Президенттик шайлоо – 2017: Бири ишкер, бири жумушсуз, бири фракция лидери, бири ректор, бири ажы… Президенттикке талапкерлер

Күн өткөн сайын президенттикке талапкерлердин катары калыңдап барат. Бир караганда, бул тамашасы, какшыгы жок эле кубанычтуу нерсе, себеби, талапкердин көптүгү Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес адамдардын көптүгүн тастыктап турат. Бирок, ошонун өзү айрым талапкерлер президенттик шайлоого жеңил баа, шакаба чегүү менен карабайбы деген күмөн ойду да жаратат. Бирок, биз президенттикке талапкерлер – Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес адамдар деген ойго ишенгибиз келет.

Баарыбызга белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтү 1-августта аяктайт. Ага саналуу эле убакыт калды. Азырынча, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны 15ке жетти. Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов президенттикке өздөрүн өздөрү көрсөтсө, КР президенттигинин талапкерлигине Темир Сариевди – «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Бакыт Төрөбаевди – «Өнүгүү-Прогресс» партиясы көрсөттү. 1-августка чейин дагы далайлар президенттикке талапкерлигин көрсөтө тургандыгында талаш жок.

Эгер, азыркы тизмедегилердин тегерегинде сөз кылсак, талапкердин алды 60 жашта, арты 42де. Бир сөз менен айтканда, жашоонун ысык-суугунда кагылып-согулуп, турмуштун ачуу-таттуусун татып калган, бирде ачка, бирде ток жүргөн адамдар. Социалдык абалдары да ар кыл. Бири коомдук активист, бири депутат, бири ишкер, бири убактылуу жумушсуз, бири окутуучу, бири укук коргоочу, бири пенсионер, бири партия лидери, бири фракция лидери, бири университеттин ректору, бири ажы, бири такыба, бири эксперт, бири коомдук ишмер, бири жеке ишкер. Айтор, эрикпей ар биринин өмүр таржымалы менен таанышып чыкса болот.

Ии, баса, президенттик шайлоо – 2017ге талапкерлердин арасында, буга чейинки президенттик шайлоолорго катышып, азбы-көппү тажрыйба топтогондор аз эмес. Алсак, Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун 2000-жылдын 29-октябрында өткөн президенттик шайлоого катышкан. Турсунбай Бакир уулу – 0,96% (18 774), Турсунбек Акун – 0,44% (8 557) добуш алышкан. Ал эми 2005-жылдын 10-июлунда өткөн К.Бакиев бийликке келген президенттик шайлоого Турсунбек Акун негедир катышкан эмес. А Турсунбай Бакир уулу бул жолу да бактысын сынап, беш жыл мурда өткөн президенттик шайлоого караганда оголе көп добуш алган – 3,93% (78 701). Арийне, добушу жетишсиз болгондуктан, президенттик кызматка өтпөй калган. К.Бакиев менен президенттиккүрөштө алышып алы, күрөшүп күчү жетпесин билгенби, 2009-жылдын 23-июлунда өткөн шайлоого катышкан эмес. Бирок, күрөштөн тажабаган Турсунбай Бакир уулу 2011-жылдын 30-октябрындагы президенттик шайлоодо да күчүн сынап көргүсү келип, шайлоого катышкан. Арийне, бул жолу Турсунбай Бакир уулу – 0,82% (15 195) гана добуш алып калган. Президенттик шайлоо – 2017 анын төртүнчү ирет президенттик кызмат үчүн таймашуусу, демек, президенттикке талапкер катары баарынан тажрыйбалуусу ажы Турсунбай Бакир улуу экени талашсыз.

Президенттик таймашта бактысын сынап көргөндөрдүн дагы бири – Өмүрбек Текебаев, бири – Темир Сариев. 2000-жылдын 29-октябрында президенттикке ат салышкан Өмүрбек Текебаев шайлоочулардын 13,89% (272 427) добушун алуу менен, А.Акаевден кийинки орунду камсыз кылса, 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоого катышкан Темир Сариев – 6,43% (149 658) добуш менен үчүнчү орунду ээлеген. Эми президенттик шайлоолор жана ага катышкан шайлоочулардын саны тууралуу бир аз статистика айта кетели. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында, алты жолу президенттик шайлоо өтүп, алты шайлоодо үч эле адам президенттикке шайланган. Аскар Акаевдин жылдызы 1991, 1995, 2000-жылдардагы президенттик шайлоодо жанса, Курманбек Бакиев 2005, 2009-жылдарда президент шайланган. Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланды. А өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаевага Кыргызстан калкы 2010-жылдагы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда добуш берген.

1991-жылдын 12-октябрында өткөн президенттик шайлоого карата 2 319 780 шайлоочу катталып, анын 2 065 318си (89,03%) добуш беришкен. Аскар Акаев 95% добуш алган (1 968 781). Биринчи президентке 95 702 шайлоочу каршы добуштарын беришкен. 1995-жылдын 24-декабрындагы шайлоого карата БШК 2 254 348 шайлоочуну каттап, добуш берүүгө 1 943 077 (86,19%) шайлоочу катышкан. 2000-жылдын 29-октябрындагы шайлоого карата 2 537 247 шайлоочу катышса, добуш берүүгө – 1 960 847си (77, 28%) гана келген. 2005-жылдын 24-мартындагы ынкылаптан кийинки 2005-жылдын 10-июлунда өткөн шайлоого карата – 2 670 530 шайлоочу катталса, добуш бергендердин саны – 2 002 004 (74,96%) болгон. 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоого карата шайлоочулардын саны дээрлик 300 миңге көбүрөөк катталган – 2 939 413. Добуш бергендер да көп болгон– 2 328 069 (79,13%). Ал эми 2010-жылы өткөн референдумга карата шайлоочулардын саны 2 716 687 болгон болсо, добуш бергендер 1 962 804 (72,24%) болуп, 2009-жылдагыдан кадыресе азайган. А 2011-жылдын 30-октябрындагы шайлоодо шайлоочулардын саны – 2 939 413гө жетип, анын 2 328 069у (79,13%) добуш беришти.

Ушундай. Бири коомдук активист, бири депутат, бири ишкер, бири убактылуу жумушсуз, бири окутуучу, бири укук коргоочу, бири пенсионер, бири партия лидери, бири фракция лидери, бири университеттин ректору, бири ажы, бири такыба, бири эксперт, бири коомдук ишмер, бири жеке ишкер президенттикке талапкерлер менен шайлоого бара жатабыз. Бу жолу кимисинин бактысына президенттик тактыны буйруду экен, аны убакыт көрсөтөт.

P.S. Макала басууга даярдалып жатканда, экс-спикер М.Чолпонбаев жана “Байыркы көчмөн цивилизациясы” фондунун төрагасы К.Чороев БШКдан президенттикке талапкерликке каттоодон өткөнү белгилүү болду. Алар жана ушул сааттарда БШКдан каттоодон өтүп жаткан президенттикке талапкерлер эмки санда кеп кылабыз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”