Президенттик шайлоо – 2017: Жумушсузсуңбу? Анда президенттикке талапкерлигиңди кой…

БШКнын маалымат сайты 12-июлда КР Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу КР жараны, 1974-жылдын 24-июнунда туулган, убактылуу жумушсуз Улукбек Кочкоровдон арыз келип түшкөнүн билдирди.

 11-июлда болсо, КР Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу КР жараны, 1971-жылдын 6-майында туулган, убактылуу жумушсуз Максатбек Жумабековдон КР БШКга арыз келип түшкөн болчу.

Ал эми 10-июлда КР Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу КР жараны, 1985-жылдын 12-февралында туулган, «Империал Девелопмент» ЖЧКнын башкы директору Куттубек Бешбаковдон КР БШКга арыз келип түшкөн.

Ошол эле күнү КР жараны, 1975-жылдын 25-декабрында туулган, «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧнын башкы директору Трофимов Игорь Алексеевич КР Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу БШКга арыз менен кайрылган.

Ошентип, президенттикке өзүн өзү көрсөткөндөрдөн күн куру эмес. Эске сала кетсек, 11-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 19 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн. Алар: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков. Ошондой эле 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн. Алар: Т.Сариев – «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы.

Президенттик шайлоо – 2017 башталганы тамаша да кызыды. Маалымат каражаттары президенттикке талапкерлер тууралуу кызык маалыматтарды жарыялап жатышат. Интернет сайттардын бири “Аялынын урушканына карабай, үйүн күрөөгө коюп, Турсунбек Акун да шайлоого аттанды” деп жазып чыкты. “Азыр президенттикке, депутаттыкка жалаң байлар барат. Себеби, миллиондогон күрөө коюшуң керек. Карапайым эл барса болбойбу? Мен үйүмдү күрөөгө койдум, келинчегим урушуп жатат. Мен болсо силерден үмүттөнөм. 5-10 сомдон чогултуп жардам бергиле. Кайыр сурап жаткан жокмун. Аймактарды кыдырганда каражат керек болот да” – деп президенттик шайлоого катышуу үчүн үйүн күрөөгө койгонун айткан президенттикке талапкер:

“Артисттер, көчөдө жүргөндөр талапкерлигин коюп жатышат. Мисалы, “Зима не будет” – Арстанбек Алай талапкерлигин коюп алыптыр. Кээ бири жөн эле пиар үчүн БШКга арыз берип жатат” деп Президенттик шайлоого баруунун баркы кетип жатканына нааразы болуптур.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Санжар Энназаров белгилүү ырчы Айнура Салахидинованын өмүрлүк жолдошу экенин жана БШКга жазган арызында иштеген жери деген макамына «убактылуу бош» деп жазганын айтып чыгышкан маалымат сайттары болду. Капырай, кызык, белгилүү ырчынын өмүрлүк жолдошу болсо эле президенттикке талапкерлигин көрсөтсө болбойт бекен? Маселе, анын убактылуу боштугунда деле эмес да.

Айтор, талапкерлер тууралуу буга чейин эч жерде айтылбаган, делбеген маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө маалымат каражаттары, телерадио, интернет сайттар компромат, кара пиарларга толуп баратат. Адатта мындайда саясатчылар журналисттерди күнөөлөп жатып калышат. Бирок, ошол кара пиар, компромат маалыматтардын артында өздөрү турганын эч качан мойнуна алгылары келбейт. А чындыгында кара пиарлардын буюртмачылары саясатчылар өздөрү эмеспи. Айтор, неси болсо да, түбөлүгү түз болгой эле. Болгону, бүгүн талапкерлер президенттик шайлоо үчүн үйүн күрөөгө койсо, эртең дагы бир өнөктүк үчүн Кыргызстанды күрөөгө койбос бекен деген күмөн ой жаралбай койбойт!

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”