Бүгүнкү кыргыз журналистикасынын дурусу жана бурушу

Эгемендик жылдардагы кыргыз журналистикасынын басып өткөн жолу, жетишкендиктери жана өксүктөрү боюнча Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин окутуучулары Молдосейит Мамбетакунов, Абды Сатаров төмөндөгүдөй ой-пикирлерин ортого салышты.

 Молдосейит МАМБЕТАКУНОВ, доцент, профессор, Кыргыз эл артисти:

“Бүгүнкү кыргыз журналистикасы анализ жасоодо аксап турат”

– Эгемендүүлүк жылдарында журналисттик кесиптин калыптанышы өтө татаал болду. Журналисттер деле алгач көп жакшы түшүнө албай, демократиялык коом до жашап атабыз ошондуктан биздин айткандарыбыздын, жазгандарыбыздын баарын коомчулук билиши керек деген багытта иштешти. Бирок ал өзүнүн мыкты жемишин берди деп айталбайм. Себеби, кээ бир макалалар, сындар жакшы пайдасын тийгизгени менен кээ бирде тескерисинче болду. Ошондой эле айрым журналисттер – ЖМКлар “төртүнчү бийлик” дегенге таянып алышып, киришпей турган нерселерге киришип да кетишти. Бирок көч бара-бара түзөлөт дегендей демократия менен бирге журналистика өсүп-өнүктү. Кайсыл жагынан өстү? Ойду эркин айтуу жана ошол ойдун ичиндеги маселени объективдүү чагылдырууга бүгүнкү журналисттер жетишти. Учурда кыргыз журналистикасы анализ жасоодо аксап турат. Төгүндөлгүс фактыларга таянбай туруп, көбүнчө эл арасындагы сөздөргө, ушак-айыңдарга берилип кетип ошону гана чагылдырып коюп атабыз. Ошондуктан бүгүнкү чагылдырган материалдарыбыз эртең башка бирөөлөр тарабынан төгүндөлүп калып жатат. “Жемкор журналисттер”, “кошоматчы журналисттер”, “бийликтин журналисттери” дегендер мына ушундан улам пайда болуууда. Азыркы күндө жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик жана жеке менчик болуп экиге бөлүнгөн. Ошондой эле “Ютуб”, соц.тармактарды мамлекет башкара албай калды. Журналист эмес адамдар тескебей туруп каналдарды ачып алып маалымат таратып жатканы журналистиканы жаман атты кылып жатат. Көпчүлүк элдер журналист деген ким, журналистика деген эмне түшүнүшпөйт. Аларга кабар бергендердин баары эле журналисттер болуп эсептелет. Ошондуктан көпчүлүк учурларда ушундайлар журналистика кесибине кедергисин тийгизип жатышат.

 Учурда кыргыз журналистикасы анализ жасоодо аксап турат. Төгүндөлгүс фактыларга таянбай туруп, көбүнчө эл арасындагы сөздөргө, ушакайыңдарга берилип кетип ошону гана чагылдырып коюп атабыз. Ошондуктан бүгүнкү чагылдырган материалдарыбыз эртең башка бирөөлөр тарабынан төгүндөлүп калып жатат. “Жемкор журналисттер”, “кошоматчы журналисттер”, “бийликтин журналисттери” дегендер мына ушундан улам пайда болуп атат

 Абды САТАРОВ, акын-журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери:

Журналистикага бир нече тилдерди билген жаш журналисттер келди”

– Эгемендүүлүк алгандан кийинки биздин журналистикабыз таптакыр өзгөрдү десек болот. Журналистикага жаңыча ойлонгон, бир нече тилдерди билген жаңы жүздөр, жаш журналисттер келди. Бул журналистиканын дүйнө таанымын өзгөртүп, чегин кеңейтти. Бирок, кээ бир журналисттер демократия десе эле оозуна келгенин оттоп, оюна келгендин баарын жазып башташты. Демократиядагы журналистика бул – чоң жоопкерчилик, этикалык эрежелерди сактоо болуп эсептелет. Ошондой эле маалыматты болгонун болгондой, акыйкат жана ыкчам жеткирип, ошол эле учурда кандайдыр бир эргүү берүүчү багытта болууга тийиш. Чыныгы журналис тикада журналист акыйкатты гана жеткирет, калганын окурман же угарман өзү ойлонуп, жыйынтык чыгарышы керек. Ошондой эле эгемендүүлүк жылдарында журналистиканын этикалык принциптеринен түшүнүгү жок, бир нерсе өндүрүү максатында фактыга таянбай туруп жазып, бул тармакты бизнеске айландырып алгандар да чыкты. Бул журналистикага жат көрүнүш! Бирок булар акырындан журналистика коомчулугунан чыга баштады. Ошол эле учурда билими, сабаттуулугу, дүйнө таанымы, ойлонуусу төп келишкен эл аралык масштабдагы журналисттер да пайда болду. Бүгүнкү глобалдашкан заман өзү жазып, өзү тартып, өзү монтаждап, өзү суйлөгөн универсал журналисттерди талап кылат. Ушундай талапка жооп берген журналисттердин көбөйүп жатканы албетте, кубанарлык нерсе. Жаш журналисттердин жазгандарын, тарткан материалдарын, жасаган иштерин көрүп мен албетте кубанам. Керек болсо биз ошолордой ойлонуп, ошолордой болууга умтулабыз. Себеби улуу муун менен кичүү муун бири-бирин коштоп жүрүш керек.

 Эгемендүүлүк жылдарында журналистиканын этикалык принциптеринен түшүнүгү жок, бир нерсе өндүрүү максатында фактыга таянбай туруп жазып, бул тармакты бизнеске айландырып алгандар да чыкты. Бул журналистикага жат көрүнүш! Бирок булар акырындан журналистика коомчулугунан чыга баштады. Ошол эле учурда билими, сабаттуулугу, дүйнө таанымы, ойлонуусу төп келишкен эл аралык масштабдагы журналисттер да пайда болду.

Айгерим Качкынбекова

 

 

0 Поделились