Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

(Башталышын бул жерден окуңуз)

 

Айткандай эле, түш оогон маалда Алымкандын уулу адегенде айылдын аяк-башына чыгып, анда-санда:

– А-апоо-оо?! – деп кыйкырып жүрдү.

– Ий, жаман өлүгүндү көрөйүн, – деди аны көргөн Асанбү чүйрүйүп. – Отузга чыкса деле акыл кирбейт го буга! Анан да каадалуу апасы бардан бетер, “апалаганын” кантесиң?! Ай, энеңдин эмчегин эмесиңби?! Дарылдабай үнүңдү басчы, кара башыңа көрүнгүр. Энеси өлүп калгансып деги эле добушунун муңкана калганын кара! Ансыз да элдин көөнү тынчыбай атканда! Келген жок энең биякка. Бар ары!

Ошондон кийин гана Тынар эсине бир нерсе түшүп кеткендей, энеси музоо аркандачу жерге келди да, бакыраң көз, кызыл музоону эш тутуп, апасы казык какканда колдонуп, кайра коюп кетчү жылмакай кара ташты башына жазданып жатып алды.

Тээ бир оокумда уйкудан чочуп тура калып, эки жагын каранды. Жанында майпаңдап жаткан музоонун да энесин сагынгандай муңкана мөөрөгөнү ого бетер ичин эңшерилтип жиберди. Апасы келип калгандай үйгө дүңкүлдөп жетип келди да, шаабайы сууп кайра чыкты. Эми ал тээ кырдагы мүрзөлөрдү карай бет алды. Жонуна кап көтөрүп, тезек чогулткан апасын ал кээде ошол жактан таап алчу. Апасы капты жерге коё салып, колун артына ала:

“Өх, белим!” – деп кайкалай калып, издеп келген уулуна ыраазы болгондой олжосун анын жонуна илип берип, эрчишип түшүп келишчү.

А бирок бүгүн бозоргон боз топурак, билинер-билинбес дөмпөйгөн мүрзөлөр, урап түшкөн эски күмбөздөр менен ар дайым шуулдап, “ырдап” турчу чийлерден башка эч кимди, эч нерсени көзүнө чалдыктыра албай койду.

– А-апа-а!! Апо-оо! – деп бир канча ирет дорулдап кыйкырганы менен жооп да уккан жок. Кээде ушул жерге келип алып, ушинтип чакырык салганында апасы кайдан-жайдан “култ” этип чыга калчу. А бирок ал уулуна жашыруун үңкүрү тууралуу айтчу эмес. Эми да так ошол апасы суурулуп чыга калчу жоон топ чийди карай беттенип, улам жакындаган сайын:

– А-апоо-оо! – деп бар добушу менен баркырады. Анын үстүнө, бул жерде аны тыйып-кысып: “Үнүңдү басчы!” – деген эч ким жок. Бирок сызылып-сыздаган шамал анын үнүн оозунан чыгары менен эле кайдадыр учуруп, жула качып кетип жатты. Ошого да ызаланып, апасынын жооп бербей, узакка жоголуп кеткенине таарынып дагы, чийдин жанында дорулдап ыйлап турду бала. Аңгыча алыстан жоон топ караан көрүндү.

Тынар элейип ошол жакты карады.

Айылга өтө турган башка ыңгайлуу жол да жок болгондуктан, жоон топ киши тоонун этегиндеги жалгыз аяк жол менен эрбеңдешип, түз эле муну карай келатышты. Тирмийе тиктеп, арасынан апасынын караанын издеп, ошолорду карай дикилдеп чуркап келатты бала.

– Жок?.. – топ караан жакындап келгенде гана баланын үмүтү үзүлүп, токтоп калды. Айылдын Абылай баштаган жалан эркектери экен. Кимдир бирөөнү көрпөчөгө салып, ортого алып көтөрүп алышыптыр.

Тынардын көзү ошо көрпөчөгө урунду.

“Апам?!” – ушинтип ойлоду уул. Апасы өлүп калып, булар көтөрүп келатышкнадай туюм келди. Жүрөгү катуу кагып, тамагы муунуп, карегин ысык жаш жаап калды. Келаткандарга жетип келди да, аларга катарлаш дикилдей басып, бирок көрпөчөнүн ичиндеги адамды көрө албай келатты.

Абылай күшүлдөп-бышылдап келаткан уландан улам: “Кудай мындай немени көрбөй, менин баламды кууратканын карабайсыңбы!” – деген менен тосуп чыкканына кичине ичи жылып келатып эле, Тынардын бара-бара уңулдагы күчөп, өпкөсү-өпкөсүнө батпай ыйлай баштаганы ага жакпай кетти.

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.