Кусеин ИСАЕВ: Философ, социолог, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору: «Таза коом» – Алтын доордун босогосу го деп болжойм!

 – Жетекчилерибиздин убадасына караганда “Таза коом” – Кыргызстандын мындан аркы тагдырын аныктоочу чоң программа. “Таза коомго” байланышкан эл аралык эки форумду, ага аттуу – баштуу адамдардын келиши – Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз дипломатиясынын чоң ийгилиги, Кыргызстандын эл аралык аброюнун өскөндүгү, коңшулар арасындагы кадыр–баркынан кабар берет, – десек калыстык болор. Туура, жел ооздорго жем таштабай, бул ишти Улуттук стратегиянын алкагында СДПКнын Кыргызстанды өнүктүрүү программасы катары бир-эки жыл мурда баштоо керек эле. Мен “Таза коомго” байланыштуу эки жыйынга чакырылдым. Эл түшүнө элек экен. Алгачкы стадиясы эле 9 долбоордон турган көп томду камтып, 25 жылга эсептелген чоң программаны 25 мүнөттө окуп түшүнүү мүмкүн да эмес. Программанын жалпы тексти иштелип чыгууда дешпедиби. Азырынча анын финансылык, экономикалык, техникалык аспекти тууралуу гана учкай маалымат бар. Албетте, аты айтып тургандай “Таза коомду” таза кол менен куруп башташыбыз керек.

– Программанын конкреттүү адамга кандай пайдасы бар?

– Кимге, мисалы сизгеби?

– Жок, жумушсуздарга. Менин уул-келиним жумушсуз. 6 балалуу болушту. Тийиштүү кагазын чогултуп бере албай, жөлөк пул алышпайт. Апам экөөбүздүн пенсиябыз менен жан сакташат.

– Жакшы мисал айттың. Санарип технологиясы, интернет коррупциянын жаназасын окуйт. Эң чоң кайгы болгон жумушсуздукту кыскартууга жардамга келет. Сенин уул келиниңдин мисалында алсак, аларга интернет аркылуу бош жумуш орундарын сунуштайт. Справкаларды чогултам деп ар кимге жалдырап, акча бербейт. Бала төрөлөрү менен тийиштүү маалыматтын бардыгы жөлөк пул берчү жерге өзү барып түшөт. Интернет, санарип булактары алдабайт, алдатпайт, пара албайт. Эч ким жанына акча салып жүрбөйт, бара-бара ал жоголот. Телефон аркылуу төлөп, керектүү маалыматты телефон берет.

– Ушул Сиз айтып жаткан кооз жомок, демек Программа мурункулардай болуп аткарылбай калсачы?

– Алмазбек Атамбаевдин ишенген, таянган тоосу бийик үчүн өтө жоопкерчиликтүү, машакаттуу, бир чети тобокел кадамга барып жатат. Элди алдоо доору бүттү. Эми эл менен эсептешип, элге таянып иш кылгандан башка жол калган жок. Президент, ал чоң ишеним көрсөтүп, өз ордун бошоткону жаткан азыркы Өкмөт башчы менен Президенттин аппарат башчысы мурунку желмогуздардын кылык-жоругун кайталай албайт, мүмкүн да эмес. Санарип технологиясын кеңири жайылтып, колдонуп, коомду түп-тамырынан бери тазартуу, тазалануу жолу, сөздөн ишке өтүү, жаратман кадам башталышы керек. Талашып отура берүү майнапсыз экенин санарип көзгө сайып көрсөтүп турат. Интернеттештирүү коомдун бардык булуң-бурчуна жеткирилет. Демек, санарип жана интернет алтын доордун эң негизги көрсөткүчтөрүнөн болот, буюрса.

Санарип – адамга, коомго жардамга келе турган фантастикалык мүмкүнчүлүк. Ааламдашуу технологиясынын бүгүнкү абалын, жетишкендиктерин чейрек кылым мурда элестетүү мүмкүн эмес эле да. Учак минип суткалап жете турган аралыктан эки адам каалаган учурда маңдай- тескей отуруп алып, үнүн эле укпастан, жүзүн да көрүп, дидарлашып, баарлашуусу, эч ким таңкалбаган кадыресе көрүнүш болуп калды.

– Биздин бийлик уюштурган жыйындарга даражалуу, өз тармактарынын даанышман кызмат адамдары келген экен?..

– БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш: “Таза Коомду” Бириккен Улуттар Уюмунун стратегиясына шайкеш келет”, – деди. Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер: “Долбоор Кыргызстандын инновациялык демилгеси, ал жарандык коомдун, мамлекеттик мекемелердин жана бизнестин күчү менен ишке ашат”, – десе, Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча жетекчиси Лилиана Бурунчук: “Санариптик экономика – өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү, ал аркылуу бардык иш жеңилдейт”, – деп ишенет. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлү Кэндис Макдейган” “Таза коом” керектүү учурда керектүү жерде ишке ашканы турат. Кыргызстан акыркы жылдарда туура багытта өнүгүп келди. Азия Өнүктүрүү банкы колдойт”, – деген убада берди. Бул жогорку даражалуу адамдардын Кыргызстанга, кыргыз бийлигине ишеним көрсөтүп жатышынан жамандык издегенибиз пастык болот. Өз алдымча ойлонуп отуруп, “Таза коом” долбоору – соңку жылдары ойчулдарыбыз, көз ачыктарыбыз айтып келген “Алтын доордун” босогосу го, деп болжоп койдум.

– “Алтын доор“ тууралуу көп угуп жүрөм. Гүлзат Шамсутдин кызыбыз жакында “Супарада” өзү таза деген адамдарды чогултуп, айран уютуп, ырымын жасап, Манас айттырып бата алган болчу…

– Илим менен мистиканын, миф менен реалдуулуктун чегинде жашап, ою таза, жолу таза адамдын сезиминен билинбей орун-очок алып, үндөп турган ойлор болот. Байыртан Манас бабабыздан тарта кыргыздар бардыгын жакшыга жоруп, жакшыны кеп кылган үчүн агарып-көгөрүп келатабыз. “Алтын доор” идеясы – элдин аруу тилеги. Мен социологмун. Социолог эч бир саясий күчтүн таасирине баш ийбей, акыйкат, объективдүү, калыс изилдөөлөрдү жүргүзүүчү илим. Социология саясаттан алыс, таза болгону дурус. Мамлекет менен калктын ортосундагы чындыкты ачып турууга милдеттүү. “Таза Коом” шылуундардын заманасын курутуп, артка таштап, мамлекетти түп тамырынан бери жаңылоо зарылчылыгын жаратып отурат. Башында булганып алдык. Эми андан эртерээк тазаланып чыгышыбыз керек. “Башка элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт”, – деп айткан экен Лев Гумилев. “Адам жолду түздөбөйт, жол адамды түздөйт”, – дептир чыгыш акылмандары. Өз жолубузга түшпөсөк болбойт. Биз кыргыздын көөнө салт-санаасын теңирчилик жана ислам маданияты, шарият менен шайкеш келтирип жашап келген элбиз. Феодализмден социализмге секирип кеткендигибиз тууралуу далай диссертация корголгон. Жаңыны бат кабылдоо каныбызда бар. “Таза коом ” идеясын деле илгиртпей иштетерибизге көзүм жетет.

– Сиз Акаевдин, Бакиевдин өздөрү ичип-жеп, элди алаксыткан, эчак унутулган программаларын жиликтеп макалаларды жарыялагансыз. Бүгүнкү программа ошолорд ун уландысы болуп калбаса экен.

– Мен сиз атагандан башка программаларды да билем. Лениндин ГОЭЛРО, жаңы экономикалык саясат программалары (башкасына үлгүрбөй калды), Сталиндин улут, коллективдештирүү, космосту өздөштүрүү программалары эмне үчүн койгон максатына жеткен себебин да билебиз. Бир сөз менен айтканда алар өлкөнү, мамлекетти, элди ойлогон. Акылы, эрки, кайраты жеткен. Биздин шумпайлар кара курсактан өйдө көтөрүлө алган жок. Эгер Алмазбек Атамбаев баштаган ишин таза кишилерге, элге таянып, жанын тиштеп улантса, ийгилик болбой койбойт. Президенттин эркине, “көк беттигине” көп нерсе көз каранды. Коррупциянын масштабы өтө чоң. Ага каршы күрөштү күчөтүш керек.

– Ошондой болсо да?..

– Албетте, демократия керек. Ал өз жолу менен. Саясат туруктуу, тунук жана элге түшүнүктүү болуш керек. Кыргызстан санариптик экономика боюнча Борбор Азияда жол баштагысы келсе, эртең эл аралык коомчулуктун, донорлордун алдында кызарып, улутту уятка калтырбас үчүн көп нерсени кайра карап чыгууга, элдин чыныгы колдоосуна мажбур. Биздин эл өзүнүн жогортон берилген чоң иммунитетин жоготкон жок. Ошон үчүн дүнүйөкор, ууру, ач көз, эл журтту булгаган башкармаларын “элден айланып кеткиле”, деп алыс кууп жиберген.

Бизге эң оболу улуттун тарыхын, философиясын, Манастын духун түшүнгөн, жер сатпаган, чет мамлекетке үй салып, акча катпаган мекенчил жол башчылар керек. Адамзаттын тарыхы бул – цивилизациялардын тарыхы. Цивилизациянын так аныкталган чек арасы, башталган жана бүткөн убактысы жок. XXI кылымдын башталышы менен дүйнөлүк өнүгүүдө экономикалык, социалдык теңсиздик, экология үчүн коркунуч, алдуулардын алсыздарга агрессиясы, ошол эле учурда ар кандай интеграциялык байланыштар күчөдү. Мындан чейрек кылым мурун өзүнүн жаңы тарыхын жаза баштаган улуу көчмөндөрдүн урпактары үчүн алдыда акыр түбү белгисиз чоң сыноолор турат.

Тарыхын ташка каттаган,

Тартышкан жоодон качпаган.

Жазуусун, тилин, Манасын,

Жазбастан башка сактаган.

Теңирим колдо, кыргызды,

Тетири жолго баспаган. – демекчи бүгүн жарык көргөн ымыркай кылым программасы соңуна чыккан чейрек кылымдан соң баралына келип, көчмөн ата-бабасынын руху колдогон “Таза коомдун” таза жараны экенине сыймыктанган күнгө жеткирсин!

Маектешкен Солтон САРИЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *