Премьер-министр Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Экспортко багытталган ишканалар үчүн тоскоолдуктар болбошу керек»

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков экспортерлор жана өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Ишкердик чөйрөнүн актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоого мамлекеттик органдардын тармактык жетекчилери катышты.

Алар ветеринардык документтерди алууну жөнөкөйлөштүрүү, үчүнчү өлкөлөргө товарларды ташып өткөрүүнү жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эт азыктарын кайра иштетүүү жана эркин экономикалык аймагынын субъектиси болгон сырткы жана ички рынокко чыгаруу көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары архитектуралык кызмат көрсөтүү шарттары, жеңил өнөржай жана асем буюмдары тармактарын өнүктүрүү, жаңгак өстүрүү маселелери көтөрүлдү. Сооронбай Жээнбеков экспорттук потенциялды өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ экендигин белгилеп, ИДП курамындагы экспорт 30% түзөрүн билдирди. Премьер-министрдин айтымында, атамекендик товарларды экспорттоонун көлөмү 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча 30% өскөн. Бул 657,7 млн. АКШ долларын түзөт. «Азыркы учурда өлкөдө экспортту өнүктүрүү боюнча жаңы программа иштелип чыгууда. Ал экспортко багытталган ишканаларды каржылык жана фискалдык колдоонун мүмкүнчүлүктөрүн карайт», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Аны менен катар Өкмөт башчы ишкерлер архитектура жана энергетика тармактарындагы кыйынчылыктарга туш болуп жатканына токтолуп: «Экспортко багытталган ишканалар үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек! Өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн тиешелүү мыйзамдык базасы жана зарыл болгон айрым шарттар бар. Бирок, аны адамдык фактор токтотуп жатат. Өз милдеттерин так аткарбаган кээ бир кызматкерлер чечүүчү маселелерди кечиктирип, өлкөдөгү ишкерлер үчүн чоң кыйынчылыктарды жаратууда», – деди.

А.АКИМБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *