Токойчулар Айгүл гүлүн үзгөндөр боюнча тартип сакчыларына кайрылат

Токойчулар айгүл гүлүн үзгөндөр боюнча милицияга кайрылат. Бул тууралуу Баткен облустук токой чарба кызматынын башчысы Абдыкалык Кимсанов  билдирди.

Эскерте кетсек,  Айгүл гүлүн тобу менен кучактап турган кыздын сүрөтү интернет колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан болчу. Аталган гүл Кыргызстандын «Кызыл китебине» киргизилип, корукка алынгандыктан, аны үзгөн кишиге 4,5 миң сом айып пул салынат.