Эс алуу учурунда студенттер көлгө чөгүп каза болушту

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Э.Сатылганов каза болгондордун бири — 1994-жылы туулган Асан уулу Нурмухамед, экинчиси — 1996-жылы туулган Аманкулов Бектурган экенин билдирди.
ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев кабарчыга билдиргендей, окуя кечээ, 13-июлда саат 12:30 чамасында Ынтымак айылындагы «Үмүт» (мурунку «Факел») эс алуу жайында болду. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар денелерди саат 14:30да жана саат 16:20да алып чыгышкан.
Адистердин айтымында, катамаранга жалпы 4 бала отуруп, көлдүн терең жерине чейин барышкан. Капыстан катамаран оодарылып кетип, алардын экөө өз алдынча жээкке сүзүп чыккан.