумуштар аткарылды делип, отчетко киргизилгендиги аныкталган. Ал отчетторго А.Домахин көзөмөлчү техник К.Чогулдуруков, Талас УКСтин начальниги С.Салыбаев кол коюшкан.

Жогоруда аныкталган финансылык тартип бузуулар тууралуу облустук прокуратурага, мамлекеттик экотехинспекция кат менен кайрылган. Бирок жооп кечигип, учурда Кара-Буура райондук прокуратурасы ишти көзөмөлгө алганы маалым болду. Баса, Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын соңку маалыматы боюнча подрядчиктин бюджеттен алган акча каражаты 33 375 100 сомду түзүп, ал эми аткарылган жумуш 25 702 978 сомду түзөт. Ошентип 7 676 122 сом айырма чыгууда. Эң кейиштүүсү мамлекеттин олчойгон акча каражаты сарпталган мектептин сапатсыз курулушу тынчсыздандырат. Кайдыгерликке кимдер жооп берет.

С.Салыбаев мектепти сапатсыз кургандыгы боюнча А.Домахин жеке керт башы менен жооп бериши керек десе, башкармалыктын азыркы жетекчилиги көзөмөл жасабагандыгы, кайдыгерлиги үчүн С.Салыбаев да жооптуу деген пикирде. Окуя кандай өнүгөт, аны учур көрсөтөт.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»