ТАПШЫРМА ТАГДЫРЫ: «Айыл банк» ашыгы менен аткарыптыр

“Кыргыз Туусу” гезити Өкмөттүн саясатын калың элге жеткирген, өлкөбүздүн алыскы аймактарына чейин тараган саналуу басылмалардын бири. Гезитибиздин негизги максаты дагы элдин үнүн бийликке жеткирип, ошол эле учурда Президенттин, Парламенттин, Өкмөттүн саясатын жана ишмердүүлүгүн туура, так чагылдырып, эки жакка көпүрөлүк милдетибизди аркалап келебиз. Өкмөттүк, парламенттик жыйындарда эл көйгөйүн кечиктирбей чечүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан катуу тапшырмалар көп эле берилет. Бирок айрым “куйма кулак” чиновниктерибиз мамлекеттик маанилүү тапшырмаларды кулак сыртынан кетирип же чала-чарпыт аткарымыш эткен учурлар да аз эмес. Же аткарылган иштер боюнча маалымат элге жетпей, берилген тапшырманын тагдыры табышмак бойдон калууда. “Кыргыз Туусу” гезитиндеги “Тапшырма тагдыры” деп аталган жаңы рубрикабыз дагы өлкө жетекчилиги тарабынан берилген тапшырмалар, эскертүүлөр канчалык деңгээлде аткарылганын тараза ташына салмакчы. Баса, өз милдетин так аткара албаган жергиликтүү бийлик башчыларына нааразычылыгыңар болсо “Аксаган аткаминер”, “Эл үнү” деп аталган рубрикаларыбыздын дагы эшиги ар дайым ачык. Такталган аргументтелген фактылары менен арыз-муң, арманыңарды өлкө жетекчилигине айтып калыңыз

Эсиңиздерде болсо керек, 2017-жылдын 23-май күнү Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында дыйкандарды жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо боюнча “Айыл банктын” башчысы Мурат Акимовго, Өкмөт башчы катуу сын айтып “Кезекте 14 миң адам турса, алардын 1000ден ашууну гана насыя алыптыр. Силерде акча бар да. Эмнеге өз убагында бербей жатасыңар? 2017-жылы 425 миллион сомго аз бергенсиңер. Эгер бир ай ичинде өткөн жылдагы көрсөткүчкө теңебесеңер мен сизди иштен алам” – деп катуу эскертүү берген.

Бул тапшырманын тагдырын билүү үчүн “Айыл банктын” жетекчиси Мурат Акимовго байланышканыбызда Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырымасы өз убагында туура, так жана ашыгы менен аткарылганын айтты. Чынында эле 2017-жылдын 23-июнуна карата “Айыл банк” элге 1 272 000 миллион сомго жеңилдетилген насыя берип, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 100 000 сомго ашык акча берилген.

Тапшырманы так аткарган “Айыл банктын” башчысына бали дейли. Кийинкиде эскертип, “этекке чаптырбайт” деп ишенебиз. Анда эмесе, “Айыл банктын” айтканына көз чаптыралы. 2017-жылдын 3-февралында Өкмөттүн №58 токтому чыккан. Ага ылайык “Айыл банк” субсидияланган насыяларды берип баштады. Бул токтом чыккандан кийин, “Айыл банк”, Каржы жана Экономика министрликтери менен “АЧК – 5” долбоору боюнча субсидияларды берүү жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Ушул макулдашууга ылайык берилген субсидияланган насыялардын суммасы 1,0 млрд. сомду түзүп, бирок 2017-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңештин комитети банкка кошумча 1,5 млрд. сомду бөлүп берди. Ошондуктан субсидияланган насыялардын жалпы суммасы жылдын аягына чейин 2,5 млрд. сомду түзөт. 2017-жылдын 23-майында

Премьер-министрдин 2017-жылдын 23-июнуна чейин “АЧК – 5” мамлекеттик программасы боюнча насыялоонун көлөмдөрүн былтыркы көрсөткүчтөргө жеткирүүгө тапшырма берилген. 2016-жылдын 23-июнуна чейин берилген насыялардын суммасы 1 175 млн. сомду түзгөн. Быйыл дал ушул мезгилге карата 1 272 млн. сомго насыялар берилди. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу “Айыл банк” Өкмөт башчысынын тапшырмасын аткарды. 2017-жылдын 28-июнуна карата “Айыл банк” ААК төмөндөгүдөй субсидияланган насыяларды берди:

Мал чарбачылыкка:

Берилди
Сумма, миң сом Саны
Бардыгы Айыл банк боюнча: 893 568 2 098

Дыйканчылыкка:

Берилди
Сумма, миң сом Саны
Бардыгы Айыл банк боюнча: 203 198 589

Агро кайра иштетүүгө:

Берилди
Сумма, миң сом Саны
Бардыгы Айыл банк боюнча: 222 665 81

Бардыгы банк тарабынан берилди:

Берилди
Сумма, миң сом Саны
Бардыгы Айыл банк боюнча: 1 319 431 2 768

 

P.S.: Кийинки сандарыбызда жаратылыш кырсыктарын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу иштерине көңүл кош, жоопкерчиликсиз мамиле жасаган Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү боюнча сөз кылабыз.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *