Шарипа КЕМЕЛГАЗИЕВА, обончу, ардагер-агартуучу: «Алгачкы обондорумду Мукаш Абдраев агайым нотага жазып берген, али күнчө сактап жүрөм…»

Бардык нерсенин башаты – балалык

 

Биздин балалык согуш маалына туш келди. Ак-Талаа районундагы айтылуу Муса Баетовдун айылынанмын. Ата-энемдин айтуусуна караганда, бала кезимден эле музыкага, ыр-күүгө шыктуу болчу экенмин. Атамдан өткөн өнөр го, сыягы. Анткени атам – Кемелгазы абдан мыкты ырдаган адам болгон. Ошол учурда Муса ата: “Сенин үнүң да жакшы, өзүң да абдан сулуу кишисиң. Мен сени шаарга, артист кылып алып кетем”, – десе, атам болбой койгон экен. Илгери ак сөөк адамдар өздөрү ырдаган эмес да, ырчы-чоорчуларды ырдатып угушкан эмеспи. Атам да бийдин тукуму катары ырдаганды намыс көргөн окшойт.

Мен өнөргө он жашымдан эле аралашып калдым. Музыкалык билими жок эле, географиядан берген эжем мени Абдылас Малдыбаевдин “Самолет” деген ырына ушундай жогорку деңгээлде даярдаган экен, Ак-Талаада өткөн сынакка катышып, акча утуп алганым эсимде. Ошондон кийин ого бетер кызыгуум артып калды.

Мектептен кийин Фрунзеге келдим. Ага чейин эмне экенин түшүнбөй туруп эле биофакка барам дечү экенмин. Көрсө, курт-кумурскалар менен иштей турган кесип экен, аны кайдан билипмин. Ага сынактан өтпөй калып, эмне кыларымды билбей турсам: “Ырдаганды билесиңби?” – деп сурап калышты. “Билем, ырдап эле жүрөм”, – десем: “Анда кыргыз тили, адабияты жана ыр мугалими” деген жаңы факультет ачылып жатат, ошол жакка тапшырып көр”, – деп калышты. Бул 1958-жылы болчу. Ошентип, өтө мыкты мугалимдерден сабак алып калдым. Теоретикалык дисциплинадан Мукаш Абдраев, хордон Султан Юсупов, нотаны болсо Кайыпбек Айтыгулов үйрөттү.

Баарыбыз айылдан келгенбиз да. Музыканын аны-мунусун түшүнө элекпиз, орусча бир сөз билбейбиз. Айтыгулов агай ушунчалык ынтызарланып, күйүп-бышып окутар эле. Жалаң кыздар болчубуз, уруша да алчу эмес. Ачуусу катуу келгенде отургучун ары каратып, көпкө чейин бизге далысын салып отуруп алар эле. Бир убакта анан ачуусу тараганда бери бурулуп, кайра сабагын баштачу.

Окууну бүтүп жатканда анан турмушка чыгып калдым. Балалуу болдук. Кийин № 5 мектепте мугалим болуп иштеп жүрсөм, музыкалык педучилищеден келип, сабакка катышып калышты. Тургуналы Молдогазиев деген дирижер: “Сиз музыкалык педучилищеге иштейсизби?” – деп сурап калды. “Иштегим келет”, – дедим. Ошентип, методикадан, практикадан сабак берип калдым.

 

Комузду үйрөткөн устатым – Мейилкан Козубекова…

 

Биз бала кезде айылда жогорку класс деген жок эле. 7-класстан кийин райондун борборуна келип 8-9-10-классты бүтчүбүз. Бир күнү кыздар менен киного барсак, экранда эле бир кыргызча кийинген, тебетейинде үкүсү үлпүлдөгөн аял комузду бирде ийнине, чекесине алып, бирде жерге кое коюп, ушундай бир сонун ойноп жатат. Бирде кийимине, бирде укмуштуудай ийкемдүү ойногон колдоруна карап калыпмын. Ал кезде согуштун маалы, кыргызча кийим дегенди билбейбиз да. Ошол боюнча эсимде калып калды. Кийин шаарга келип окуп калбадымбы. Ошондо Калый Молдобасанов атабыздыкында жашап калдым. Артисттер үчүн биринчи курулган үй болчу. Бир күнү терезени карап турсам, короодо Токтосун Тыныбековдун байбичесинин жанына колунда көтөргөн комузу бар аял келип туруп калды. Баягы – мен көргөн аял – Мейилкан Козубекова! Аттап-буттап, чуркап түшүп эле экөөнүн жанына барып туруп калсам, Токтосун агайдын байбичеси: “Келе гой, Шакен, эмне болду?” – деп сурап калды. “Ушул эжекени көрүп калып чуркап келдим”, – десем, Мейилкан эже эркек мүнөз, шаңкылдаган аял экен: “Мениби? Жүрү үйгө! Бол, кеттик!” – деп калды. Көрсө, биздин үйдүн үстүңкү кабатында жашайт экен. Комузду ошол эжеден үйрөнүп калдым. Шекербек Шеркулов тууралуу укмуштарды айтып, анын кайрыктарын эч ким кайрып черте албай турганын айтар эле.

Турмушка чыккандан кийин Мейилкан эженин үйүндө жашап калдык. Анткени эжебиз өзү жарым жылдап гастролдоп кетер эле. Ал кезде эл квартиралап жүрсө, биз бактылуу экенбиз, бекер квартирада туруп калганбыз. Аныбыз аз келгенсип, жолдошум апасын да алып келип алып жатпайбы…

 

Мен кантип обончу болдум?..

 

Студент кезим… Музыканын теориясын окуп, көз ачылып калган кез. Эмнегедир эле көкүрөгүмө кандайдыр обондор келет десең. Улам кайталанып, айланып-тегеренип эле келип калат. Анан аларды кыңылдап, эсиме тутуп коём. Бир күнү Мукаш Абдраев агайга: “Агай, мага ушундай эле бир обонго окшогон кайрыктар келип жатат”, – десем: “Кана, угузчу?” – деп калды. Ойноп берсем: “Ой, сенде бир нерсе бар го?..” – деп, нотага түшүрүп койду. Ошол нотаны алигиче эстеликке катып жүрөм. Андан кийин экинчи ырым чыкты. Кыйраткансып, анан эки ырымды көтөрүп алып композиторлор союзуна барып жатпаймынбы. Ал жактан мага Турар Кожомбердиевди сунуш кылып калышты: “Муундарын айтып берсең, текст жазып берет”, – деп. Ошентип, “Жаштар маршы” жана “Тоолук жигитке” деген эки обонума Турар Кожомбердиев сөз жазып берди. “Тоолук жигиткени” Майрам Дүйшөкеева абдан жеткиликтүү ырдап чыкты кийин. Бирок турмушка чыккандан кийин баары токтоду. Бала төрөп, багып-тегиш деген да аял үчүн чоң милдет эмеспи. Көп жылдардан кийин, 43кө чыккан кезимде кайра чыгармачылыкка кайтып келдим. Филармониянын коридорунда кетип баратсам эле сызылган жакшынакай үн менен бир кыз ырдап жатат. Ошол эшикти ачып, баш баксам кара тору кыз ырдап отуруптур. “Ырдап жаткан сенби?” – десем: “Мен, эже”, – дейт. “Үнүң жакшы экен, менин ырларым бар, ырдайсыңбы?” – десем: “Ырдайм, эже”, – деди. Саламат Садыкова экен. 1985-жыл болчу. Шаарга жаңы келген кыз эле, үйгө чакырып, фортопианодо ырдап бердим:

“Унчукпай койсоң эмнеге,

Убара болом күн кечке…”

Ушул ыр менен элге таанылды. Андан сырткары “Элегия” деген ырымды ырдады. Билинбей эле 200дөн ашуун обондуу ырдын автору болупмун, эми чогултуп, китеп чыгарып жатам. Кийин чыгармачыл балдардын “Сейтек” үйүндө балдар үчүн вокал, темир комуз, кыл кыяк, темир комуз, ж.б. алты ийрим ачтым. Аз эле убакта ийгиликтерге жетишип, республиканын аймактарында өнөр көрсөтүп, Кыргызстандын сыртына чейин чыгып кеттик.

 

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”