Мирлан ӨМҮРАЛИЕВ: “Таза коом” долбоору улуттук идеологиянын бөлүгү болот”

Адатта жаңы башталган иштин колдоочусу да, сындоочусу да көп болот. Эки ай мурда алгачкы кадамын жасаган “Таза коом” долбооруна жарандар кызыгуу, ишенүү менен мамиле жасап жатышканы байкалууда. Ал эми айрым маалымат каражаттары болсо, “бул убактылуу чаралардын эле бири болуп барып токтойт”, деген оюн айтууга үлгүрүштү. Ушул темада Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Өмүралиев менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Мирлан Жумабекович, “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу менен коррупциянын алдын алууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы технологиялар аркылуу жеңилдетүүгө болот деп жатабыз. Ушул жагдайда сөз баштасаңыз.

– Ооба, жемкорлуктун кесепеттеринин алдын алууга жетиштүү роль ойнойт. Жарандарыбыз бир справка алуу үчүн улам бир мамлекеттик органдын эшигин жыртып чуркап жүрүшөт. Ал үчүн бир эмес эки-үч жолу кайра барууга туура келүүдө. Коррупциянын очогу мамлекеттик кызматкер менен жарандын өз ара байланышы бар жерде болгондуктан, адам факторун кыйла азайтышыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн электрондук порталын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мындан улам катардагы жаран жумушунда же үйүндө отуруп алып, мамлекеттик кызматтардан пайдалана алууга жетише тургандай шарт түзүлүп калат. Биз тилек кылган жакшы кадамдар азыр деле турмушка ашырылып, көзгө көрүнүп, колго кармалып калбадыбы. Мисалы, Мамлекеттик каттоо кызматынан автоунаага номерди алуу электрондук жолго коюлуп калды. Номерди сатуу боюнча ачык, таза аукциондорду өткөрүү практикаланууда. Учурда мамлекеттик сатып алуулар боюнча портал иштеп жатат. Бул жерде мамлекеттик органдар сатып алып жаткан техникалык каражаттар, эмеректер, жабдуулар ж.б. баары ачык-айкын көрүнүп турат. Тендерге каалаган бардык компаниялардын катышууга толук укугу бар.

– “Таза коомдун” бир компоненти “Коопсуз шаар” долбоору эмеспи. Ушул жагдайда кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

– Биз буга чейинки “Коопсуз шаар” деп аталып келген долбоорду “Акылдуу шаар” долбооруна камтып, бирдиктүү долбоорго айлантуунун үстүндө иштеп жатабыз. Ушунун негизинде жаңы долбоордун концепциясы даярдалды. Буюрса, анын алкагында күзгө чейин Бишкектин Чүй жана Манас проспектилерин ишке киргизебиз деген план бар. Жалпы коомчулук иштин жакшы жагын айтып, кемчиликтери болсо көрсөтүп, пикирлерин бөлүшөт деп ойлойм. Долбоорду ишке ашырууга жеке менчик компаниялар активдүү катышканы жатышат. Эми жалпы элибиздин күткөн ишеничин актай турган компанияны тандап алуу алдыда турган орчундуу милдет болууда. Долбоорго катышууга ниеттенген компаниялардын арасынан татыктуусун тандоону “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн кеңештин кароосуна сунушталат.

– Кыргызстанда “Таза коом” долбоору негизинен чет элдик донорлордун колдоосу аркылуу ишке ашырыла турган болуп жатат. Олуттуу колдой турган уюмдар менен мамлекеттер кайсылар?

– Бүгүнкү күндө Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Россия, Америка, Корея, Япония ж.б. эл аралык уюмдар менен мамлекеттер жардам берүү ниетин билдирип жатышат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, буга чейин Бишкекте эки жолу ири иш-чара өткөрүлдү. Биринчиси май айында болду. Анда “Таза коом” долбоорунун бет ачарын өткөрүп, коомчулукка, эл аралык уюмдар менен бизнес өкүлдөрүнө долбоордун максатын жеткире алдык. Андан кийин июнь айында өткөрүлгөн эл аралык чоң форумга БУУнун генералдык катчысы А.Гуттереш келип катышты. БУУнун “Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык программасы” аталыштагы чоң программасы бар. Анда биз баштаган “Таза коом” долбоорунун бир топ компоненттери камтылыптыр. Ушул алкактан алганда БУУ жана жогорудагы эл аралык уюмдар менен бир катар өлкөлөр биз баштаган долбоорду колдогону жатышат. Мисалы, чет элдик уюмдар өз ишмердүүлүгүнүн алкагында жардам бере алышат. Бири укуктук, мыйзамдуулук жагдайында, экинчиси бизнести өнүктүрүү боюнча дегендей. Ошондуктан алардын жардамына биздин долбоордон табыла турган орун көп. Жакында Европа өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү келишип, юридикалык жактарды электрондук каттоо жана электрондук патент жагдайында колдоо көрсөтүү ниетин билдиришти. Учурда Бүткүл дүйнөлүк банк Digital CASA долбоору аркылуу, мурда сүйлөшүлгөн 20 млн. доллар каражатты 50 млн. долларга чейин көтөрүү менен жардам бергени жатат. Бул боюнча күзүндө келишимге кол коюлуп, 2018-жылдан баштап, аны ишке ашырууга өтөбүз. Мында алдыңкы технологияны жылдыруу максатында төрт багыттуу иш жүргүзүлөт.

– Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү кандай болот?

– Менин оюмча “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн чектөөгө болбойт. Анын бир жылдын ичинде же башка бир отчеттуу мезгил аралыгында аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгаруучу стратегиялык багыты, “Жол картасы” болууга тийиш. Эмнелерге жетишип, эмнелерди аткара албай калгандыгыбыз тууралуу коомчулук билип турганы жакшы. А чынында “Таза коом” долбоору мамлекетти өнүктүрүүнүн улуттук идеологиясынын бир бөлүгү болуп калышы керек. Бүгүнкү күндө “Таза коомдун” алгачкы натыйжаларын көрүп, ал эмне экенин биле баштадык. Кыргызстанда алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү паспорттун түрү чыгарылып, ага электрондук кол тамга киргизилип – баары бекер боло баштады. Электрондук порталдан жарандын өздүгү тастыкталып турат.

– “Таза коом” долбоорунун биздеги аналогун ишке ашырып алышкан алдыңкы мамлекеттерди мисал келтирсеңиз.

– Алыс барбай эле постсоветтик өлкөлөрдөн Эстонияны мисал келтирейин. Ал дүйнөдөгү эң алдыңкы санариптик беш мамлекеттин катарына кирет. Алар – Сингапур, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея, Эстония жана Израил. Июнь айындагы форумубузга катышкан Кореянын өкүлдөрү технологиясы өнүккөн азыркыдай деңгээлге 40 жылдын ичинде жеткенин айтып беришти. Анткени кореялыктар алдыңкы технологиянын өнүгүшүнө көп күчтү, каражатты жана жылдарды арнаган. А Кыргызстан болсо жакынкы келечекте эле алдыңкы технологияны багындырышы толук ыктымал. Себеби, азыркы күндө ал жылдарга салыштырмалуу жаңы технологиялардын баасы арзан жана эл аралык алкакта кеңири пайдаланылып жатат. Мисалы, бир аз мурда жаңы сайтты жасоо үчүн бир барак кодду жазуу талап кылынса, азыркы күндө аны бир нече мүнөттө эле аткарып коюуга болот. Интернеттин ылдам өнүгүү процесси, ошондой эле оптикалык кабелдердин баасынын арзандашы, мобилдик байланыштардын кеңири тарап жатышы биз баштаган долбоорду өнүктүрүүгө чоң ишеним арттырууда. Мисалы, жыйырма жыл мурда эле эл ичинде мобилдик телефондор тууралуу түшүнүк аз тараган болчу.

Азыркы учурда Эстония шайлоолордо телефон аркылуу добуш берүү системасын киргизди. Алардын мамлекеттик органдарында кагаз менен иш алып баруу биротоло жоюлуп, электрондук форматта иштөөгө көнүп калышкан. Кайсы гана жерде жүрүшпөсүн ноутбугун алып чыгышып, өз жумушун аткара беришет. Мындан үч жыл мурда кыргызстандык делегация кызматтык иш сапар менен Эстонияга барышып, командировкалык баракка мөөр басып берүүнү өтүнүшсө, Таллиндин мекемесиндегилер мөөр басууну небак унутуп коюшканын айтышыптыр. Алар электрондук кол тамга, электрондук штампка өтүп кетишкен. Эстония калкынын саны аз, чакан мамлекет. Бул жагынан алганда Кыргызстан дагы элинин аздыгы, чакан жана мобилдүү өлкө болуу аракети аркылуу тез эле өнүгүү жолуна түшөт деген менде ишеним бар. Ал эми айрым эли көп, экономикасы кыйла алдыга кеткен, территориясы чоң мамлекеттер жогорудагы мен атаган беш мамлекет жеткен ийгиликке жетише элек. Бул жерде саясий эрктин болушу да чоң роль ойнойт. Кыргызстанда санариптик маалымат хабы түзүлүүсүнө региондогу башка мамлекеттер да кызыгып жатат. Мисалы, Афганстандын өкүлдөрү өзүнүн мамлекеттик маалыматтарын биздин дата борборго сактоо ниети бар экендигин өткөн форумда билдиришти.

Өткөн аптада Тажикстанда болгон САSA – 1000 программасы боюнча Премьер-министр С.Жээнбеков катышкан жыйында Афганстандын мамлекет башчысы бул оюн дагы бир жолу бекемдеди.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”