Алакага бай бир апта: Инвестиция ишенимден башталат

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстан бизнес үчүн бейишке айланышы керек» деген сөзү иш жүзүндө ишке аша баштады. Мунун анык далили катары Кыргызстанга кызыккан, бизге ишеним арткан эл аралык ири инвесторлордун келе башташын айтсак болот. Анда эмесе, бир апта ичиндеги алакаларды четинен санап берели.

АКШнын алдыңкылары Кыргызстанда

Былтыр, 2016-жылы Америка-кыргыз ишкерлер кеңеши түзүлгөн. Ошол кеңештин курамындагы: «Baker & McKenzie LLP», «General Electric», «AGCO Corporation» компаниялары, ошондой эле «Coca-Cola», «Visa Inc», «AES», «John Deere» сыяктуу трансулуттук ири компаниялардын өкүлдөрү 11-июль күнү Кыргызстанга келип, Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

Өз тармагында лидер атыккан, дүйнөлүк деңгээлде кадыр-баркка татыган, түрдүү чөйрөдө кызматташуу жана өз ара пайдалуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча бай тажрыйбага ээ америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланыш куруунун мааниси зор экендигин баса белгилеген Президент Алмазбек Атамбаев “Бизнес жүргүзүү жана бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн өлкөдө көп иштер жасалууда. Кыргызстан бизнес үчүн бейишке, таза жана ачык иштеп, инвестиция жумшап, чоң акчаларды табууга боло турган эркин өлкөгө айланып баратат” – деди. Ошондой эле Кыргызстандын Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге катышуусу, Европа союзу тарабынан өлкөгө ыйгарылган ВСП+ преференциялар макамынын аркасы менен өз ара аракеттешүүнүнжана байланыштарды активдештирүүнүн келечегин америкалык ишкерлер менен кызуу талкууга алды. Буюрса, бул жаатта жакшы жаңылык болчудай.

Чехтерден ГЭСтер!

10-июль күнү өлкө келечеги үчүн тарыхый мааниси зор келишимге кол коюлду. Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда чехиялык «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы менен Кыргызстандын ортосунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана эксплуатацияга киргизүүжөнүндө макулдашууларга кол коюлду. Албетте, азыр сүткө оозубузду күйгүзүп, айранды ууртап ичүүдөбүз. Бирок «Liglass Trading CZ, SRO» компаниясы буга чейин Италия, Чехия, Сербия, Армения жана Россияда ГЭСтерди куруп, артынан жаман сөз ээрчиткен эмес. Келишилген документке ылайык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемелери жаңыланып, станциялардын курулушу, пайдаланууга берилиши жана эскплуатациялоо графикке ылайык камсыздалышы каралган.

Кытайга эт, сүт, балык, бал ташыйбыз

1 миллиард 300 миллиондон ашык калкы бар коңшубуз Кытай өтө тездик менен өнүгүп бараткан өлкө. Кыргызстанга дагы акыркы жылдары өтө көп акча жумшап, ишенимдүү инвесторго айланды. Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инспекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан. Кытайлык өкүл эки тараптуу, анын ичинде айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин өзгөчө белгиледи. Кытай өкмөтү баш-аягы 1 миллиард доллар инвестиция жумшап, 30 миң жаңы жумушчу ордун түзгөн ири “Искра Азия” агро-өнөр жай долбоорун ишке киргизгени турат. Бул агро-өнөр жай паркы этти жана сүттү кайра иштетүү, уй жана жылкы этин өндүрүү, балык, бал аарычылык жана башка айыл чарба тармактары боюнча иш алып барат. Эң башкысы агропаркта өндүрүлгөн бардык азык-түлүктөр Кытайга экспорттолот. Миңдеген жаңы жумушчу орундарды, казынага төлөнүүчү ири суммадагы салыкты эске албаганда, жалпысынан бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн эң чоң секирик болмокчу.

Арабадардан азырынча 357 миллион доллар

Кыргызстан араб дүйнөсү менен дагы экономикалык тыгыз кызматташууга бел байлаган. Акырындык менен аракетибиздин акыбети кайтып, акчалуу араб өлкөлөрү Кыргызстанга жүзүн бурду. 11-июль күнү Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Саед Ага, Сауд өнүктүрүү фондунун өкүлү Абдулла Аль- Хуаттер, Кувейт фондунун Борбордук Азия жана Европа боюнча аймактык менеджери Юсеф аль-Бадер, ОПЕК фондунун өкүлү Ахли Аль-Хунайф баштаган Араб координациялык тобунун өкүлдөрү Кыргызстанга келди. Алар Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушту. Араб инвесторлору менен болгон тегерек столдо кыргыз тарап айыл чарба, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка тармактар боюнча 681 миллион долларлык долбоорлорду сунуш кылды. Кеңешменин жыйынтыгында Араб координациялык тобу 357 миллион долларлык долбоорду жактырып, каржылоого макул экендигин билдирип, атайын протоколго кол коюлду. “Калган долбоорлорду каржылоодон баш тарткан жокпуз. Документациялар менен таанышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бизге дагы убакыт керек болуп жатат. Жайдын акырына чейин бул иштин баары толук бүтүп, калган долбоорлорду дагы колдоп беребиз деген ойдомун” – деди Ислам өнүктүрүү фондунун вицепрезиденти.

 

Эмгекчилдин жалкоо чиновниктери

Нарын районуна караган Эмгекчил айылы эки күндөн бери бүтүн элдин көңүлүн бурду. 8-июль күнү бул айылдын 30-40тай тургуну «Кыргызалтын» ишканасынын кампасына кирип, мүшөктөп алтын кенин уурдоого аракет кылып, 23 тургуну кармалган. 12 – июль күнү «Турмуш» маалымат булагынын кабарчылары «Эмгекчил» айыл өкмөтүнө барып, чакалайдын чак түшүндө бир дагы жооптуу кызматкерди иш ордунан тапкан эмес. «Балык башынан сасыйт» эмеспи, айыл өкмөтүнүн кейпи бул болсо, район акими деле андан алыс кеткен эместир. Мындай чар жайыттык, баш аламандык үчүн айыл өкмөт башчысы баш, район акими төш болуп иштен айдалганы туура болор…

Корумду – Каракол жолу оңдолот

Араб координациялык тобу өлкөбүздөгү бир катар долбоорлорду каржылап бермей болушту. Алар Балыкчы – Корумду авто жолун, Жүрөк хирургиясы жана дене органдарын трансплантациялоо улуттук институтунун жаңы имаратын, көп профилдүү заманбап оорукана жана инновация борборун куруу сыяктуу бир катар долбоорлорду жактырып, каржылап берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Чек ара кызматындагы чекилик иштер ачыкка чыгат

Жакында эле жетекчиси алмашкан Мамлекеттик чек ара кызматында абал анча эмес. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Чет элдик туристтерден чек арачылар тарабынан кабыл алуудагы кемчиликтерден көптөгөн арыз-даттануулар келип түшүүдө. Азыркы учурда тилекке каршы түз далилдер жетишсиз, бирок жакында анын баары ачыкка чыгарылат. Бул өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча чет элдик туристтерде чек араны кесип өткөн учурда биринчи эле терс таасир калтырууда» – деди.

Эрнис БАЛБАКОВ, «Кыргыз Туусу»