Бишкекте дзюдо боюнча Азия чемпионатынын ачылышы болду

13-июлда Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушунда жайгашкан спорт комплексте жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргызстанда өтүп жаткан Азия биринчилигине 18 мамлекеттен 338 спортчу катышаары күтүлүүдө. Алар: Кытай, Тайбэй, Гонконг, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ливан, Макао, Монголия, Пакистан, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Тажикстан, Өзбекстан жана Вьетнам.

Мелдеш 1997-2002-жылы туулган улан-кыздар арасында өткөрүлөт.

Жалпысынан 32 комплект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын курама командасынын атынан таймашка 40 спортчу катышат.

Алгачкы күнү балдар жана кыздар арасында 8 комплект медаль ойнотулмакчы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *