Дыйкандар жерлерин күрөөгө коюп, насыя алуусу демилгеленди

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттын айтымында, мыйзам долбоору ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдардын ишин, т.а. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги ишин өнүктүрүү жана кеңейтүү зарылдыгына багытталган.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына олуттуу бир жаңы көрүнүш киргизилет – бул ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга айыл чарба багытындагы жерлердин күрөө кармоочусу катарында чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын банктарына жана адистештирилген  финансы-кредиттик мекемелерине берилгендей эле тийиштүү укуктук статусту берүү болуп саналат. Маалымат-негиздемеде мыйзам долбоорун кабыл алуу агрардык секторду активдүү каржылоого мүмкүндүк берери белгиленген.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды, пикирлерди, кооптонууларды 2-окуунун жүрүшүндө эске алуу менен, мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.