Кызганыч – ушактын тору, түгөйлөрдүн шору

Эрмектин жандүйнөсү бүлүндү. Отурса-турса оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген айпериси Эркингүл болду. Эркингүл дегенде Эрмек эстен танат, кээде кыялдарга жетеленип, өзүнүн кайда экендигин дагы байкабай калат. Бул кызга арнап не деген гана ырларды жазган жок. Анын ырларын окуганда Эркингүл дагы кандайдыр бир улуу күчкө жетеленип, башкача сезимде болот. Эрмек Эркингүлдү не деген гана гүлдөргө теңеди.

Ошентип эки жаш баш кошту. Бирок сүйүүнүн күчү канчалык күчтүү, канчалык ысык болбосун, анын кызганыч деген кас душманы болот экен. Жашоонун өйдө- төмөнүнө, күнгөй-тескейине, ысык-суугуна бирге чыдайбыз, өмүрүбүздү бирге өткөрүп, өлсөк бирге жатабыз деп кол кармашкан болчу эки жаш. Сүйүү – кызганыч, кызганыч – сүйүү экенин так айырмалап, ак-карасын аныктоого Эркингүлдүн кудурети жетпей, токтоолук, сабырдуулук деген санаасына кирбей, мунун аягы ажырашууга алып барарын билбеди. Ортодо кара мышык аралап, Эркингүл ушак уусуна кабылды. “Кулак укса курсак кайнайт” деген ушул белем. Көрсө, сүйүү колго карматпаган нерсе тура. Адамдагы эң ыплас, жаман адат ичи тардык, көрө албастык, саткындык, ушак болот экен. “Жылаан уусунан айыкса болот, ушак уусунан айыга албайсың” демекчи, ушакчы чымынды төөгө, алсызды дөөгө, акты карага айландырып таштайт тура. Эрмек менен Эркингүл өз сүйүүлөрүн сактап кала албады. Кызганыч сезими сүйүү менен бирге жаралганы менен, сүйүү менен кайра жоголбоду. Жалган жашоодо көпчүлүк жубайлардын шору так ушул кызганычта окшобойбу. Кызганыч адамдагы ишенимди жоготуп, ишенимсиз жашоо болсо ой-сезимди бузуп, ынтымакты ыдыратат. Чырдын башы кызганычта экендигин, анын кыйкым чуусу адамды көлөкө сымал ээрчип аларын аалымдар айтып, акылмандар эскертип, албады.

Ушакчынын өзгөрмө жүзү Эркингүлдү алдады. Койнунда котур ташы бар, бешик түртпөй эшик түрткөн, бир эмес эки базардан өткөн, колу-жолу бош, Эркингүлгө кеңештеш-сырдаш болгон Турдукан ээгине ээ боло албай эбиреп: “Эркингүл, алтыным, мен сага бир нерсени айтам деп эле оозум батпай жүрөт. Ичте кайнаганча сыртта ачык болсун. Бирок мени айтты деп эч кимге ооз ачпа, макулбу? Өзүң эле сары изине түшсөң билип аласың. Мен Эрмекти таза, жакшы жигит экен деп жүрдүм эле, көрсө, сен байкуштун көзүнө чөп салып жүрүптүр, өз көзүм менен көрбөдүмбү. Тиги паркта Бермет экөө “ак моюнду” ортого коюп алып, стакан кагышып, кыз-жигит биякта калсын, болушпайт тим эле. Сенин бул тууралуу кабарың жок го, алтыным”, – деп айтып калды.

Бул сөздү укканда Эркингүлдүн кулагы тунуп, денесине муздак суу куйгандай ичиркенди. Качан, кайсыл күнү көрдүң дегенге дагы алы келбей, бети ысып, Турдуканды көргүсү келбей кетти. Муну байкай калган Турдукан ууру итче түр көрсөтүп: “Апээй, эбиреп отура берген турбаймынбы, кетейин кокуй”, – деп этегин кагына тура жөнөдү.

Бир чоң жүктөн, онтоткон оорудан кутулгандай кудуңдап, “Алтын сөйкө кулакка илип, шакектерин жаркылдатып теги эле болбойт. Эркингүл ким эле? Эми эри экөө сүйүшүп, күйүшүп жатсын” деп ойлонуп, жел үйлөгөн камгактай желип да, кудуңдап сүйүнүп да баратты Турдукан.

Эркингүл болсо эки ача сөздүн аныгына жеткен жок. Эрмектин баскан-турганы оюнан кетпеди. Эркелетип жүргөн сойкусу экөөнү кармап алсам дегенде төрт. Аңдуу салып, күйөөсүнүн иштеген жерине чейин барып жүрдү. Ушакка ууланып, жел ойго жетеленгендигин элес албады. Кылдан кыйкым табууну адатка айлантып, болбогон сөздөр менен Эрмектин мазесин ала берди.

Канчалык көтөрүмдүүлүккө салбасын Эрмектин акыры чыдамы түгөндү: “Эркингүл, жетишет. Ашык кетпе. Эмне жетишпейт? Ачык айт. Мен сага түшүнбөй баратам. Тилиңди тарт”, – деп бир нече ирет эскертти. Бирок, Турдукандын уу ушагынан Эркингүлү арыла албады. Ар кандай айтылган кептер үйдүн кутун учуруп, акыры Эркингүлдөн тажаганда Эрмек кийим-кечесин жыйыштырып, машинасына салды дагы куттуу короосунан чыгып кетти. Мындайды чыны Эркингүл күткөн эмес. Ээн короодо делдиреп туруп калды.

Сартбай ДУБАНБАЕВ, эмгек ардагери, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы